Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 24-августу № 441

Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын6-беренесинишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын10жана17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүүтартибитиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүүтартибинбекитүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүүтартибинбекитүү тууралуу"токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 77 (3041) жарыяланды


Премьер-министр

К.А. Боронов


Онлайн кайрылуу