Техникалык жөнгө салуу жана стандарттар боюнча иштерди координациялоо
6672

Техникалык жөнгө салуу - продукцияга же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптары жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу, жана шайкештикти баалоо жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу.

Техникалык жөнгө салуу – ата мекендик продукциялардын атаандаштыгын жөндөмдүүлүгүн жогорлатуу, өнөр жайды модернизациялоо, продукциянын жана анын өндүрүү процесстерин коопсуздугун камсыздоо боюнча бир артыкчылык багыт.

            Коопсуздук боюнча милдеттүү талаптары техникалык регламенттерде белгиленет. Башка ар кандай мүнөздөмөлөр - ыктыярдуу колдонуучу документтерде – стандарттарда.

            Техникалык регламенттерди кабыл алуу коопсуздуктун зарыл дэңгээлин камсыз кылат.

Техникалык регламент – ченемдик укутук акт, ал продукцияга жана/же долбоорлоо, өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, колдонуу, утилдештирүү процесстерине карата милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптарды, ошондой эле белгиленген милдеттүү талаптарга алардын шайкештигин баалоо формаларын жана жол-жоболорун белгилейт.

            Бүгүнкү күндө техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү иштер Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү планына ылайык (Евразия экономикалык комиссиясынын 2014-жылдын 1-октябрындагы №79 чечими) жүргүзүлүп келет.

Планга ылайык 45 ББ/ЕАЭБ техникалык регламентти иштелип чыкан жана кабыл алынган, 14 ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттинин долбоору иштелип чыгууда.

ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттери бирдиктүү бажы территориясында түздөн түз күчкө ээ.  Алар күчүнө киргенде улуттук техникалык регламенттер күчүн жоготот.

Продукциянын рынокго чыгышы жеңилдетилет, бирдиктүү шайкештик документтер колдонулат.

Техникалык регламенттин күчү дээрлик баардык экономика тармагына жайылтылат: тамак аш (алкоголдук, ичүүчү суу, канаттуулар эти, тоют жана тоюттар кошумчалар), жеңил, химиялык, оор машина куруу, электро магниттик шайкештиги жабдуулардын приборун иштөө бөлүгүндө коопсуздугун камсыз кылуу (жогорку кубаттуулуктагы, энергетикалык натыйжалуулугуна), имараттардын жана курулмалардын, курулуш материалдарынын жана буюмдарынын, энергия булактарынын (газ, мунай, түтүктөрдүн үчүн мунай жана газ)

Башкача айтканда техникалык регламент рынокто айланып жаткан  70 % продукцияга жайылтылат.

Негизги максаты:

  • өндүрүүчүгө административдик басымды азайтуу жана ашыкча ведомстволук жөнгө салууну жоготуу;
  • соода да тоосколдуктарды азайтуу;
  • коркунучтуу продукциядан керектөөчү рынокту натыйжалуу коргоо;
  • продукциялардын конкурентүүлүгүн жогорлатуу








Укуктук база 

- 2004 – жылдын 22- майы № 67 Кыргыз Республикасынын мыйзамы “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө”

- 2011-жылдын 27-июну №57 Кыргыз Репсубликасынын мыйзамы "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" Техникалык регламенти;

- 2011-жылдын 30-майы № 34 Кыргыз Республикасынын мыйзамы "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент

              - 2010-жылдын 29-январы № 18 Кыргыз Репсубликасынын мыйзамы "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти;

           - 2011-жылдын 29-ноябры №224 Кыргыз Репсубликасынын мыйзамы"Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент;

- 2006-жылдын 4-августу № 565 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому “Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;

- 2017-жылдын 29-марты № 184 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасында Бажы союзунун/Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө;

- 2013-жылдын 5-апрели № 173 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу;

- 2010-жылдын 2-августундагы № 143 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Тез курулуучу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштагы имараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент;

- 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 Кыргыз Республикасынын токтому "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө";

- 2011-жылдын 23-сентябры № 587 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Көтөрүүчү-транспорттук жабдуунун жана аны пайдалануу процессинин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу;

- 2012-жылдын 26-майы № 320 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Дарыканаларда даярдалган дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу;

- 2012-жылдын 1-февралы № 74 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу;

2012-жылдын 25-сентябры № 646 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын коопсуз сактоо жана фармацевттик уюмдардын санитардык режими жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу;

- 2012-жылдын 20-ноябры № 779 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Суу, газ, электр жана жылуулук энергиясын эсептегичтердин коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу;

- 2013-жылдын 5-марты № 113 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Медициналык имплантаттардын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу;

- 2013-жылдын 18-марты № 136 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

"Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу;




  • 2013-жылдын 15-июлу N 414 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

"Жыгач иштетүү продукцияларынын коопсуздугу" техникалык регламенти жөнүндө;

      -    2013-жылдын 5-августу № 444 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу;

- 2014-жылдын 17-марты № 139 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Чанда учуроочу унаа каражаттарынын жана конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген автоунаа каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Техникалык регламентин бекитүү тууралуу



Техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатындагы ЕАЭБ алкагындагы актылар

http://www.eurasiancommission.org/ru/act/texnreg/deptexreg/tr/Pages/default.aspx




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу