Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2011-жылдын 31-майы N 191-б

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы N 418-б, 2012-жылдын 6-февралындагы N 33-б, 2012-жылдын 21-ноябрындагы N 544-б, 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б, 2016-жылдын 23-июнундагы № 287-б, 2016-жылдын 14-декабрындагы № 544-б, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 567-б, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы N 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пунктун аткаруу үчүн:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) бул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди коомдук негизде белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

3-1. Ведомстволор аралык комиссиянын жарымынан кем эмеси кеңеш берүүчү добуш укугу менен жарандык коомдоштуктун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден турат.

Аларды тандоо жана Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына чакыруу тартиби каралуучу маселелердин тематикасына жараша Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке (муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча) жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы N 544-б, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


А.Атамбаев




Тиркеме

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б буйругунун редакциясына ылайык)

Мукамбетов Мурат Картайбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.

Кызмат орундары боюнча:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору.

Жекече (макулдашуу боюнча):

Мусаева Айжан Эркиновна

-

Регионалистика жана өнүктүрүү борборунун директору;

Капарова Айнура Акимжановна

-

көз карандысыз эксперт;

Третьяков Александр Викторович

-

көз карандысыз эксперт;

Балтагулов Джалалбек Тюрегельдиевич

-

көз карандысыз эксперт;

Коак Александр Николаевич

-

"Коомдук технологиялар борбору" мекемесинин эксперти;

Абдимиталипова Чолпон Абдимиталиповна

-

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин өкүлү;

Слепченко Наталья Сергеевна

-

көз карандысыз эксперт;

Чекиров Асылбек Асаналиевич

-

көз карандысыз эксперт;

Шаршеева Аида Шеримбековна

-

"Digital casa" долбоорунун менеджери;

Алдакулова Бубусара Турдалиевна

-

көз карандысыз эксперт;

Ускенбаева Гульнара Тураровна

-

Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти;

Булатова Юлия Нарыновна

-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын юристи.

Эскертүү. Кызмат орду боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечимине же ошол мамлекеттик органдын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу