Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 21-июну № 431

Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн2015-жылдын 23-июну № 403токтомдун редакциясына ылайык)


«Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый  монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнчаэрежелертиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-мартындагы № 128 «Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнчаэрежелердибекитүү жөнүндө»токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун8-пункту.

3. Бул токтом расмийжарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр

Ө. Бабанов



Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 21-июнундагы № 431
токтомуменен бекитилген


Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелер


(КР Ѳкмѳтγнγн2015-жылдын 23-июну № 403токтомдун редакциясына ылайык)


1. Жалпы жоболор


1. Бул Эрежелер чарбакер субъекттердин уюштуруу жана башка документтеринин Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуулугуна экспертиза (мындан ары - монополияга каршы экспертиза) жүргүзүү жолу менен экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоонун механизмдерин аныктайт, ал төмөнкү учурда колдонулат:

1) чарбакер субъекттер (алардын бирикмелери), табигый  монополия субъекттери кайра уюшулганда (бириккенде, кошулганда, кайра түзүлгөндө);

2) табигый  монополия субъекттери жоюлганда;

3) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын биригиши, кошулушу жана жоюлушу;

4) товардын ошол эле түрүндө иштеген башка чарбакер субъекттин уставдык капиталындагы катышуусу рыноктогу белгилүү бир товарлардын, акциялардын, үлүштөш салымдын, үлүштүн көпчүлүгүн камтыган чарбакер субъекттин ээлеп алуусу болсо, ошондой эле ар кайсы юридикалык жактын же жарандын үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъекттин катышуусундагы акциялардын, үлүштөш салымдын, үлүштүн контролдук пакетин сатып алган учурда.

2. Бул Эрежелер «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаылайык чарбакер субъекттер жоюлган учурда колдонулбайт.


2. Негизги түшүнүктөр


Арыз берүүчүлөр - чарбакер субъекттерди, табигый  монополия субъекттерин өзгөртүп түзүү, жоюу жөнүндө, акцияларды, үлүштөш салымды сатып алуу чечимин кабыл алган жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органында (мындан ары - монополияга каршы орган) жана анын аймактык органдарында чарбакер субъекттин атынан чыгууга жана кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укук берилген адамдар.


3. Монополияга каршы экспертизаны өткөрүү үчүн талаптар


3. Чарбакер субъекттер ушул Эреженин1-пунктунда каралган иштерге монополияга каршы органдын болжолдуу макулдугун алууга өтүнүч кат берет, өтүнүч кат төмөнкүлөрдү камтуусу керек:

1) Өтүнүч менен монополияга каршы органга кайрылган арыз берүүчү тууралуу жалпы маалымат:

- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы жана анын жайгашкан орду, аты-жөнү, жетекчисинин телефон жана факс номери;

- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери;

- жеке жактын (арыз берүүчүнүн) кызыкчылыгын коргогон жана анын атынан чыгууга ыйгарым укуктуу жак үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык таризделген өкүлдүн жазуу түрүндөгү укуктарынын далилдери тиркелет.

2) Ушул Эреженин 1-пунктуна ылайык мамлекеттик контролго тиешелүү болгон иштин предмети тууралуу маалымат.

3) Монополияга каршы орган бардык маалыматтарды жана чечимдерди жибере турган дарек көрсөтүлүүсү керек.

4) Монополияга каршы экспертизаны өткөрүү үчүн арыз берүүчү төмөнкү документтерди өтүнүчкө тиркейт жана монополияга каршы органга берет:

а) чарбакер субъекттер (алардын бирикмелери), табигый  монополия субъекттери кайра түзүлгөндө (бириккенде, кошулганда), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар бириккен, кошулган учурда:

- чарбакер субъекттердин (алардын бирикмелеринин), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын биригүү жана/же кошулуу максаты тууралуу маалымат;

- уюштуруучу документтердин жана каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- биригүү жана/же кошулуу формасында кайра түзүлүү тууралуу ар бир чарбакер субъекттин катышуучуларынын чечиминин көчүрмөсү;

- бириккенден жана/же кошулгандан кийинки юридикалык жактын ишинде пландалган өзгөртүүлөрдү көрсөтүү менен биригүү жана/же кошулуу планы;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ар бир чарбакер субъекттин финансылык абалын чагылдырган аудитордук корутунду;

- отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик баланс, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөр;

- уюштуруучулар тууралуу маалымат:

жеке жактар үчүн - иштеген жери, кызматы, жашаган жери.

Ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү тиркелет;

юридикалык жактар үчүн - толук аталышы, каттоо тууралуу маалыматтар, юридикалык дареги жана башка керектүү маалыматтар. Ээлик кылуучу документтердин, бухгалтердик баланстын көчүрмөсү тиркелет;

- ишкердиктин негизги түрү тууралуу, продукциялар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) тууралуу маалыматтар.

Маалыматтар биригүү жана/же кошулуу формасында өзгөрүп түзүлүүдө катышкан ар бир чарбакер субъектке (алардын бирикмелерине), табигый  монополия субъекттерине, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга берилет.

б) чарбакер субъекттерди (алардын бирикмелерин), табигый  монополия субъекттерин кайра түзүүдө (өзгөртүп түзүүдө):

- чарбакер субъекттердин (алардын бирикмелеринин) кайра түзүлүү максаты тууралуу маалымат;

- уюштуруучу документтердин жана каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- кайра түзүлүү формасында өзгөрүп түзүлүү тууралуу катышуучулардын чечиминин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык арыз берүүчүнүн финансылык абалын чагылдырган аудитордук корутунду;

- отчеттук мезгил ичиндеги бухгалтердик баланс, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөр;

- уюштуруучулар тууралуу маалымат:

жеке жактар үчүн - иштеген жери, кызматы, жашаган жери. Ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү тиркелет.

юридикалык жактар үчүн - толук аталышы, каттоо тууралуу маалыматтар, юридикалык дареги жана башка керектүү маалыматтар. Уюштуруу документтеринин көчүрмөсү, бухгалтердик баланс тиркелет;

в) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, табигый  монополия субъекттери жоюлган учурда жоюлуу себеби көрсөтүлүшү керек жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоюлуу документтеринин толук пакети берилет.

г) ошол эле түрдөгү товарлар рыногунда иштеген башка чарбакер субъекттин уставдык капиталында белгилүү бир товарлардын, акциялардын, үлүштөш салымдын, үлүштүн рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект ээлеп алган учурда жана үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъекттин акцияларынын, үлүштөш салымынын, катышуу үлүшүнүн контролдук пакети ар кандай юридикалык жак же жаран сатып алган учурда3-пунктун 1 - 3-пунктчаларына ылайык жол-жоболоштурулган өтүнүч жана көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү аткарууда максатынын кыскача негизи менен башка чарбакер субъекттин уставдык капиталындагы жана/же контролдук пакетиндеги акцияларды, үлүштөш салымды, үлүштү алуу маселеси боюнча документтердин көчүрмөсү берилет, анын ичинде:

- уюштуруучу документтердин көчүрмөсү жана бүтүмдүн катышуучуларынын каттоо тууралуу күбөлүгү;

- бүтүм жөнүндө келишимдин акыркы версияларынын көчүрмөсү;

- бүтүмдү түзө турган жана келишимге кол коюуга божомолдонгон дата тууралуу маалымат;

- алуу жүргүзүлүп жаткан тараптын тиешелүү укуктарын же мүлкүн, акцияларын (үлүштөрүн) ээлеп алуунун иш-аракетин жактыруу тууралуу документтер;

- менчиктин боло турган түзүлүшүн сүрөттөө жана баалоо жана бүтүмдү же ишти (келишимге кол коюу) аяктагандан кийинки контроль, анын ичинде бүтүмдү аяктоонун жыйынтыгында ээ болгон укуктардын көлөмүн баалоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык финансылык отчеттун аныктыгы тууралуу аудитордук корутундунун тиркемеси бар акыркы жылдагы иш үчүн бухгалтердик баланс;

- бүтүмдү түзгөндөн кийинки ишкердүүлүк ишин жүргүзүү шартын баяндап жазуу жана товардык рынокто чарбакер субъекттин продукциясына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө бүтүмдүн божомолдонгон таасирин баяндап жазуу;

- бүтүмдүн катышуучуларынын бардык иш түрүнүн тизмеси.

4. Монополияга каршы органга жогоруда көрсөтүлгөн жана талап кылынган документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте ырасталган көчүрмөлөрү берилет.


4. Өтүнүчтөрдү берүү жана аларды кароо тартиби


5. Ушул Эреженин 3-главасында каралган өтүнүч катты жана бардык документтерди чарбакер субъект Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынан каттоодон өткөнгө жана/же бүтүмдөрдү каттаганга чейин монополияга каршы органга берет.

6. Монополияга каршы органга өтүнүч өткөрүлгөн күн болуп ушул Эрежелердин 3-главасында көрсөтүлгөн документтердин бардыгы түшкөн күн эсептелет.

7. Өтүнүчтөрдү монополияга каршы орган алган учурдан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде карайт.

8. Өтүнүчтө жана тиркелген документтерде камтылган фактылар өзгөрсө жана алар чечим кабыл алуу үчүн маанилүү болсо, арыз берүүчү тезинен монополияга каршы органга билдирет.

Мамлекеттик монополияга каршы органга өтүнүч катты жана кабарламаны (арызды) бербөө, анык жалган маалыматты камтыган өтүнүч катты жана кабарламаны (арызды) берүү, өтүнүч катты жана кабарламаны берүү тартибин жана мөөнөтүн бузуу Кыргы5 Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын жалган кабарлама (арыз) бергендик катары эсептелет, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөКодексиндекаралган жоопкерчиликти тартат.

9. Монополияга каршы экспертиза ушул Эрежеде белгиленген мөөнөттө өткөрүлгөндөн кийин монополияга каршы орган арыз ээсине өз чечимин (макулдугун же макул эместигин) жазуу түрүндө билдирет. Чечимдин себептери жүйөлүү болууга тийиш.

10. Эгерде өтүнүчтү канааттандыруу чарбакер субъекттин үстөмдүк абалын күчөтүүгө, же атаандаштыкты чектөөгө алып келиши мүмкүн болсо жана (же) өткөрүлгөн документтерди кароодо чечим кабыл алуу үчүн мааниге ээ документтердеги маалыматтар туура эмес экени аныкталса, монополияга каршы орган өтүнүчтү канааттандырбоого укуктуу.

11. Айрым учурларда, монополиялык иш-аракеттер жана атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашылган иш-аракеттер) пайда болгон учурларда, монополияга каршы орган чарбакер субъекттин үстөмдүк абалы пайда болушуна же күчөшүнө жана (же) атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болгон өтүнүчтү эгер ушул Эрежелер колдонулуучу чарбакер субъекттер алардын иш-аракетинин жакшы натыйжасы каралып жаткан рыноктогу, анын ичинде социалдык- экономикалык чөйрөдөгү терс таасирлерден артыгыраак болоорун далилдешсе, өтүнүчтү канааттандырууга укуктуу.

12. Монополияга каршы орган өтүнүчтү чарбакер субъекттердин өзгөртүп уюштуруу (бириктирүү, кошуу, кайра түзүү) жөнүндө тапшырылган планын өзгөртүү, атаандаштыкты камсыздоого багытталган талаптарды коюу менен канааттандырууга укуктуу. Мында монополияга каршы органдын чечиминде конкреттүү талаптар коюлуп, аларды коюунун негиздемеси жана аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

13. Чарбакер субъекттерди бул Эрежелерди бузуп каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү жана жоюу, ошондой эле ушул Эрежени бузуу менен жасалган бүтүмдөр аныкталган тартипте жараксыз деп табылат.


5. Корутунду бөлүк


14. Монополияга каршы органдын аймактык бөлүмдөрү өздөрүнө түшкөн өтүнүчтөрдү кароонун жыйынтыгы тууралуу монополияга каршы органдын борбордук аппаратына маалымат берүүгө милдеттүү.

Эгерде аймактык органдын чечими мыйзамсыз же чечимдин долбоору негизсиз болсо, анда монополияга каршы орган аймактык органга аны жокко чыгарууга көрсөтмө берүүгө укуктуу.


6. Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик


15. Монополияга каршы орган ушул Эрежени бузган учурда каттоону (кайра каттоону) жараксыз деп табуу тууралуу аныкталган тартипте чечим (көрсөтмө) чыгарууга, чарбакер субъекттен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан көрсөтүлгөн кемчиликти 30 күндүн ичинде жоюу жана атаандаштыктын керектүү шарттарын калыбына келтирүү боюнча чара көрүүнү талап кылууга укуктуу.

16. Монополияга каршы органдын чечимин аткарбаган же тийиштүү аткарылбаган учурда чарбакер субъекттер жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

17. Айып салынган учурда, айыптын суммасы тийиштүү чечим чыгарылгандан баштап 10 күндөн кечиктирбей республикалык бюджетке которулууга тийиш.

18. Чарбакер субъект жана анын кызмат адамдары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан айып төлөнүшү монополияга каршы органдын көрсөтмөсүн аткаруудан бошотпойт.

19. Монополияга каршы органдын чыгарган чечиминин үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык даттанууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу