⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
73555

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынынын мыйзамы товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат, сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилейт, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктайт. 

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамиле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамы менен жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.


Онлайн кайрылуу