“Социалдык маанилүү товарларга жана ата мекендик өндүрүштөгү товарларга соодалык үстөк баанын чектик деңгээлин белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирине талдоо ЖТТ жүргүзүү жөнүндө кабарлоо

Объявления
24 Сентябрь 2025
130


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.


1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Республиканын соода түйүндөрүндө жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, айрым соода түйүндөрүндө тамак – аш азыктарына соодалык үстөк баа 25-30 пайызга чейин жетет, бул тамак-аш азыктарынын баасынын өсүшүнө таасирин тийгизидөө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси үстүбүздөгү жылдын июлунда өткөн айга салыштырмалуу 100,6%, ал эми 2024 - жылдын декабрына салыштырмалуу 104,7 % түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында өткөн айга салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 0,6% жогорулады. Мында, кум шекерге-4,2%, күрүчкө - 1,5%, өсүмдүк майына - 1,1%,  этке - 1,1%, унга - 1,0%  баалардын жогорулашы белгиленген.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:

Соодалык үстөк бааны чектөө жолу менен бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун максаты акчалай кирешелеринин деңгээлине карабастан калктын бардык катмарына биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү товарлардын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Соода түйүндөрдө жана менчиктин бардык формаларындагы дүкөндөрдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен социалдык маанилүү азык-түлүк товарларды, ошондой эле ата мекендик өндүрүштөгү товарларды сатууда өндүрүүчүнүн (же Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн социалдык маанилүү товарлардын импорттоочунун) сатуу баасынан 5%дан ашпаган соода үстөгүн белгилөө сунушталат.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү);

Мамлекеттик жөнгө салуу-социалдык маанилүү товарларга карата колдонулуучу объективдүү зарылчылык-бул социалдык коргоону камсыз кылуу.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Жөнгө салуунун бул варианты кабыл алынган учурда ишкердик чөйрөдө нааразычылыктар болушу мүмкүн. Тобокелдиктерди чечүү жолу - калкка тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

Республиканын аймагында катталган азык-түлүк товарларын сатуучу бардык субъекттери.

6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Токтом долбоорун кабыл алуу потенциалдуу даректерге кошумча чыгымдарды алып келбеши керек.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Токтом долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.


Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:

- аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.


Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу


- почта дареги 

720040, Бишкек ш., Абдумомунов көч, 207

Монополияга кары саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана баа түзүү башкармалыгы

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

10-октябрь 2025

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

12-октябрь 2025-ж.


Онлайн обращение