2018-жылдын 10-декабры № 99 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2018-жылдын 10-декабры № 99

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 95-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган;";

б) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 96-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган жеке жактар ушул Кодекстин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ишкердик иш деп таанылган ишти жүзөгө ашырган айдан кийинки айдын аягынан кечиктирбестен салык органына салыктык каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.";

3) 167-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар;".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 14-декабрындагы N 102 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жээнбеков




2018-жылдын 31-октябрында


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу