"Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомун бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2012-жылдын 11-июну N 391

Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эреже тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Ө.Бабанов


Тиркеме




Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 11-июнундагы
N 391 токтому менен
бекитилген

Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө
ЭРЕЖЕ

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 403, 2017-жылдын 16-майындагы № 289, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Ушул Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эреже (мындан ары - Эреже) үстөмдүк абалды ээлеген жана Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүргүзгөн чарбакер субъекттерди бөлүү (ажыратуу) шартын, тартибин жана ыкмасын аныктайт.

1. Жалпы жоболор

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект системалык түрдө монополиялык иш жүргүзсө мамлекеттик монополияга каршы орган (мындан ары - монополияга каршы орган) мындай уюмдарды мажбурлап бөлүү тууралуу чечимди же алардын курамынан бир же бир нече уюмду бөлүү тууралуу чечимди кабыл алууга укуктуу.

2. Чарбакер субъектти мажбурлап бөлүү же ажыратуу жөнүндө чечим бир же бир нече төмөнкү шарттардын бири болгондо кабыл алынат:

1) рынокто атаандаштыктын өнүгүшүнө алып келсе;

2) уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бөлүнүү мүмкүнчүлүгү бар болсо;

3) уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн технологиялык шартталган өз ара байланышы жок болсо;

4) кайра түзүлүүнүн жыйынтыгында түзүлгөн юридикалык жактар үчүн тиешелүү рынокто өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгү бар болсо.

3. Ишканалардын технологиялык обочолонуу мүмкүнчүлүгү бир катар факторлорго карата болот. Аларга төмөнкүлөр кирет:

- өндүрүштүк процесстин мүнөзү (үзгүлтүксүз, мезгилдүү, убактылуу);

- өндүрүштү уюштуруу түрү (ири сериялуу, майда сериялуу);

- өндүрүлгөн товардын мүнөзү (стандартташтырылган, бир кылка же уникалдуу, сейрек, дифференцияланган);

- өндүрүштүн техникалык жабдылышынын деңгээли (эмгектин фонддук жана энергиялык куралдуулугу, өндүрүштүк процессти автоматташтыруу деңгээли, технологиялык процесстин өндүрүмдүүлүгү жана мобилдүүлүгү).

4. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү тууралуу маселе же алардын курамынан бир же бир нече уюмду бөлүү тууралуу чечим монополияга каршы орган тарабынан каралат.

Мажбурлап ажыратуунун (бөлүү) жыйынтыгында түзүлгөн чарбакер субъекттер жактардын бир тобуна кире алышпайт.

2. Чарбакер субъекттерди бөлүү (ажыратуу) тууралуу материалдарды кароо тартиби

5. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттерди бөлүү (ажыратуу) тууралуу маселени кароо үчүн негиз болуп мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, чарбакер субъекттердин арыздарынын (кайрылуусунун), жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маналалардын натыйжасында аныкталган үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин кыянаттык менен пайдалануусунун фактылары жана монополисттик ишти системалык түрдө жүргүзүүсү эсептелет.

6. Монополияга каршы органга жиберилген арыздар (кайрылуулар) чарбакер субъекттин монополияга каршы мыйзамды бузуу белгилерин тастыктоочу документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Монополияга каршы орган чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) тууралуу материалды кароодо арыз ээсин жана чарбакер субъекттин кызыктар өкүлүн чакырат.

8. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) тууралуу маселени чечүүдөгү ар бир учурда мүмкүнчүлүгү жана максаттуулугу, ошондой эле чарбакер субъектти бөлүүнүн (ажыратуунун) социалдык-экономикалык кесепети тууралуу экспертиза жүргүзүлөт.

9. Эксперттик комиссия чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жол-жобосуна тартылган монополияга каршы органдын адистеринен жана монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароого байланыштуу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон кызыктар адамдардан түзүлөт. Эксперттик комиссия 5 адамдан турат. Эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча сунуштама мүнөздөгү корутунду түзүлөт, комиссиянын тыянагы чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) тууралуу маселени кароодо сөзсүз керек.

Монополияга каршы орган ишти кароого катышуу үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Эксперттик комиссиянын корутундусу чарбакер субъектти бөлүүнүн (ажыратуунун) төмөнкүлөргө таасири тууралуу маалыматты камтышы керек:

- республикалык (региондук) базарларды товарлар (жумуштар, кызматтар) менен толтуруу;

- товарлардын (кызматтардын, жумуштардын) керектөөчүлүк касиетин жакшыртуу;

- товарлардын (кызматтардын, жумуштардын) белгилүү бир түрлөрүнө баанын төмөндөшү (жогорулашы);

- республиканын (белгилүү региондун) калкынын жумуштуулугун жогорулатуу (төмөндөтүү) чоңдугу;

- ишкананын кирешесинин деңгээлин жогорулатуу (төмөндөтүү).

11. Материалды кароого катышкан адамдар бирдей укукка ээ, алар материалдар, эксперттик комиссиянын корутундусу менен тааныша алат, жазуу жүзүндөгү түшүнүк кат, ишти кароону которуу, көз карандысыз эксперттерди тартуу жөнүндө өтүнүч кат, кызыктар маселелер боюнча кошумча документтерди бере алат.

Материал арыз ээси же башка кызыктар тараптар жок болгон учурда төмөнкү шартта каралат, эгерде алар материалды кароонун убактысы тууралуу тиешелүү түрдө маалымдалса жана алардан карала турган материалды кийинкиге калтыруу тууралуу негизделген өтүнүч кат түшпөсө.

12. Үстөмдүк абалды ээлеген жана системалык түрдө монополисттик иштерди жүргүзгөн чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) тууралуу материал материалдарды кароо жөнүндө чечим чыккан учурдан тартып үч айдын ичинде монополияга каршы орган тарабынан каралат.

Эреже бузууну далилдөөгө керек болгон документтер жок болгон же эксперттик комиссиянын корутундусу жок болгон учурларда монополияга каршы органдын жетекчиси же анын орун басары кароо мөөнөтүн 30 күнгө узартуу укугуна ээ. Мөөнөтүн узартуу тууралуу материалга тиешелүү маалымат жазылат жана ары ээсине билдирилет.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) тууралуу материалды кароонун жыйынтыгы боюнча монополияга каршы орган чечим кабыл алат:

- чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жөнүндө;

- чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жөнүндө материалдарды кароону токтотуу жөнүндө.

Монополияга каршы органдын чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылышы керек, ал үч айдан кем болбоого тийиш. Чечим чарбакер субъекттерге аткаруу үчүн кабыл алган учурдан тартып үч иш күндүн ичинде берилет.

Монополияга каршы органдын чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жөнүндө материалды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алган чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган административдик (сотко чейинки) тартипте кызыгдар тараптар даттанышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Өз ыктыяры менен чечимди аткаруудан баш тарткан учурда монополияга каршы орган ишти Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте сот органдарына берет.

15. Эгерде чарбакер субъект өзүнүн үстөмдүк кылуучу абалын кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө монополиялык ишкердүүлүктү көрсөтсө жана өзүнүн иш-аракети менен атаандаштыкты чектөөнү жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын бузууну шарттаса, ал эми аларды мажбурлап бөлүү (ажыратуу) технологиялык себептер боюнча мүмкүн болбосо монополияга каршы орган төмөнкүлөрдү жасашы мүмкүн:

1) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 403 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2) алардын бири же баары монополисттик ишти жүргүзгөндө рыноктун субъекттери ортосунда түзүлгөн макулдашууларга чектөө пункттарын киргизүүнү.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 403 токтомунун редакциясына ылайык)


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу