Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия жөнүндө” токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 

ТОКТОМУ

“Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия жөнүндө”

         Өлкөнүн артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүдө жашыл экономиканын ыкмаларын ишке киргизүү боюнча негиздерди түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын өнүктүрүүгө карата аракеттерди жетекчиликке алуу жана координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2377-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын негизги жоболорун натыйжалуу ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, ошондой эле жашыл экономикага өтүү маселеси боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар болгон тараптардын ишин координациялоо алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия түзсүн.
  2. Төмөнкүлөрдү бекитсин:
  3. Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
  4. Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык.
  5. Координациялык комиссиянын ишин (жашыл экономика маселеси боюнча) уюштуруу жана камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
  6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                                                 М. Абылгазиев


Тиркемелер:

Справка-обоснование.docx

Приложение 1 кыр.docx

Приложение 2 кыр.docx

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Иманкулова Жазгуль 0312620535 (+5031)
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу