Кыргызстанда бизнести кантип каттоого болот?
64100

Кыргызстанда бизнести кантип каттоого болот?


ЖИН деген эмне?


Алгач ЖИН – жеке идентификациялык номерин алуу керек. Ал ИСН – идентификациялык салык номери катары колдонулат. ЖИНди кичи КТБдан башка бардык Калкты тейлөө борборлорунан алса болот.


Жеке жактар үчүн ЖИН


Эгер сиз «санариптик көчмөн» макамына ээ болсоңуз, анда сизге ЖИН автоматтык түрдө ыйгарылган, андыктан аны кайра алуунун зарылчылыгы жок. Калган учурларда паспортуңуздун мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилдерине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен КТБга кайрылыңыз.


Юридикалык жактар үчүн ЖИН


Жеке идентификациялык номер кызматкерлерге юридикалык жактын жетекчисинин арызынын негизинде ыйгарылат. 


Канча убакыт талап кылынат?

 

Каттоо үчүн үч күндөн эки жумага чейин керектелет. Мөөрдү жасоого өз алдынча уруксат алууну чечсеңиз, эки жума талап кылынат. Ал эми фирма аркылуу жасасаңыз, үч күндөн бир жумага чейин убакыт кетет.



Ишкердикти жүргүзүү үчүн да талап кылынышы мүмкүн болгон кадамдар бар. Аларга төмөнкүлөр кирет:

✅ Мөөрдү даярдоо: ЖЧК үчүн мөөр талап кылынат; ЖИ үчүн талап кылынбайт, бирок каалоо боюнча жасалышы мүмкүн; патенттер үчүн талап кылынбайт;

✅  Лицензиялоо (ишкердиктин айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн ишкерлердин лицензиясы талап кылынат, мисалы, адвокаттык ишмердүүлүк);

✅  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда каттоодон өтүү; (социалдык фонддо каттоо салык органдарында жүргүзүлөт)

✅ Банкта эсептик бетэсебин ачуу (бул кадам да ишкердин каалоосу боюнча аткарылат, эгерде ишкер накталай эмес формада төлөмдөрдү жүргүзө турган болсо, эсептик бетэсеп ачуу сунушталат).


ЖЧКны каттоо


ЕАЭБ жарандары үчүн да, үчүнчү өлкөлөрдөн келгендер үчүн да акционердик коомдорду (АК), филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, жоопкерчилиги чектелген коомдорду (ЖЧК) каттоонун тартиби бирдей. Каттоо үчүн документтердин белгиленген тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылуу керек.

 

Уюмду мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин 15 күндүн ичинде салык органына келип, тандалган салык режимин билдирбесеңиз, аймактык салык органы сиздин уюм үчүн жалпы салык режимин аныктайт. № 25 формаcы – салык төлөөчүнүн каттоо картасы толтурулат, анда пайда салыгы, сатуу салыгы жана КНС көрсөтүлөт. Бул салыктарды каттоо юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн күнгө туура келет.


Документтердин тизмеси


1. Атайын формадагы каттоо арызы (арызды документтерди каттоого тапшырып жатканда ала аласыз).

2. Жоопкерчилиги чектелген коомду түзүү жөнүндө чечим. Чечимдин үлгүсүн Юстиция министрлигинин сайтынын (http://minjust.gov.kg) «Юридикалык жактарды каттоо» бөлүмүнөн №2 тиркемени табууга болот.  

3. Уюштуруучунун (жеке жактын) паспортунун мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен көчүрмөсү.

4. Уюштуруучунун (юридикалык жактын) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (жергиликтүү юридикалык жак болгон учурда).

5. Уюштуруучунун (юридикалык жак) статусун күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган мыйзамдаштырылган көчүрмөсү (чет өлкөлүк юридикалык жак болгон учурда). Бул көчүрмөнү тапшыруу мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.

6. Уюштурулуп жаткан ЖЧКнын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсүнүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.


ЖЧКны түзүүдө дагы эмнени билишиңиз керек?


🔹 ЖЧКнын аталышы башка юридикалык жактын аталышы менен окшош болбоого тийиш. Аталышты Юстиция министрлигинин расмий сайтынан (http://minjust.gov.kg) юридикалык жактардын жана филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин издөө системасы аркылуу текшерүүгө болот.

🔹 ЖЧК үчүн уставдык капиталдын минималдуу жана максималдуу өлчөмү аныкталган эмес.

🔹 Катышуучулардын саны 1ден 30га чейин болушу мүмкүн.

🔹 ЖЧК жалгыз катышуучу катары бир адамдан турган башка чарбалык коомго ээ боло албайт.

🔹 Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет.

🔹 Чет өлкөлүк катышуу бар ЖЧК Юстиция министрлигинде катталат, чет өлкөлүк катышуусуз – аймактык юстиция органдарында.


✅ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

Документтерди кабыл алуу күн сайын 9:30~14:00

Каттоо 407 сом + бланктардын баасы

Каттоо мөөнөтү документтерди каттоочу органга берилген күндөн тартып 3 күн

Документтерди берүү күн сайын 14:00~17:00


✅ Ишкерлерди тейлөө борбору: Бишкек ш. Ибраимов к., 152 (мурдагы «Эльдорадо» бизнес борборунун имараты, 2-кабат)

Иш убактысы 09:00~18:00

Ишемби жана жекшемби күндөрү ИТБ жабык.


Күбөлүктүн негизиндеги жеке ишкер


Жеке ишкер (ЖИ) күбөлүк менен катталса болот. Жеке ишкер салык режимин тандоодо чектелбейт, ЖИ жалпы режимди же бирдиктүү салыктын негизиндеги атайын салык режимин колдоно алат. Атайын салыктарга төмөнкүлөр кирет:

- патенттин негизиндеги салык

- бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы

- эркин экономикалык аймактардагы салык режими

- Жогорку технологиялар паркындагы салык режими

- майнинг үчүн салык

- электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык

Бирдиктүү салыктын негизиндеги режим кеңири таралган болуп саналат, мында салык төлөөчү салыкты иштин түрүнө жараша төмөнкү өлчөмдөрдө төлөйт:

а) айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү үчүн, өндүрүш чөйрөлөр үчүн, соода үчүн

- 4 пайыз - накталай түрдө

- 2 пайыз - накталай эмес түрдө

б) башка иш-чаралар үчүн

- 6 пайыз - накталай түрдө

- 4 пайыз - накталай эмес түрдө

Коомдук тамактануу, сауна, бильярд жана мончо кызматтарын көрсөткөн салык төлөөчү 8 пайыз салык төлөйт.

Тигүү жана/же текстиль өндүрүшүнүн субъекти 2027-жылдын 1-январына чейин 0,25 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.

Калкка товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу жеке ишкер төмөнкү ставкалар боюнча салык төлөйт:

- 2022-жылы - 0 пайыз

- 2023-жылы - 1 пайыз

- 2024-жылы - 2 пайыз

- 2025-жылдан баштап бирдиктүү салыктын жалпы белгиленген ставкалары боюнча


Эгерде сиз чет өлкөнүн жараны болсоңуз, жеке ишкер катары каттоодон өтүү үчүн ички иштер органдарында катталган жериңиз боюнча статистика органдарына кайрылышыңыз керек. Эгерде сиз «Санариптик көчмөн» макамына ээ болсоңуз, анда статистика органдарында каттоодон өтүүнүн кажети жок.


Салык органдарында каттоо


Сиз жашаган жериңиз боюнча салык органына паспортуңуздун көчүрмөсүн алып барышыңыз керек, ошондой эле №163 белгиленген формадагы арыз жазуу керек.

 

Өзүңүз менен төмөнкү документтерди ала келишиңиз керек:

- Паспорттун эки нускадагы көчүрмөсү (бардык паспорттун көчүрмөсүн жасоонун кажети жок, жеке маалыматтары жана каттоосу бар барактардын гана көчүрмөсүн жасоо жетиштүү болот);

- Жашаган жериңиз боюнча каттоо

 

Күбөлүктүн негизинде жеке ишкер катары катталуу үчүн кандай документтер керек?


Күбөлүктүн негизинде жеке ишкер катары катталуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:


- ЖИН

- Жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө күбөлүк

- Мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен паспорт

- Толтурулган №163 формасы.


Патенттин негизинде жеке ишкер


Мыйзамдуу түрдө ишкердик менен алектенүү үчүн мамлекеттик салык органында жеке ишкер катары катталбай коюуга болот. Иштин белгилүү бир түрүн ишке ашыруу үчүн патент алуу жетиштүү. Бул сиздин ишмердүүлүгүңүз туруктуу эмес, мезгилдүү болгон учурда өзгөчө ыңгайлуу. Жөнөкөйлөтүлгөн патенттик системага ылайык отчёттуулук талап кылынбайт. Иштин ар бир түрүнө өзүнчө патент берилет. Ошондой эле патентке негизделген эки же андан көп ишмердүүлүктү ашырып жаткан жайларыңыз болгон учурда (пункттар/бюролор жана башка жерлер); анда бул жерлердин ар бирине патент алыш керек. Патент ал берилген аймактын территориясында гана жарактуу.


Патенттин негизинде жеке ишкер катары кантип катталса болот?

 

Патентти алуу үчүн алгач ишкердик менен алектене турган аймактагы мамлекеттик салык инспекциясына кайрылуу керек.


Мамлекеттик салык инспекциясынан ККМ (контролдук-кассалык машиналарды) бөлүмүн табышыңыз керек; накталай жана башка төлөмдөр. Бөлүмдүн кызматкеринен ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүнө патенттин баасын биле аласыз.


Андан кийин кассага барып, патент үчүн белгилүү бир сумманы төлөп, төлөмдүн квитанциясын алыңыз.


Патенттин негизинде жеке ишкер катары катталуу үчүн кандай документтер керек?


Патенттин негизинде жеке ишкер катары катталуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:


- ЖИН 

- Жашаган жер боюнча каттоо жөнүндө күбөлүк

- Мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен паспорт.

- Толтурулган №163 формасы


Патенттин негизинде ЖИни каттоо канча турат?


Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасына 5ке барабар коэффициент колдонулбайт.


Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн башка чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициентти колдонуу сакталат.


Ишкердик иш-аракетти токтотуу


Жалпы салык режиминин негизиндеги ЖИ жана ЖЧКлардын ишкердик иш-аракетин токтотуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлүүгө тийиш:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ишкердик иш-аракетин токтотуу жөнүндө билдирүү тапшыруу керек (ЖИге тиешелүү эмес) 

- Салык органдарына ликвидациялык отчетторду тапшыруу керек

- Салык органдарына жоюу (ликвидация) арызын тапшыруу керек. Арыз 10 жумуш күндүн ичинде каралат. Белгиленген ликвидациялык текшерүүнүн алкагында бардык талап кылынган отчёт жана документтерди салык органдарына тапшыруу тийиш.

- Мөөрдү жок кылуу үчүн катталган аймак боюнча РИИБге кайрылуу керек.

- Керектүү документтердин тизмесин мамлекеттик архивге тапшыруу керек.

- Жоюу жөнүндө арызды уюштуруу документтер жана салык органдарынан алынган күбөлүктөр менен бирге Юстиция министрлигине тапшыруу керек. Карап чыгуу мөөнөтү – 10 жумуш күн (ЖИге тиешелүү эмес)

- Юстиция министрлигинен жоюу Буйругун алгандан кийин, аны салык органдарына тапшыруу керек (ЖИге тиешелүү эмес)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу