Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 7-июлу № 461

Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартиби бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                                                                                                             Т.А. Сариев




Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 7-июлундагы
№ 461 токтому менен
бекитилген


Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү
ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартиби (мындан ары - тартип) мамлекеттик органдар тарабынан товардык рынокто (мындан ары - рынок) атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү жана атаандаштыкты болтурбоо, жол бербөө, чектөө же жокко чыгаруу учурларын таап чыгуу үчүн колдонулат, анын ичинде:

1) чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын топторунун) үстөмдүк абалын аныктоодо;

2) рынокто үстөмдүк абалдагы чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүүдө жана жүргүзүүдө;

3) "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирди талдоо жүргүзүүдө.

2. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект табигый монополия жана мамлекеттик монополия шарттарында товарларды өндүрүүнү (сатууну) ишке ашырып жатса чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалын белгилөө жол-жоболорун жүргүзүү талап кылынбайт.

3. Товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда атаандаштыктык абалына талдоо төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:

1) рынокту изилдөөдө убакыттын интервалын аныктоо;

2) рыноктун азыктык чектерин аныктоо;

3) рыноктун географиялык чектерин аныктоо;

4) рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин курамын (анын ичинде, зарылчылык болсо сатуучуларды жана сатып алуучуларды) аныктоо;

5) рыноктун көлөмүн жана рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүн эсептөө;

6) сандык көрсөткүчтөрүн аныктоо;

7) сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоо;

8) рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттеринин рыноктук күчүн аныктоо;

9) рыноктордогу атаандаштык чөйрөсүнүн абалын баалоо;

10) аналитикалык отчёт түзүү (жыйынтыктар жана сунуштар). Ар бир конкреттүү учурда талдоо жүргүзүү жол-жобосунун өзгөрүлүшү, рыноктун өзгөчөлүктөрүнө жараша бир же бир нече этаптар болбошу мүмкүн.

4. Ушул Тартипте "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде жана "Кыргыз Республикасындагы табигый монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр, жана ошондой эле төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

рынокко кирүү тоскоолдуктары - жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттерге рынокто мурдатан иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттер менен бирдей шарттарда атаандашуу мүмкүндүгүнө тоскоолдук кылган жагдайлар;

рыноктун географиялык чектери - сатып алуучулар товарды сатып алышкан же сатып алуу үчүн экономикалык, техникалык же башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон жана анын чегинен тышкары мындай мүмкүнчүлүккө ээ болбогон аймак;

рыноктун товардык ресурстарынын көлөмү (рыноктун көлөмү) - сатып алуучулардын тобуна нарктык жана (же) натуралдык көрсөткүчтөрдө рыноктун географиялык чегинде товарды сатуунун (жеткирүүнүн) же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү;

рыноктун азыктык чектери - өз ара алмаштырылуучу товарлардын тобу (топтому);

товарларды сатуучулар (жеткирүүчүлөр) - өзүнүн иш-аракетинин продукциясын саткан чарба жүргүзүүчү субъекттер, ошондой эле керектөөчүгө товарларды жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөткөн соода жана ортомчу уюмдар жана финансылык кызмат көрсөткөн (банк кызматтарынан башкасы) финансылык уюмдар;

товарларды сатып алуучулар - өндүрүштүк керектөө жана/же андан кийинки сатуу үчүн товарларды сатып алуучу дүң, майда дүң жана чекене соода ортомчулар, чарба жүргүзүүчү субъекттерди кошкондо акыркы продукцияны керектөөчүлөр жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр.

5. Рынокто атаандаштыкты талдоодо баштапкы маалымат булактары катары:

- чарба жүргүзүүчү субъекттерден алынган маалыматтар;

- чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин (соода, ортомчулук, өнөр жайлык ж.б.) түрү жөнүндө статистика, салык, бажы жана башка мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан алынган маалыматтар;

- экономикалык жана товароведдик экспертизалардын жыйынтыктары, адистештирилген уюмдардын, ошондой эле товардык топторду түзүүдө товарлардын өз ара алмаштыруучулугун тастыктоочу же четке кагуучу айрым адистердин жана эксперттердин корутундулары;

- көз карандысыз маалымат борборлорунун жана кызматтарынын маалыматтары;

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин жана башка коомдук, анын ичинде башка мамлекеттин бирикмелеринин жана ассоциацияларынын маалыматтары;

- жеке жана юридикалык жактардын монополияга каршы органга кайрылуулары жана (же) даттануулары;

- массалык маалымат каражаттарынан алынган маалыматтар;

- монополияга каршы органдын же башка мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жеке изилдөөлөрүнүн маалыматтары;

- маркетингдик, социологиялык изилдөөлөрдүн, чарба жүргүзүүчү субъекттерди, жарандарды, коомдук уюмдарды тандап сурамжылоо жана анкеттөөнүн маалыматтары;

- улуттук стандарттар, техникалык шарттар;

- монополияга каршы орган тарабынан тиешелүү рынокто атаандаштыктын абалына мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматтары колдонулат.

2. Рынокту изилдөөнүн мезгилдик интервалын аныктоо

6. Рынокту изилдөөнүн мезгилдик интервалы ушул Тартиптин 1-пунктуна ылайык изилдөөнүн максатына, рыноктун өзгөчөлүктөрүнө жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө жараша аныкталат.

Эгерде сатып алуучулар керектөөдө убакыттын бир мезгилинде сатып алынуучу товарды убакыттын башка мезгилинде сатып алынуучу ошол эле товарга алмаштырбаса же алмаштырууга даяр болбосо, мезгилдик интервалды тандоодо рыноктун мүнөздөмөлөрүнүн ушул тандоосун шарттаган маалыматтар, анын ичинде:

1) жыл ичинде товарды жеткирүүнүн сезондуулугу;

2) жылдын ичинде товарды жеткирүүнүн туруктуулугу;

3) максималдык жана минималдык сурамдын мезгилдери (анын ичинде кыска мөөнөттү), ушул мезгилдерде сатып алуучулардын санынын катышы;

4) сатуучулардын ар кандай мезгилде ар кандай бааларды коюу мүмкүнчүлүктөрү;

5) контракттардын мөөнөттөрү;

6) товардын рынокко чыгуу мезгили эске алынат.

7. Рыноктун бардык мүнөздөмөлөрү белгиленген бир убакыт интервалында аныкталат.

Атаандаштык абалын талдоонун эң аз мезгилдик интервалы бир жылды түзүшү керек, башкача айтканда баардык көрсөткүчтөрдү жылдык кылып колдонуу керек, зарыл болгон маалыматтар болсо бир нече (2-3) мурунку жылдын динамикасын эске алуу менен баардык көрсөткүчтөрдү жылдык кылып колдонуу керек.

8. Эгерде рынокто жаңы товар (иш, кызмат) пайда болсо, анда мындай рынокту изилдөө үчүн мезгилдик интервал катары товардын бар болгон мөөнөтү алынат.

Эгерде иштеп жаткан рынокко жаңы субъект кирсе, анын натыйжасында рыноктун структурасы, андагы күчтөрдүн жайгашышы өзгөрсө, мезгилдик интервал катары анын рынокко кирген учуру алынат.

9. Эгерде изилдөөнүн максаттары үчүн келечекте каралып жаткан рынокто түзүлө турган шарттардын эсеби (мисалы, монополияга каршы контроль жүзөгө ашырылган аракеттерди жөнгө салуу же өркүндөтүү боюнча болжолдонуучу чараларды киргизүүдө) керек болсо анда рынокто атаандаштыктын абалына перспективалуу талдоо жүргүзүлөт. Мындай талдоонун жүрүшүндө изилдөөнү жүргүзүү учурундагы атаандаштык абалына киргизилген жөндөө алуу чараларынын таасири талданат.

3. Рыноктун азыктык чегин аныктоо

10. Рыноктун азыктык чегин аныктоо алмаштыруучусу жок болгон товарды (анын керектөөчүлүк касиеттерин) же бир эле рынокто жүгүртүлүүчү бирин-бири алмаштыруучу товарларды табуу жол-жобосун билдирет (мындан ары - рыноктун азыктык чегин аныктоо), өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) төмөнкүлөрдү талдоо аркылуу товарларды алдын ала аныктоону:

- товардык сөздүктөрдү же товароведдердин маалымдамасын;

- тиешелүү чөйрөдө атайын билими бар адистердин корутундуларын;

- стандарттардын, продукциянын, иштердин, кызматтардын, экономикалык иштин түрлөрүнүн классификаторлорун;

- тийиштүү ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды;

- иштин белгилүү бир түрлөрүн жүзөгө ашырууга уруксаттарды (лицензияларды);

- товарга карата түзүлгөн келишимдин шарттарын;

- товарды так аныктоого мүмкүндүк берген башка ыкманы камтыйт.

2) Сатып алуучунун тандоосун аныктаган товарлардын касиеттерин жана потенциалдуу ушул товар үчүн өз ара алмаштырылуучу болуп саналган товарларды табуу, мында төмөнкүлөр талданат:

- функционалдык дайыны, анын ичинде товарды керектөөнүн максаты жана анын керектөөчүлүк касиеттери;

- товардын колдонулушу анын ичинде кайта сатуу же өздүк (жеке) керектөө же кесипкөйлүк пайдаланылышы;

- сапаттык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде түрү, сорту, ассортименти, дизайны, таңгагы, жарнамасы, таратуу жана сатуу системасындагы өзгөчөлүктөрү;

- техникалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде эксплуатациялык көрсөткүчтөрү, ташуу боюнча чектөөлөр, чогултуунун, оңдоонун, техникалык тейлөөнүн шарттары (кепилдик берилген тейлөөнү кошкондо), кесипкөйлүк пайдалануунун (өндүрүштүк керектөөнүн) өзгөчөлүктөрү;

- баалардын жана алардын динамикасынын талдоосу;

- сатуу шарттары, анын ичинде товардын партиясынын өлчөмү, товарды сатуунун ыкмасы (дүң сатуу, чекене сатуу).

Сатып алуучунун тандоосун аныктоочу товардын касиеттеринин курамы жана товарды сүрөттөөнү деталдаштыруунун керектүү даражасы жүргүзүлүп жаткан изилдөөнүн максатына, ошондой эле рыноктун өзгөчөлүктөрүнө көз каранды.

11. Мыйзамдын 3-беренесине ылайык товарлардын өз ара алмаштырылуусун аныктоо алардын функциялык арналышын, колдонулушун, сапаттык жана техникалык мүнөздөрүн, баасын жана башка параметрлерин эске алуу менен сатып алуучу керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максаттарда керектөөдө) бир товарды башкасы менен алмаштырууга даярдыгына же сатып алуучу тарабынан товарды иш жүзүндө алмаштыруусуна негизделет.

Эгерде керектөө процессинде бир товарды экинчиси менен алмаштыруу үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынса же алмаштырууга байланыштуу товарды сатып алуучу олуттуу чыгымдарды тартса жана мында монополияга каршы орган мындай алмашуу болгондугу же боло тургандыгы жөнүндө маалыматка ээ болбосо товар өз ара алмаштыруучуга кирбейт.

Бири-бирин алмаштыруучулуктун критерийлери:

а) ар түрдүү продукциянын функционалдык бири-бирин алмаштыруусу, ал ушул товардын жана анын сунушталуучу алмаштыруучуларынын керектөө максатын салыштыруу аркылуу белгиленет. Сатып алуучулардын ар кандай топторунун бул көйгөйгө жиктелген ыкмасын эске алуу керек. Бир эле продукция бир эле аймакта ар түрдүү-рыноктордо (сатып алуучулардын жана сатуучулардын курамы, боюнча, дүң жана чекене) жүгүртүлүшү мүмкүн жана бул рынокторду өзгөчө кароо керек;

б) заттык, техникалык, эксплуатациялык, баалык мүнөздөрүн жана анын болжолдогон алмаштыруучусун салыштыруунун натыйжасында белгилене турган, товардын жана анын алмаштыруучусунун керектөө касиеттеринин окшоштугу.

Рыноктогу таңсыктык шарттарында, товарлардын өз ара алмаштырылуусунун чектери кеңейет, бирок товардык продукциянын функционалдык дайыны менен аныкталуучу чектерге чейин гана.

Талдоо процессинде өз ара алмаштыруучулуктун тоскоолдуктарынын болушун эске алуу керек:

а) бөлүштүрүү системасында товар алмаштыруучуларга караганда артыкчылыктарга ээ (каталогдор боюнча соода жүргүзүү, үйгө жеткирүүнү камсыздоо менен соода жүргүзүү ж.б.);

б) сатып алуучуларга бааларды оордуксуз, запастык бөлүктөр менен, арзандатуу менен, кредиттерди төлөөдө жана колдонууда жана эксплуатациялоодо башка кепилдиктерди сунуштоо (сатыктан кийинки тейлөө менен камсыз кылуу) менен сатуу шарттарында товар алмаштыруучуларга караганда артыкчылыктарга ээ болот.

Товарларды өндүрүү көз карашынан алып караганда товарлардын өз ара алмашуусун баалоо үчүн төмөнкүдөй иш-аракеттерди колдонууга болот:

- каралып жаткан товардык топко кирген товарлардын бирин өндүрүү үчүн бош өндүрүштүк пайдаланууга боло турган кубаттуулуктардын бар экендигин табуу. Бул каралып жаткан товардык продукцияны чыгарууга минималдык кошумча чыгымдар менен кыска мөөнөттө өтүүгө мүмкүндүк берген, иштебей токтоп турган, ашыкча кубаттуулуктар болушу мүмкүн;

- өндүрүштүк кубаттуулуктарды башка рынок үчүн товарды өндүрүүдөн каралып жаткан товардык топко тийиштүү болгон продукцияны чыгарууга которуунун технологиялык мүмкүндүктөрүн аныктоо.

12. Ушул товарга шайкеш келген так классификациялык позицияны белгилөө мүмкүндүгү болбогон учурда классификациялык позициялардын топтору каралат. Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып келүүчү же ташылып чыгуучу товар үчүн потенциалдуу өз ара алмаштыруучу болуп саналган товарларды табууда тышкы экономикалык иш-аракетти жүзөгө ашырууда колдонулуучу тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы пайдаланылышы мүмкүн.

13. Товарлардын рыногунун азыктык чегин аныктоо бир товардык топту түзгөн товарлардын өз ара алмаштырылуусу жөнүндө сатып алуучулардын (жеке ошондой эле юридикалык дагы жактардын) пикирине негизделиши мүмкүн.

Сатып алуучулардын пикирлери сатып алуучуларды тандап сурамжылоонун же алардын негизинде товарды сатуу жүзөгө ашырылган келишимдердин жүйөсүн талдоонун натыйжасында аныкталат.

4. Рыноктун географиялык чектери

14. Рыноктун географиялык чектери каралып жаткан аймакта ушул товарды сатып алууда керектөөчүлөрдүн катышуу мүмкүндүгүн чектөөчү экономикалык, технологиялык, административдик тоскоолдуктар менен аныкталат.

15. Рыноктун географиялык чектери белгиленген топтогу сатып алуучулар каралып жаткан товарды сатып алган же сатып ала турган аймакты (географиялык облусту, регионду) аныктайт.

16. Рыноктун аймагы товардык топ сыяктуу эле товарлардын бирдей жеткиликтүүлүгүн сатып алуучулар тарабынан таануу принциби боюнча дагы аныкталат. Эгерде сатып алуучулар бир региондо сатылып жаткан товарды башка региондо сатылып жаткан товардын алмаштыруучусу деп эсептешсе, анда ал региондорду ушул товардын географиялык рыногу сыяктуу эле кароого болот.

17. Рыноктун географиялык чектерин аныктоодо төмөнкүдөй факторлор эске алынат:

1) болжолдуу түрдө бир географиялык рынокко кирген аймактардын ортосунда суроо-талаптын жылдыруу мүмкүндүгү, башкача айтканда:

- сатып алуучуну сатуучуга жеткирүү үчүн транспорттук каражаттардын жеткиликтүүлүгү;

- сатып алуучуну сатуучуга жеткирүүгө транспорттук каражаттардын чыгымдарынын анча көп эместиги;

2) болжолдуу түрдө бир географиялык рынокко кирген аймактардын ортосунда товарларды жылдыруу мүмкүндүгү, башкача айтканда:

- товарды сатуучудан сатып алуучуга ташууда кошумча чыгымдардын анча көп эместиги;

- товарды ташуу процессинде анын сапатынын жана керектөөчүлүк касиеттеринин сакталышы;

- ушул аймакта товарларды ташып келүүгө же ташып чыгууга жана башкаларга администрациялык чектөөлөрдүн жоктугу;

- ушул рыноктун ичинде тиешелүү товарларга баалардын салыштырылуучу деңгээли;

- товарды сатуу, жеткирүү жүзөгө ашырылган аймакта атаандаштыктын бирдей шарттарынын болушу.

18. Табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө рыноктордун географиялык чектери ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн атап айтканда:

1) технологиялык инфраструктуранын (түйүндөрдүн) болушун жана жайгашышын;

2) инфраструктурага жетүү жана аны пайдалануу (түйүндөргө кошулуу) боюнча сатып алуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталат.

5. Рынокто иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин курамын аныктоо

19. Рынокту аныктоо максатында анда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин (сатуучулардын жана сатып алуучулардын) тобун белгилөө керек.

Каралып жаткан рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин курамына жеке жана юридикалык жактар, алардын ичинде кыска мөөнөттүү мезгилде (бир жылдан ашпаган) аталган рынокто иш жүргүзгөндөр кирет.

Ушул сатуучудан товарды сатып алган сатып алуучулардын тобун аныктоо үчүн, сатып алуучуларды топтоону конкреттүү товарды сатып алуу ыкмасы боюнча жүргүзүү керек.

20. Сатып алуучулардын белгиленген тобунун курамы төмөнкүдөй критерий боюнча такталат: белгиленген топтун сатып алуучуларынын ар бири товарды белгиленген бир рынокто товар саткан сатуучулардын каалаганынан сатып ала алат.

21. Рынокто иштеген, ал үчүн товардык, анын ичинде дүң жана чекене чектери аныкталган сатуучулардын бардыгы табылат.

Иш жүзүндө иштеген сатуучулар менен бирге белгиленген бир рынокто потенциалдуу сатуучулар жана сатып алуучулар табылат.

Потенциалдуу сатуучулар (атаандаштар):

1) аталган товарды даярдоо үчүн материалдык-техникалык базага, кадрларга, технологияларга ээ болгон, бирок ар түрдүү себептер боюнча ал мүмкүнчүлүктөрдү жүзөгө ашырбаган чарба жүргүзүүчү субъекттер;

2) аталган товарды өндүргөн (ташып келген), бирок изилденүүчү рыноктун аймагында аны сатпаган чарба жүргүзүүчү субъекттер;

3) жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттер болуп саналат.

6. Рыноктун товардык ресурстарынын көлөмүн (рыноктун көлөмү) жана рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүн эсептөө

22. Товарды сатуунун (жеткирүүнүн) жалпы көлөмү бардык сатуучулар тарабынан ушул рынокто товардын сатуунун (жеткирүүнүн) суммасы катары аныкталат:



мында:

Vm - рыноктун көлөмү;

Vi - сатуучу (жеткирүүчү) тарабынан товарды сатуунун (жеткирүүнүн) көлөмү;

N - рыноктун географиялык чектеринде иштеген сатуучулардын саны.

Рынокто өндүрүүчүлөрдүн биринин керектөөчүлөргө сатылуучу (жеткирилүүчү) продукциясынын көлөмдөрү тууралуу түз маалыматтар болбогон учурда, анын көлөмү математикалык жол менен төмөнкүдөй ыкма менен эсептелет:



23. Керектөөчүлөргө сатылуучу (жеткирилүүчү) продукциянын көлөмдөрү тууралуу түз маалыматтар болбогон учурда, рыноктун көлөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептөө ыкмасы менен аныкталат:


Vm = Vp + Vim - Vex,


мында:

Vm - рыноктун көлөмү;

Vp - жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрү тарабынан товарды өндүрүүнүн көлөмү;

Vim - рыноктун аймагына ташып келүүнүн көлөмү;

Vex - ички рыноктун чегинен тышкары алып чыгуунун көлөмү.

24. Рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүшүн эсептөө үчүн өндүрүштүн көлөмүн аныктоодо өндүрүштүн көлөмү иштетип алма чийки заттан даярдалган продукцияны эсептен чыгарылып эске алынат.

Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект ушул товарды өндүрсө жана өзүнүн продукциясынын бир бөлүгүн өздүк керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланса, анда сатуунун (жеткирүүнүн) жалпы көлөмүнө рынокто саткан бөлүгү гана киргизилиши керек.

25. Финансы рыногунун көлөмү жана андагы финансы уюмунун үлүштөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнүн көрсөткүчтөрүн эске алып товарлар рыногундагы эсептөөлөрдө колдонулуучу принциптер боюнча эсептелет.

26. Каралып жаткан рынокто (Di) чарба жүргүзүүчү субъекттин - сатуучунун (жеткирүүчүнүн) үлүшү ал рынокто саткан товардык продукциянын рыноктун көлөмүнө катышы катары аныкталат.


Di = Vi/Vm


Рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин позициясын бир кыйла объективдүү баалоо үчүн ар бир жыл боюнча үлүштөрдү 2-3 жылга эсептеп (маалымат болсо) жана алардын өзгөрүүлөрүн талдоо керек. Изилдөө жүргүзүлгөн мезгилдин ар бир жылында өзгөрүүсү 5 пайыздан ашпаган үлүштөр өзгөрүлгөн жок же бир аз өзгөрүлдү деп эсептелет.

27. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект рыноктун географиялык чегинен тышкары товар ташып чыкса, анда аны сатуунун жалпы көлөмүнөн ал ташып чыккан продукциянын көлөмүн алып коюу керек:


Di = (Vi - Viex) / Vm,


мында:

Viex - рыноктун географиялык чегинен тышкары i чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ташылып чыккан продукциянын көлөмү.

28. Тийиштүү рынокто жактардын тобунун үлүшү бир рынокто иштеген жана "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жактардын тобун түзүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнүн суммасы катары аныкталат. Мында, жактардын топтору рыноктун бирдиктүү субъекти катары каралат.

29. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык үстөмдүк кылган абалы белгиленген чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү чарба жүргүзүүчү субъекттердин же алардын жактарынын топторунун үлүштөрүнүн суммасы катары аныкталат.

7. Рыноктун сандык көрсөткүчтөрүн аныктоо

30. Рыноктун түзүмүн мүнөздөгөн сандык көрсөткүчтөр төмөнкүлөр:

1) ушул рынокто иштеген сатуучулардын саны;

2) ушул рынокто сатуучулар ээлеген үлүштөр;

3) рыноктук топтолуу көрсөткүчтөрү.

31. Рыноктун топтолуу көрсөткүчтөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) рыноктун топтолуу коэффициенти (CR), ал ушул рыноктогу ири жеткирүүчүлөрдүн (сатып алуучулардын) үлүшүнүн суммасы катары эсептелет. Рыноктун ири ташуучуларынын саны алардын үлүшү салыштырма, алардын ортосундагы ажырым 10-пайыздан жогору эмес болгондо тандалат.

Рыноктун өзгөчөлүгүнө жараша үч (CR-3), төрт (CR-4), алты (CR-6), сегиз (CR-8), он (CR-10), жыйырма беш (CR-25) ири ташуучулардын (сатып алуучулардын) топтолуу деңгээли колдонулат.

2) Герфиндаль-Гиршмандын рыноктун топтолуу индекси (НHI) рынокто иштеген ташуучулардын (сатып алуучулардын) бардыгынын анда ээлеген үлүшүнүн квадраттарынын суммасы катары эсептелет.

32. Топтолуу коэффициенттеринин жана Герфиндаль-Гиршмандын индекси ар түрдүү маанилерине ылайык рыноктун үч тибине бөлүнөт:

I тип - жогорку топтолгон рыноктор:

70% < CR-3 < 100%;

2000 < НHI < 10000 маанилерин камтыйт;

II тип - орточо топтолгон рыноктор:

45% < CR-3 < 70%;

1000 < НHI < 2000 маанилерин камтыйт;

III тип - аз топтолгон рыноктор:

CR-3 < 45%;

НHI < 1000 маанилерин камтыйт.

33. Рыноктун топтолуу көрсөткүчтөрү рынокту монополизациялоо деңгээлине, рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир калыпта же бир калыпта жайгашпаганына баа берүүгө мүмкүндүк берет, рынокто ар кандай масштабдагы ташып келүүчүлөр (сатып алуучулар) канчалык көп иштесе, тиешелүү көрсөткүчтөрдүн мааниси ошончолук төмөн болот.

8. Рыноктун сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоо

34. Рыноктун түзүмүн мүнөздөгөн сапаттык көрсөткүчтөр төмөнкүлөр:

1) потенциалдуу атаандаштар үчүн рынокко "кирүү" жана "чыгуу" тоскоолдуктарынын болушу (же жоктугу), аларды жеңип өтүүнүн даражасы;

2) каралып жаткан рынокко кирүүдө табылган тоскоолдуктардан жеңип өтүү мүмкүндүгүн аныктоо.

35. Рынокко кирүүнүн тоскоолдуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) экономикалык чектөөлөр, анын ичинде:

Бул салымдардын узак мөөнөттө акталышында олуттуу баштапкы капиталдык салымдардын зарылдыгы;

каралып жаткан рынокто иштеген, рыноктун субъекттерине салыштырмалуу потенциалдуу катышуучулар үчүн каржылоону тартуунун көбүрөөк чыгымдары;

керектүү ресурстарга (чийки затка, материалдарга, энергия ресурстарына ж.б.) жетүү жана маалыматтарды алуу үчүн интеллектуалдык менчик укуктарын алуу чыгымдары;

транспорттук чектөөлөр (автомобиль жолдорунун абалы жана жыштыгы, темир жол вагондорунун тартыштыгы, аэропорттордун техникалык жабдуусунун жана инфраструктурасынын өнүгүшүнүн деңгээлинин начардыгы, ташуулардын үзгүлтүксүздүгү, ылдамдыгы жана наркы жана башкалар);

каралып жаткан рынокто иштеп жаткан, рыноктун субъекттеринин рыноктун потенциалдуу катышуучуларынын алдындагы артыкчылыктары;

2) мамлекеттик органдар тарабынан киргизилүүчү административдик чектөөлөр, анын ичинде:

иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо шарттары; квота берүү;

товарларды ташып кирүү жана ташып чыгууга чектөөлөр;

белгилүү бир сурамды милдеттүү канааттандыруу, мобилизациялык кубаттуулуктарды колдоо, жумуш орундарын жана социалдык инфраструктураны сактоо талаптары;

рыноктун айрым субъекттерине жеңилдиктерди (өзгөчө же эксклюзивдүү укуктарды) берүү;

жер участогун бөлүп берүүдөгү, өндүрүштүк жана башка жайларды сунуштоодогу тоскоолдуктар;

мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды жеткирүүчүлөрдү конкурстук тандоонун шарттары;

экологиялык чектөөлөр, анын ичинде өндүрүштүк кубаттуулуктардын жана транспорттук инфраструктуранын объекттеринин курулушуна тыюу салуу;

стандарттар жана сапатка коюлуучу талаптар;

3) рынокко кирүүдө тоскоолдуктарды түзүүгө багытталган, рынокто иштеген рыноктун субъекттеринин жүрүм-турумунун стратегиясы, анын ичинде:

монополиялык төмөн (жогорку) бааларды белгилөө;

ак ниет эмес атаандаштык;

4) рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ичинде вертикалдык - интеграцияланган түзүмдөрдүн болушу, алардын бар болушу рынокко кирүүдө тоскоолдуктарды түзүүгө алып келет, анын ичинде:

рыноктун башка потенциалдуу катышуучуларына салыштырмалуу вертикалдык - интеграцияланган чарба жүргүзүүчү субъекттердин катышуучулары үчүн артыкчылыктарды түзөт;

рыноктун потенциалдуу катышуучуларынын вертикалдык интеграцияга катышуусунун зарылдыгын талап кылат, бул рынокко кирүүдө чыгымдарды жогорулатат.

5) рынокко кирүүдөгү башка чектөөлөр.

36. Каралып жаткан рынокто атаандаштыкты чектөөчү белгилерге төмөнкүлөр кирет:

рыноктун вертикалдык - интеграцияланган субъекттеринин олуттуу үлүшү;

изилдөөнүн мезгилдик интервалынын ичинде рыноктун вертикалдык - интеграцияланган болуп саналбаган субъекттеринин үлүшүн төмөндөтүү;

каралып жаткан рынокто, ушул товарды өндүрүүдө колдонулуучу товарлар жүгүртүлгөн, же каралып жаткан товар өндүрүүчүдөн сатып алуучуга которулуу процессинде келип түшкөн чектеш рыноктордо иштеген рыноктун вертикалдык - интеграцияланган субъекттеринин үстөмдүк кылуучу абалы;

каралып жаткан рынокто (кийинки же төмөнкү) сатуучу катары иштеген рыноктун субъекти сатып алуучу катары чыккан же чыгууга даяр болгон буга чейинки (жогорку) аралаш рыноктордун топтолушунун жогорку деңгээли.

37. Рынокко кирүүнүн тоскоолдуктары:

потенциалдуу сатуучулардын, анын ичинде чектеш рыноктордо иштегендердин каралып жаткан рыноктун катышуучулары болуу мүмкүндүгү көз карашынан;

каралып жаткан рынокто иштеген рыноктун субъекттеринин өндүрүштүк кубаттуулугун же ушул товардын сатуу көлөмүн кеңейтүү мүмкүндүгү көз карашынан талданат.

38. Рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктарды жеңип өтүү мүмкүндүгү ушундай тоскоолдуктардан жеңип өтүү мөөнөттөрүнүн жана чыгымдардын чоңдугунун негизинде бааланат.

Рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктар эгерде каралып жаткан рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктарды жеңип өтүүдөгү чыгымдар ушул рынокко кирип жаткан чарба жүргүзүүчү субъект ала турган (алууну болжолдогон) кирешелери (артыкчылыктары) менен экономикалык жактан акталса өтүп кетүүгө мүмкүн болуп саналат.

Чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн каралып жаткан рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктарды жеңип өтүү мүмкүндүгүнө керектүү мөөнөттөр жана чыгымдар, ошондой эле каралып жаткан рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктардан жеңип өтүү мүмкүндүгү иш жүзүндөгү жана потенциалдуу сатуучуларды же тармактык адистерди (эксперттерди) сурамжылоо жолу менен бааланышы мүмкүн.

9. Баа талдоосу

39. Баа талдоосу изилденүүчү рыноктун белгилүү бир азыктык жана географиялык чектеринин алкагында жүргүзүлөт. Өндүрүүчү ишканалардын дүң сатуу баалары менен катар, чекене сатуу бааларынын динамикасы, алардын өсүшүн жана төмөндөшүн изилдөөгө жатат. Баалардын өзгөрүшүнүн себептери аныкталат.

Рыноктун өзгөчөлүгүнө жараша - рыноктун сегменттерине талдоо жүргүзүү зарыл - дүңүнөн (биринчи сатуу), ортомчулук (экинчи сатуу) жана чекене (акыркы сатуу).

10. Рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттин рыноктук күчүн аныктоо

40. Рыноктук күч үстөмдүк далилин чыңдоочу белги катары бааланышы керек.

Белгилүү товардын рыногунда субъекттин үлүшү канчалык жогору болсо, анын рыноктук күчү ошончолук жогору болот, бирок, рынокто 35 пайыз өлчөмүндө үлүшү жок болсо, субъект рыноктук күчкө ээ боло алат жана ар бир конкреттүү рынок үчүн ал рынокту изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча жана анын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жекеге аныкталышы керек.

Эгерде белгилүү бир товардын рыноктогу үлүшү 35 пайыздан ашпаса чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүгү рынокто атаандаштарга таандык үлүштөрдүн өлчөмүнө, ушул рынокко атаандаштардын жетүү мүмкүндүгү же рынокту мүнөздөөчү башка критерийлери тууралуу рыноктогу анын үлүшүнүн стабилдүүлүгүнөн улам аныкталат.

Эскертүү: Үстөмдүк абал түшүнүгүн практикада белгилөөгө мүмкүн болбогон учурлар айрыкча көп таралган. Ал рыноктордун көпчүлүгү дүң же чекене түзүүчү болуп жасалма бөлүштүрүлүшүнө байланыштуу, мында товардын негизги өндүрүүчүсү (дүң рыногундагы сатуучусу) чекене рынокко жеткирүүчү болуп саналбайт жана ушул рыноктун катышуучусу болуп эсептелбейт. Демек, товар өндүрүүчүлөрүнүн чекене звеносуна таасир этиши мындай учурларда эске алынбайт.

41. Чарба жүргүзүүчү субъекттин рыноктук күчүнүн белгилерин аныктоодо чарба жүргүзүүчү субъектке атаандаштыкты чектөөгө мүмкүндүк берген башка шарттар, анын ичинде төмөнкүдөй бир же бир нече белгилердин болушу эске алынат:

тиешелүү товардын рыногунда чарба жүргүзүүчү субъектте атаандаштын жоктугу;

тиешелүү товарды жалгыз өндүрүүчүсү (сатуучусу) же керектөөчүсү (сатып алуучусу) болуп саналбаган чарба жүргүзүүчү субъекттин товарды сатууда жана сатып алууда, жеткирүү жөнүндө келишимди түзүүдө сатып алуучу же сатуучу үчүн алгылыктуу эмес шарттарды таңуу мүмкүндүгү;

чарба жүргүзүүчү субъекттин материалдык-техникалык ресурстардын (чийки зат, материалдар, жабдуулар, энергия ресурстары ж.б.) рыногунда башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыгын чектөө мүмкүндүгү;

чарба жүргүзүүчү субъекттин товарларды сатууда, товарларды жеткирүү жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүүдө бир тараптуу пайда табуу максатында сатуу рыногуна товарларды жеткирүүнү кыскартуу же чектөө мүмкүндүгү;

монополиялык жогорку же монополиялык төмөн бааларды коюу жана колдоо мүмкүндүгү;

атаандаштыкка каршы башка аракеттерге мүмкүндүгү.

Саналып өткөн белгилердин биринин же бир нечесинин болушу рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттин рыноктук күчүн таануу үчүн шарт болуп саналат.

Мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттерин талдоо зарыл, анын ичинде:

- айрым тармактардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү;

- колдонулуп жаткан салык салуу системасын;

- айрым тармактарда, региондордо чарба ишин жүзөгө ашыруу үчүн жеңилдиктерди жана айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге жеңилдиктерди белгилөө;

- ресурстарды, мамлекеттик заказдарды бөлүштүрүүнүн колдонуудагы системаларын.

Рыноктун субъекттери колдонуп жаткан өндүрүштүк, илимий-техникалык, маркетингдик стратегияларга талдоо жүргүзүү керек. Бул топко фирмалардын рыноктогу атаандаштык артыкчылыктарын түзүүчү факторлор кирет.

42. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин топторунун рыноктук бийликке биригип ээлик кылуу мүмкүндүгүн дагы эске алуу керек. Бул чарба жүргүзүүчү субъекттер өз алдынча өзүнүн абалына кыянаттык менен пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болбой, бирок топторго биригүүдө жана өз ара макулдашканда алар керектүү рыноктук бийликке ээ болушат.

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин топторунун биригишкен үстөмдүгүнүн жүйөөсүн изилдөөдө алардын өз ара аракеттенүү даражасын баалоо керек. Өз ара аракеттенүү формаларына:

акцияларга, үлүштөш салымга, бири-биринин уставдык фонддорундагы үлүштөргө ээлик кылууга негизделген өз ара аракеттенүү;

курамына бирдиктүү экономикалык саясатты жүргүзгөн бир нече юридикалык жактан өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъекттер кирген уюштуруу-укуктук түзүмдөрдү түзүү.

43. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин топторунун үстөмдүк абалын баалоо эки мамилеге негизделет:

чарба жүргүзүүчү субъекттер бирдиктүү чарбакер субъект катары (мисалы, керектүү болгон өз ара контролду жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бири-биринин акцияларына ээлик кылган учурларда) каралышат. Мында талдоо процессинде аныкталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин топторунун үлүшү бардык чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнүн суммасы болуп эсептелет.

рыноктук күчтү аныктоо айрым чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалын мүнөздөөчү белгилерди эске алуу менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин-лидерлердин жүрүм-турумун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат (мисалы, олигополистик рыноктор жана бири-бирин начар контролдоо учурларында).

44. Рыноктук күчтүн туруктуулугун мүнөздөө үчүн сандык көрсөткүчтөр өзгөрүү тенденциясын көрсөтүүчү динамикада эсептелет.

Кыска мөөнөттүү рыноктук күчтү мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдү да аныктоо керек, анткени чарба жүргүзүүчү субъекттердин (чарба жүргүзүүчү субъекттердин топтору) каалаганы ал үчүн жагымдуу конъюнктуралык жагдай пайда болгондо аны атаандаштыкты чектөө үчүн колдонушу мүмкүн, коюлган максатка жетишпестен эле, өзүнүн атаандаштарына же керектөөчүгө олуттуу зыян келтирет.

11. Рыноктордогу атаандаштык абалына жыйынтык баа

45. Рыноктун структурасын мүнөздөөчү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү салыштыруу жана талдоо, изилденүүчү рыноктук структуралардын кайсыл тибине таандык экендигин аныктоого жана ушул рынокто атаандаштыктын өнүккөндүгүнүн (же өнүкпөгөндүгүнүн) деңгээлин баалоого мүмкүндүк түзөт.

46. Атаандаштык чөйрөсүнүн абалы өнүкпөгөн катары терс бааланган учурда жагдайды жакшы жакка өзгөртүүнүн шарттарын аныктоо, монополияга каршы органды аракетинен көз каранды болгон жана көз карандысыздарды бөлүп көрсөтүү керек.

47. Ушул рынокто атаандаштык чөйрөсүн түзүү процессине монополияга каршы органдын кийлигишүүсүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундуда мындай кийлигишүүнүн багыттары, формалары жана методдору аныкталат.

48. Атаандаштыктын өнүкпөгөндүгүнүн табылган себептерине байланыштуу монополияга каршы органдын иш аракеттери төмөнкүдөй жолдор менен ушул рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин санын көбөйтүүгө багытталышы мүмкүн:

1) рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктарды төмөндөтүү, баарынан мурда, инвестициялык процессти жандандыруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө тийиштүү суроолорду киргизүү;

2) региондор аралык жана эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана сунуштарды киргизүү;

3) атаандаштыкка каршы аракеттери ачылган чарба жүргүзүүчү субъекттерди белгиленген тартипте бөлүү (бөлүп чыгаруу);

4) рынокто иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда экономикалык топтолуу процессин чектөөчү чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды киргизүү;

5) ушул рынокто иштеп жаткан субъекттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана сунуштарды киргизүү;

6) монополияга каршы органдын ыйгарым укуктарына ылайык, үстөмдүк абалда болгон рыноктук субъекттердин рыноктук күчүн чектөө.

12. Аналитикалык отчёт

49. Рынокто атаандаштык абалына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча аналитикалык отчёт түзүлөт, анда жүргүзүлгөн талдоонун кыска жыйынтыктары жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча тиешелүү чаралардын көрүлүшү же жөнгө салуучу чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар келтирилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу