"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2012-жылдын 27-сентябры N 664

"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы N 658, 2015-жылдын 2-мартындагы № 89, 2015-жылдын 7-декабрындагы № 839, 2017-жылдын 9-февралындагы № 85, 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Положение о порядке проведения поверки средств измерений в КР.doc, 1-тиркемеге ылайык;

- Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө Положение о порядке изготовления, применения и хранения поверительных клейм_1.doc, 2-тиркемеге ылайык;

- Текшерилүүгө тийиш болгон ченөө каражаттарынын тизмеси жана ченөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү, 3-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 5-октябрында N 88 жарыяланды


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Ж.Сатыбалдиев




3-тиркеме

Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн
МЕЗГИЛДҮҮЛҮГҮ

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 839, 2017-жылдын 9-февралындагы № 85, 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Ченөө каражаттарынын аталышы

Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү

Эскертүү

1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө

1

Сүт, вино жана вино материалдары үчүн автоцистерналар

Жылына 1 жолу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу, кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык

2

Мунай продуктулары үчүн автоцистерналар

Жылына 1 жолу

3

Отун жана май таркатуучу колонкалар

Жарым жылда 1 жолу

4

Мунай, мунай продуктулары үчүн эсептегичтер

Жылына бир жолу

5

Мунай продуктулары үчүн резервуарлар

5 жылда 1 жолу

6

Суюлтулган газды таркатуучу колонкалар

Жарым жылда 1 жолу


7

Суюктуктун жана газдын чыгым ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


8

Ротаметрлер

Жылына 1 жолу


9

Дозаторлор:



Пипеткалык

Жылына 1 жолу


Поршендик

Жылына 1 жолу


10

Сүт өлчөгүчтөр

Жылына 1 жолу


11

Суусундуктарды чыгаруу үчүн чендер (айнектен жасалган)

Өндүрүштөн чыкканда


12

Суюк азыктардын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары

Жарым жылда 1 жолу


13

Спирт жана башка өнөр жай суюктуктары жана азыктар үчүн эсептегичтер

Жылына 1 жолу


14

Аспираторлор

Жылына 1 жолу


15

Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык)

Жылына 1 жолу


16

Суюктукту чыгаруу үчүн чендер (металлдан)

Жылына 1 жолу


17

Сыйымдуулук чендери (айнектен)

Өндүрүштөн чыкканда


18

Көчмө чендер

Жылына 1 жолу


19

1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык)

2 жылда 1 жолу


20

Өнөр жай суу эсептегичтери

Жылына 1 жолу


21

Тиричиликтик суу эсептегичтери

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


22

Өнөр жай жылуулук эсептегичтери

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


23

Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


24

Өнөр жай газ эсептегичтери

Жылына 1 жолу


25

Тиричиликтик газ эсептегичтери

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


26

Түтүгү жука суу агызгычтар:




- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар:

бети бетондолгон;

5 жылда 1 жолу



нугу топурак болгон каналда курулат

3 жылда 1 жолу



- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай. Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (суу каптап кеткен, чөп басып кеткен) кийин алар суунун алдында калышы мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон;

3 жылда 1 жолу



нугу топурак болгон каналда курулат

2 жылда 1 жолу


27

Түп босоголуу суу агызгычтар:




- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар:

бети бетондолгон;

4 жылда 1 жолу



нугу топурак болгон каналда курулат

3 жылда 1 жолу



- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (суу каптап кеткен, чөп басып кеткен) кийин алар 0,75тен жогору болушу мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон;

3 жылда 1 жолу



нугу топурак болгон каналда курулат

2 жылда 1 жолу


28

Чыгым ченегич ноолор:




- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар:

бети бетондолгон;

3 жылда 1 жолу



нугу топурак болгон каналда курулат

2 жылда 1 жолу


29

Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер:

- бьефтин жогору жагында суунун агымынын режими - жай, кошумча коюлган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суунун агымы суунун астынан өтөт, курулманын айланасында ири фракциялардын суу менен агып келүүчү агындылары чогулбайт

3 жылда 1 жолу


30

"Белгиленген нук" тибиндеги чыгым эсептегичтер;




- каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, суу эсептегич курулмалар:

бети бетондолгон;

5 жылда 1 жолу



нугу топурак болгон каналда курулат

3 жылда 1 жолу



- каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шарттарына жараша (суу басып кеткен, чөп басып кеткен) суу эсептегич курулмалар:

бети бетондолгон;

3 жылда бир жолу



нугу топурак болгон каналда курулат

2 жылда 1 жолу


31

Кол, табак анемометрлери (бардык типте)

Жылына 1 жолу


32

Индукциялык анемометрлер (бардык типте)

Жылына 1 жолу


33

Канатчалуу анемометрлер (бардык типте)

Жылына 1 жолу


34

Метроштоктор

Жылына 1 жолу


35

Лоту бар рулеткалар

Жылына 1 жолу


36

Узундуктун штрихтүү, анын ичинде брустуу чендери

Жылына 1 жолу


37

Шахта интерферометрлери

Жарым жылда 1 жолу


38

Деңгээл чендери

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


39

Булгаары ченөөчү машиналар (булгаары калыптарынын жана үлгүлөрүнүн аянтын ченөөчү машиналар)

Жылына 1 жолу


40

Булгаары ченөөчү калыптар

Жылына 1 жолу


41

Кездеменин узундугун ченөөчү машиналар жана үстөлдөр

Жылына 1 жолу


42

Контролдук электер

Жылына 1 жолу


43

Контролдук жол калыптар

Жылына 1 жолу


44

Теодолиттер

Жылына 1 жолу


45

Камералуу жана камерасыз диафрагмалар

Жылына 1 жолу


46

Суу агымынын ылдамдыгын ченегичтер

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


47

Суу агымынын ылдамдыгын ченегичти текшерүүчү түзүлүштөр

2 жылда 1 жолу


48

Суунун деңгээлин ченегичтерди текшерүүчү түзүлүштөр

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


48-1

РУГ тибиндеги деңгээл ченөөчү гидромелиоративдик рейкалар

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


48-2

Электрондук корректорлор-газ эсептегичтер

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


48-3

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

48-4

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Механикалык чоңдуктарды ченөөлөр

49

Клейковинанын деформациясын ченегич

Жылына 1 жолу


50

Маятниктүү копрлар

Жылына 1 жолу


51

Салмак ченөөчү приборлор, түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


52

Гирялар

Жылына 1 жолу


53

Бардык типтеги динамометрлер

Жылына 1 жолу


54

Динамометрлик ачкычтар

Жылына 1 жолу


55

Сыноочу машиналар

Жылына 1 жолу


56

Гидравликалык пресстер

Жылына 1 жолу


57

Бардык типтеги катуулукту ченөө приборлору

Жылына 1 жолу


58

Пуркалар

Жылына 1 жолу


59

Секунда ченегичтер

Жылына 1 жолу


60

Саат, механикалык, электрдик, санариптик тахометрлер (бардык типте)

Жылына 1 жолу


61

Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар

2 жылда 1 жолу


62

Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын ченегичтер

Жылына 1 жолу


63

Таксометрлер

Жылына 1 жолу


64

Бурчтук өткөрүүнүн датчиктери

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


3. Басымды, вакуумду ченөөлөр

65

Суюктуктардын, буунун жана газдын чыгымын ченегичтер жана дифманометрлер (анын ичинде экинчи жолку приборлор)

Ченөө каражаттарын текшерүү мөөнөтүндө


66

Шахтадагы компрессометрлер жана оордук ченегичтер

2 жылда 1 жолу


67

Көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана аралыктык манометрлер (бардык тиби)

Жылына 1 жолу


68

Сфигмоманометрлер, тонометрлер

Жылына 1 жолу


69

Бардык типтеги жүк поршендүү манометрлер жана мановакуумметрлер

2 жылда 1 жолу


70

Микроманометрлер

2 жылда 1 жолу


71

Эңкейиш түтүктүү микроманометрлер

Жылына 1 жолу


72

Деформациялык манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер

Жылына 1 жолу


73

Суюктук манометрлери, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер

2 жылда 1 жолу


74

Төмөнкү абсолюттук басымдардын манометрлери

Жылына 1 жолу


75

"Сапфир", "Метран", ИПДЦ тибиндеги басым өзгөрткүчтөр

Жылына 1 жолу


76

Дифманометрлерди - чыгым ченегичтерди текшерүү үчүн алып жүрүүчү приборлор

Жылына 1 жолу


77

Барометр-анероид

Жылына 1 жолу


78

Ашыкча басым датчиктери

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


78-1

Барометрлер

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


4. Заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин ченөө

79

Металл спирт ченегичтер

Жылына 1 жолу


79-1

АСП-1, АСП-2 жана АСП-3 спиртометрлери

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


80

Мунай өнүмдөрүнүн күйүү температурасын аныктоочу приборлор

2 жылда 1 жолу


81

рН-метрлердин комплекттери (бардык типтеги)

Жылына 1 жолу


82

рН-метрлерге, нитрат ченегичтерге жана анализаторлорго электроддор

Жылына 1 жолу


83

Тыгыздык ченегичтер

Жылына 1 жолу


84

Май ченегичтер

Өндүрүштөн чыкканда


85

Вольтамперометрдик полярографтар жана анализаторлор

Жылына 1 жолу


86

Кондуктометрлер

Жылына 1 жолу


87

ГАИ, Инфралит, ГИАМ жана ушул сыяктуу автомобилдер иштеп чыккан газдын анализаторлору

Жарым жылда 1 жолу


88

АН-7529, ГОУ тибиндеги лабораториялык анализаторлор

Жылына 1 жолу


89

Уулуу, күйүүчү, жарылуу кооптуулугу бар газдардын жана буулардын, дем менен чыккан абадагы этанол бууларынын концентрациясынын сигнализаторлору жана газ анализаторлору

Жарым жылда 1 жолу


90

УГ-2 тибиндеги газ анализаторлоруна сынам алуучу түзүлүштөр

2 жылда 1 жолу


91

ЭТХ-1 тибиндеги термохимиялык эксплозиметрлер (көчмө)

Жарым жылда 1 жолу


92

Түтүн ченегичтер

Жылына 1 жолу


93

Абадагы чаңдын бөлүкчөлөрүнүн концентрациясын ченегичтер

Жылына 1 жолу


94

Электр химиялык сенсорлуу уулуу газдын сигнализаторлору жана газ анализаторлору

3 айда 1 жолу


95

Хроматографтар

Жылына 1 жолу


96

Бардык типтеги материалдардын жана каражаттардын нымдуулугун ченегичтер

Жылына 1 жолу


97

Бардык типтеги ион ченегичтер

Жылына 1 жолу


98

Бардык типтеги ареометрлер

Жылына 1 жолу


99

Шарттуу илээшкектин вискозиметрлери

Жылына 1 жолу


100

Капиллярдуу вискозиметрлер

2 жылда 1 жолу


101

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

101-1

Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн аныктоонун анализаторлору

Жылына 1 жолу


102

Биохимиялык анализаторлор

Жылына 1 жолу

Оптикалык системаны пайдаланбастан ченөө функциялары менен толук автоматташтырылган жана техникалык системалары же түзүлүштөрү бар анализаторлордон тышкары

103

Коагулометрлер

Жылына 1 жолу


104

Иммуноферменттик анализаторлор

Жылына 1 жолу

Оптикалык системаны пайдаланбастан ченөө функциялары менен толук автоматташтырылган жана техникалык системалары же түзүлүштөрү бар анализаторлордон тышкары

105

Гематологиялык анализаторлор

Жылына 1 жолу


106

Медициналык багыттагы глюкометрлер

Жылына 1 жолу


107

Кондуктометрлик анализаторлор

Жылына 1 жолу


5. Жылуулук-физикалык жана температуралык ченөөлөр

108

Температуралык лампалар

Жылына 1 жолу


109

Термоэлектрдик температураны өзгөрткүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери

Жылына 1 жолу


110

Газ калориметрлери

Жарым жылда 1 жолу


111

Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлери (B-08M, В-08МА тибиндеги)

Жылына 1жолу


112

Медициналык термометрлер:




- электрондук


- сымаптык

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык өндүрүштөн чыкканда


113

Метастатикалыктан башка лабораториялык айнек термометрлер

2 жылда 1 жолу


114

Метастатикалык термометрлер

2 жылда 1 жолу


115

Айнек суюктук термометрлери

2 жылда 1 жолу


116

Бардык типтеги термометрлер (суюктуктан башка), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, анын ичинде экинчи жолку приборлор

Жылына 1 жолу


117

УВПТ, УТТ жана окшош түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


118

Оптикалык пирометрлер

Жылына 1 жолу


119

Радиациялык пирометрлер

Жылына 1 жолу


120

Психрометрлер

Жылына 1 жолу


121

Психрометрикалык гигрометр (ВИТ-1, ВИТ-2 тибиндеги)

2 жылда 1 жолу


6. Туруктуу жана өзгөрүлмөлүү токтогу электрдик жана магниттик чоңдуктарды ченөө

122

Электр энергиясынын үч фазалуу эсептегичтери:




- индукциялык

- электрондук

4 жылда 1 жолу ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


123

Электр энергиясынын бир фазалуу эсептегичтери:



- индукциялык

- электрондук

8 жылда 1 жолу ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык

124

Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери

Чыгарган завод берген Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


125

а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору

Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык


б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору

Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда


126

Обочолотуунун электрдик бекемдигин сыноо, обочолотуунун жана жердетүүнүн каршылыгын өлчөө үчүн приборлор

Жылына 1 жолу


127

Туруктуу жана өзгөрүлмөлүү талаанын магниттик индукциясын ченегичтер

Жылына 1 жолу


128

Электрдин өтүүсүн жана жоготуу бурчунун тангенсин өлчөө жана ченөө

Жылына 1 жолу


129

Ф1-2, Ф1-4 жана ушул сыяктуу типтеги фазанын калибраторлору

Жылына 1 жолу


130

Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун вольтметрлери эталондук

Жылына 1 жолу


131

Амперметрлер эталондук

Жылына 1 жолу


132

Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун амперметрлери эталондук

Жылына 1 жолу


133

Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун ваттметрлери эталондук

Жылына 1 жолу


134

Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун киловольтметрлери эталондук

Жылына 1 жолу


135

Фазометрлер

Жылына 1 жолу


136

Каршылык магазиндери

Жылына 1 жолу


137

Сыйымдуулуктун чени жана магазиндери

Жылына 1 жолу


138

Токтун жана чыңалуунун эталондук ченөө трансформаторлору

8 жылда 1 жолу


139

Электр энергиясынын эталондук эсептегичтери

2 жылда 1 жолу


7. Радиотехникалык жана радиоэлектрондук ченөөлөр

140

Электр талаасынын чыңалуусун ченөө үчүн приборлор

Жылына 1 жолу


141

Энергиянын агымынын тыгыздыгын ченегичтер

Жылына 1 жолу


142

Кубаттуулукту ченегич жана ченөөчү бөрктөр

Жылына 1 жолу


143

Бошоңдукту өлчөөчү түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


144

Аттенюаторлор

Жылына 1 жолу


145

Вольтметрлер

Жылына 1 жолу


146

Модуляцияны өлчөгүчтөр (амплитудалык жана жыштыктык)

Жылына 1 жолу


147

Импульстук генераторлорду текшерүүчү түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


148

Тоскоолдуктарды ченегичтерди текшерүү үчүн түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


149

Талаа чыңалуусунун ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


150

Ченөө линияларын текшерүү жана токтоп турган толкундарды ченөө үчүн башка приборлорду текшерүүчү ченегичтер жана приборлор

Жылына 1 жолу


151

Сапаттуулуктун өлчөмдөрү жана ченегичтери

Жылына 1 жолу


152

Вольтметрлерди, үндүү, жогорку жана эң жогорку жыштыктагы генераторлорду жана башка жогорку жыштыктагы ченөө приборлорун текшерүүчү приборлор жана түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


153

Электростатикалык талаалардын деңгээлдерин ченегичтер

Жылына 1 жолу


154

ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги видеого тарткычы менен транспорт каражаттарынын ылдамдыгын ченегичтер

Жылына 1 жолу


8. Убакытты жана жыштыкты ченөө

155

Ч1-50, Ч1-69, СЧВ-74 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштык чендери

Жылына 1 жолу


156

Ч4-13 тибиндеги жана ушул сыяктуу убакыт жана жыштыктын эталондук сигналдарын кабыл алгычтар

Жылына 1 жолу


157

Ч3-64,Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштыкты өзгөрткүчтөр, жыштыктын синтезаторлору, жыштыкты бөлгүчтөр жана көбөйткүчтөр

Жылына 1 жолу


158

Механикалык жана электрдик секунда ченегичтер, хронометрлер, хроноскоптор жана убакыттын аралыгын ченөөчү приборлор жана түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


159

АУПМЧ, АКПЧ-1 жана башка типтеги жыштык ченөөчү түзүлүштөр

Жылына 1 жолу


160

Туташтыруу узактыгын ченөө системасы

Жылына 1 жолу


9. Оптикалык жана оптика-физикалык ченөөлөр

161

Диоптриметрлер

Жылына 1 жолу


162

Поляриметрлер

Жылына 1 жолу


163

Рефрактометрлер

Жылына 1 жолу


164

Фотоэлектроколориметрлер

Жылына 1 жолу


165

Спектрофотометрлер, жалындуу фотометрлер

Жылына 1 жолу


166

Газ жана суюктук үчүн лабораториялык интерферометрлер

Жарым жылда 1 жолу


167

Көз айнектердин сынам топтому

Өндүрүштөн чыкканда


168

Люксметрлер

Жылына 1 жолу


169

Сахариметрлер

Жылына 1 жолу


170

Нефелометрлер

Жылына 1 жолу


10. Виброакустикалык ченөөлөр

171

Ызы-чуу ченегичтери

Жылына 1 жолу


172

Ченөөчү микрофондор

Жылына 1 жолу


173

Октава, третьеоктава, ичке тилкелүү электр чыпкалары

Жылына 1 жолу


174

Акустикалык калибраторлор

Жылына 1 жолу


175

Виброметрлер жана виброөлчөөчү өзгөрткүчтөр

Жылына 1 жолу


11. Иондоштуруучу нурлануунун жана ядролук константтын мүнөздөмөлөрүн ченөө

176

Иондоштуруучу нурлануунун дозиметрлери

Жылына 1 жолу


177

Жеке дозиметрлер

Жылына 1 жолу


178

Иондоштуруучу нурланууну ченөөчү универсалдык приборлор

Жылына 1 жолу


179

Рентгенометрлер

Жылына 1 жолу


180

Радиометрлер

Жылына 1 жолу


181

Лазердик дозиметрлер

Жылына 1 жолу


182

Селективдүү эмес радиометрлер

Жылына 1 жолу


12. Медициналык багыттагы ченөө каражаттары

183

Кардиографтар

Жылына 1 жолу


184

УЖЖ

Жылына 1 жолу


185

Электрофорез

Жылына 1 жолу


186

Төмөнкү жыштыктагы терапевттик аппараттар

Жылына 1 жолу


13. Бузбоочу контролдоо үчүн ченөө каражаттары

187

Ультраүндүү калыңдыкты ченегичтер жана дефектоскоптор

Жылына 1 жолу


188

Бардык типтеги дефектоскоптор

Жылына 1 жолу







Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу