Адал индустриясы жөнүндө маалымат

        Адал бул кепилдик сапаттын глобалдык символу, ошондой эле жашоо образы катары, көбүнчө саны 1,7 млрд. болгон жаш мусулмандардын, жер шаарынын калкына караганда эки эсе тезирээк өсүп келе жаткан калктын тандоосу.

           Эл аралык Валюталар Фонду инвестициялардын кыскарышына жана калктын улгайышына байланыштуу дүйнөлүк экономиканы "узак стагнацияга" кирип жатат деп мүнөздөсө, адал-индустрия 21-кылымда ийгиликтин жана глобалдык экономиканын өсүшүн, айрыкча жашоого мүмкүнчүлүк чечимин сунуштап, дүйнөлүк экономикага карата кескин контрастта турат.  

Адал жана адал-индустриясы деген эмне?

            Адал (араб. уруксат берилген) - "исламдагы баардык уруксат берилген нерселер".

Ошентип, адал-индустрия - бул ислам өкүмдөрүнө дал келген, өз ыктыяры менен экономикалык иш жүргүзгөн өнөр жайлардын (адал тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын, адал туризм, адал мода, адал медиа, адал-дары дармектер, адал косметикалык каражаттар жана башкалардын) жыйындысы.

Кыргызстандагы адал-индустрия.

            Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын калкынын 80 пайызын мусулмандар түзөт, азык-түлүк рыногунда адал азыктарына суроо-талап жыл сайын өсүп жатат. Калктын негизги бөлүгүнө абдан популярдуу болгон, "халал" энбелгисин колдонгон коомдук тамак-аш мекемелеринин саны көбөйүүдө.

           Адал индустрия биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын экономикасына кошумча инвестицияларды тартуу жана чет өлкөлөргө анын экспорттук потенциалын арттыруу мүмкүнчүлүгүн түзөт, анткени адал-индустрия, өндүрүшкө капиталды мобилизациялап, экономиканын реалдуу секторун инвестиция менен камсыз кылууга багытталган.

            Кыргыз Республикасында адал продукциялары азык-түлүк рыногунда өнүгүүнүн алгачкы стадиясында турат, бирок керектөөчүлөр "халал" энбелгиси бар буюмдарга көңүл бура башташты.

Адал-индустрия чөйрөсүндөгү министрликтин иш-аракеттери

Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча министрлик:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

2. Өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү жана буюмдарды сактоо боюнча Малайзиянын жана Түрк стандарттарына (SMIIC) окшош адал стандарттары кабыл алынды.

3. Адал-индустрия чөйрөсүндөгү УЧА иштелип чыкты.

4. "Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү" жумушчу тобу түзүлдү.

Ченемдик база

  • “Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясы” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы №385 токтому менен бекитилген;
  • 2017-2020-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №194-б буйругу менен бекитилген;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү “Адал” стандарттарына шайкештигине ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын жүргүзүү жана ишке ашыруу тартиби, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы №554 токтому менен бекитилген.



















Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу