КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2019-жылдын 23-январы № 9
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) "Эгер" деген сөз "1. Эгер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) төмөнкү жерлер:
а) коруктардын, резерваторлордун, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктардын, ботаникалык жана зоологиялык бактардын, корукчалардын, жаратылыш эстеликтеринин, тарыхый-маданий маанидеги объектилердин, запастагы бөлүштүрүлө элек жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой кеткен байкоо тилкеси ээлеп турган жерлер;
б) калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы, коргоочу токой тилкелери ээлеп турган, суу жана токой фондунун;
в) катнашуу жолдорунун, айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду бойлото кеткен жер тилкелери;
г) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, өнүмдөрдү өткөрүүчү түтүктөр өткөн жана байланыш линияларынын;
д) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, электр энергиясын иштеп чыгуу же берүү үчүн пайдаланылуучу суу сактагычтардын жана суу каптоочу зоналардын жана электр берүүчү линиялардын астындагы;";
в) 4-пунктунда "жана/же ижарага берилгенден" деген сөздөр алып салынсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган салык салуудан бошотуу көрсөтүлгөн жерлер же алардын бөлүгү жер пайдалануучу тарабынан ижарага берилген учурларга жайылтылбайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-январындагы N 5 жарыяланды
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорунун колдонулушу 2009-жылдын 1-январынан тартып келип чыккан салыктык укук мамилелерине жайылтылары белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |