КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2014-жылдын 10-ноябры № 633
Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо.doc, 1-тиркемеге ылайык;
- долбоорго арыздын формасы, 2-тиркемеге.doc ылайык;
- регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы, 3-тиркемеге.doc ылайык;
- максаттуу каржылоо жөнүндө келишим, 4-тиркемеге.doc ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү райондук администрациялар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде үч айлык мөөнөттө облустарды жана райондорду өнүктүрүү фонддорун түзүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 25-ноябрында № 91 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Дж.Оторбаев |