КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө Долбоор

Экспорттук контролдоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарына шайкеш келтирүү жана экспорттук контролдоонун кыйла натыйжалуу системасын түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 13-беренелерине, “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Тиркелген Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмеси бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 “Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 597 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Дуйшеева Ж. З. - экспорттук контролдоо секторунун башчысы тел.: 65 05 35 +275 +996 772 51 71 08
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу