КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-сентябры № 464
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын10жана17-беренелерине, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын10-беренесинеылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунунтартибитиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 401 "Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунунтартибинбекитүү жөнүндө"токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"токтомунун6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө"токтомунун2-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М. Абылгазиев |