Ишкерлерди тейлөө борбору (ИТБ)
29673

Бул кызмат эмне үчүн керек?

ИТБда Бишкек шаарындагы ишкерлер консультация жана мамлекеттик кызматтарды тез жана толук ала алышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 13 мамлекеттик кызматтын жана 3 банктын кеңсесине барбастан, бардык маселелерди бир жерден чечсе болот. Бишкек шаарындагы каалаган ишкер борбор менен телефон аркылуу байланышып, консультациялык колдоо ала алат. Ишкерлер ошондой эле иш-чараларды уюштуруу үчүн толук жабдылган 40 орундуу конференц-залды пайдалана алышат.

Ким пайдалана алат?

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында бизнесин каттаган ишкерлер. Ишкердин жарандыгы жана статусу маанилүү эмес. Борбор райондук салык органында катталган жерине карабастан ишкерлердин бардыгын тейлейт.

ИТБ кайда жайгашкан?

ИТБ Бишкек ш., Ибраимов к., 152 (мурдагы «Эльдорадо» бизнес борборунун имараты, 2-кабат). Маалыматты тактоо, кеңеш алуу же конференц-залды алдын ала ээлөө үчүн кийинки телефон номерлерине кайрылыңыз: +996 (990) 90 40 09, +996 (312) 88 00 16, +996 (701) 70 80 70.


Иш убактысы

ИТБ иш күндөрү стандарттык режимде иштейт: 9:00~18:00, түшкү тыныгуу 12:30~13:30.
ИТБ ишемби жана жекшемби күндөрү иштебейт.

Кандай кызматтар көрсөтүлөт?

Ишкерлерди тейлөө борбору төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

✅  Юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, жеке ишкерлерди каттоо, кайра каттоо, алардын иш-аракетин токтотууну каттоо 

✅  Салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду, эсептөөлөрдү жана декларацияларды кабыл алуу

✅  Банк эсебин ачуу үчүн салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бажы төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкаттарды берүү

✅  Лицензия жана уруксаттарды берүү

✅  Укук белгилөөчү документтерди, мамлекеттик реестрлерден жана ведомстволук маалымат базаларынан көчүрмөлөрдү берүү

✅  Бизнес ачуу жана жүргүзүү, продукцияны экспорттоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу боюнча маалымат-консультациялык кызматтарын көрсөтүү

✅  Финансы-насыялык, камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу, насыялоо, лизингдик операциялар боюнча кызматтарын көрсөтүү жана «Кепилдик фонд» ААК консультациялары


ИТБда кандай мамлекеттик, коомдук жана коммерциялык уюмдар бар?

✅ Салык кызматы

✅ Юстиция министрлиги

✅ Саламаттыкты сактоо министрлиги

✅ Бажы кызматы

✅ Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы

✅  Кыргызпатент

✅  Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги 

✅ Баалуу металлдар департаменти

✅ Тышкы миграция департаменти

✅ Тышкы соода чөйрөсүндө «Бирдиктүү терезе борбору» МИ

✅ Ишкердикти өнүктүрүү фонду

✅ «Кепилдик фонду» ААК

✅ «Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы» ААК

✅ «Айыл Банк» ААК

✅ «Керемет Банк» ААК

✅  «РСК Банк» ААК


Кыргызстандын башка аймактарында ИТБлар барбы?

Азырынча ИТБ Бишкек шаарында гана ачылган, келечекте өлкөнүн башка ири шаарларында борборлорду ачуу пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу