Санариптик көчмөн макамы
176245

Кыргызстанда Digital nomad жөнүндө ченемдик жоболор кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») макамы жана аны бир катар мамлекеттердин жарандарына ыйгаруу тартиби жөнүндө пилоттук долбоор тууралуу» жобону кабыл алды. «Санариптик көчмөн» макамы – каттоосуз жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/ жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү, ошондой эле жеке идентификациялык номери (ЖИН) жөнүндө маалыматтарды камтыган бир катар мамлекеттердин жарандарынын убактылуу укуктук макамы. Жобо 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.


«Санариптик көчмөн» («Digital nomad») макамынын ээси:

✅ Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жеринде катталуу милдетинен бошотулат;

✅ иштөөгө уруксат алуудан бошотулат;

✅ жеке идентификациялык номерди (ЖИН) автоматтык түрдө алат;

✅ бир жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 12 айга иштөөгө уруксат алат; 

✅ Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды (филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер же юридикалык жак катары иштөөгө укуктуу;

✅  юридикалык жактын каттоосун демилгелөөгө укуктуу;

✅  Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө катталбастан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында эсептерди ачууга жана колдонууга укуктуу.


Төмөнкү чөйрөлөрдө иш алып барган жарандар «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») макамынын ээси боло алышат:

✅ Программалык камсыздоону иштеп чыгуу,  маалыматтык системаларды жана программалык продуктуларды талдоо, долбоорлоо жана программалоо, колдонуучулардын маалыматтык муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн талдоо;

✅ Программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу, жеткирүү жана документтештирүү, коюлган маселе боюнча колдонуучу тарабынан программалык камсыздоого өзгөртүүлөрдү киргизүү; 

✅ Маалыматтык технологияларды, маалыматтык системаларды жана программалык камсыздоону экспорттоо;

✅ Санариптик искусство менен кошо медиа-искусство, виртуалдык жана кошумчаланган реалдуулукту, аралаш реалдуулукту түзүү,  3D-дизайн;

✅ Анимация, графикалык дизайн, мультимедиа дизайны;

✅ Программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект;

✅ Компьютердик жана мобилдик оюндарды, киберспортту түзүү;


Кайсы мамлекеттердин жарандары «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») макамын алууга талапкер боло алышат?

✅ Азербайжан Республикасы

✅ Армения Республикасы

✅ Беларусь Республикасы

✅ Казакстан Республикасы

✅ Молдова Республикасы

✅ Россия Федерациясы


Арыз тапшыруу тартиби


✅ Изденүүчү https://ework.e-gov.kg жумушка уруксат берүү боюнча электрондук кызматтар сайты аркылуу «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») статусун алуу үчүн арыз берет жана анкетаны толтуруп, андан кийин документтерди эмгек жана ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга тапшырат.


✅ «Санариптик көчмөн» (“Digital nomad”) макамын ыйгарууга  арыз  Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары – ТМЭБС) тарабынан кароого кабыл алынат. ТМЭБС – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жактардын жана транспорттук каражаттардын кирүүсүн/чыгуусун, чет өлкөлүк жарандарга виза жана Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашап туруу укугун берүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында алардын барган (жашаган) жеринде катталуусун эсепке алуу жана контролдоо боюнча маалыматтык система.

✅ Арыз ээсинин анкетасында каталар табылса же ушул Жобонун 9-пунктунда каралган керектүү документтер жок болсо, «Санариптик көчмөн» (“Digital nomad”) макамын ыйгарууга арыз каталарды, так эместиктерди жоюу же арызды бардык керектүү документтер менен толуктоо үчүн арыз ээсине кайтарылат. Мында кайра берилген анкета арыз ээсине 2 жумуш күндөн кеч эмес жооп жөнөтүү менен кечиктирилбестен каралууга тийиш.


Арызды карап чыгуу мөөнөтү

«Санариптик көчмөн» (“Digital nomad”) макамын ыйгарууга арызды карап чыгуу мөөнөтү 3 жумуш күндү түзөт.


Акы төлөмү

Макамды ыйгаруу үчүн акы алынбайт. «Санариптик көчмөн» макамынын ээси 1 жылга виза алуу (1 жылдык мөөнөткө чейин көп жолку виза – $225), иштөөгө уруксат алуу (10-20 миң сом), убактылуу жашаган жеринде каттоодон өтүү милдеттеринен бошотулат. Ошондой эле автоматтык түрдө ЖИН ыйгарылып, Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматында жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кызматтарды алат.


Арызды кароо үчүн керектүү документтердин тизмеги:

✅ бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө шайкеш келген, ыйгарым укук берилген органдар тарабынан тийиштүү түрдө таризделген жана бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, арыз ээсине тиешелүү жана жасалмасы жок өздүгүн тастыктоочу документ; арыз ээсинин документтери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине (орусча) которулууга тийиш. Котормонун тактыгы жана котормочунун койгон колунун аныктыгы эмгек жана жумуштуулук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тутумдарынын негизинде нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

✅ санариптик фотосүрөт (сүрөт даана болушу, бети жана ийиндеринин жогорку жагы толугу менен сүрөткө батышы, сүрөткө түшүүчү камерага тике карашы керек); 

✅ кирешелери жөнүндө көчүрмө (арыз берген күндөн мурунку күнгө чейин бир жыл ичиндеги контракттар боюнча аткарылган кызмат көрсөтүүлөр үчүн кирешелер жөнүндө банктан көчүрмө) же 2021-2022-жылдар мезгилинен баштап жаңы түзүлгөн келишимдин, эмгек контрактынын же кызмат көрсөтүү жөнүндө жана/же ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык алдыда боло турган жумуш жана тейлөө кызматтарын аткарууга келишимдин көчүрмөлөрүн камтыйт.


Төмөнкү жактар арыз берүүчү боло алышпайт: 

✅ тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаса;

✅ мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний кастыкты тутантса; 

✅ Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына каршы чыгып, анын аймагынын бирдиктүүлүгүн жана бүтүндүгүн бузууга чакырып жатса;

✅ террористтик же өлтүрүү үчүн соттолгон болсо;

✅ анкетада өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берсе;

✅ жоюлбаган соттуулугу бар же тергөөдө болсо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу менен шартталган башка учурларда. 

Чет өлкөлүк жаранга «Санариптик көчмөн» (“Digital nomad”) макамын берүүдөн баш тартылган учурда эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине маалымдайт же анкетада көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине ушул Жобонун тиркемесине ылайык электрондук көчүрмөнү жөнөтөт. 


«Санариптик көчмөн» (“Digital nomad”) макамынын берилген түрү

«Санариптик көчмөн» (“Digital nomad”) макамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасында катталган бул электрондук документке шилтемеси бар атайын QR кодуна ээ болгон электрондук документ түрүндө берилет.

Чет өлкөлүк жаран «Санариптик көчмөн» (“Digital nomad”) макамын алганда  зарылчылыгына жараша документти кагазга чыгарып алат. 

Ошол эле учурда басып чыгарылган документтин QR-кодун сканерлөө жана документти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасы боюнча текшерилиши мүмкүн.


Үй-бүлөнү чогуу алып кирүү мүмкүнчүлүгү

Эгер арыз ээсине макам ыйгарылган болсо, анын жакын туугандары (жолдошу/ жубайы, бойго жетпеген балдары, ошондой эле анын карамагындагы жана багуусундагы башка жактар) Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана жашоо үчүн тиешелүү уруксат берүүчү  документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алууга укуктуу. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу