Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2018-жылдын 24-декабры № 109

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:

"30) "Жеке эмгектик иш" - жеке жактын илимий, педагогикалык (окутуучулук), чыгармачылык чөйрөлөрдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу башка чөйрөлөрдө өз алдынча жана жалданма эмгекти тартпастан жүзөгө ашырылуучу иши.";

2) 24-берененин 1-пункту "патенттин негизиндеги" деген сөздөрдөн кийин "(жеке эмгектик ишти кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;

3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-берене менен толукталсын:

"24-1-берене. Жеке эмгектик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жак

Патенттин негизинде илимий, педагогикалык (окутуучулук), чыгармачылык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу башка ишти жүзөгө ашыруучу, жалданма эмгекти тартпаган жеке жак жеке эмгектик иш менен алектенүүчү жак болуп саналат.";

4) 27-берене "ишкердик иш" деген сөздөрдөн кийин "(жеке эмгектик ишти кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 353-беренеде:

а) 1-бөлүгү "тизмекке ылайык" деген сөздөрдөн кийин "жеке эмгектик ишин же жеке ишкердик" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү жеке жактар (мындан ары - салык төлөөчүлөр) салыктардын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөшөт:

1) пайдага салык;

2) сатуулардан салык.

Жеке эмгектик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар киреше салыгынын, пайдага салыктын жана сатуулардан салыктын ордуна ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөшөт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө мыйзам алдындагы актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жээнбеков




2018-жылдын 28-ноябрында


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу