КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2002-жылдын 22-августу N 584
Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администратор дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622 токтомунун редакциясына ылайык)
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле банкроттук процессинин процедураларын ишке ашыруучу администраторлорду дайындоонун, четтетүүнүн жана бошотуунун тартибин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторлорду дайындоо тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Банкроттук иштери боюнча башкармалык Банкроттук иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администратор дайындоонун Жобосун ишке ашырууну камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана региондук өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторду дайындоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837, 2017-жылдын 22-июнундагы № 398, 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары текстте - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана банкроттоо процесси сот тартибинде жүргүзүлгөн учурда администраторлорду Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан дайындоонун, четтетүүнүн жана бошотуунун тартибин жөнгө салуу жагында Мыйзамдын жоболорун ишке ашырууга багытталган.
Ушул Жобо, ошондой эле кредиторлор жыйынында соттон тышкары тартипте администраторлорду дайындоого, четтетүүгө жана бошотууга карата да колдонулушу мүмкүн. Депозиттерди тартпаган финансы-кредит уюмдарын кошпогондо, банктар жана башка финансы-кредит уюмдары банкрот болгон учурларда Убактылуу администраторлорду жана жоюучуларды дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мыйзамдын 8-статьясынын 4-пунктуна, 17-статьясынын 2-пунктуна ылайык администраторлорду (атайын администраторлорду, тышкы башкаруучуну) дайындоочу, четтетүүчү жана бошотуучу орган Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган (мындан ары текстте мамлекеттик орган) болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Администраторду дайындоо тартиби
3. Администраторду дайындоо Мыйзамда белгиленген тартипте карызкор банкрот (кудуретсиз) деп табылгандыгы тууралуу соттун чечимин алгандан тартып беш күндүн ичинде, бирок сот чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан, ошондой эле ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн арызды (өтүнүчтү) алгандан кечикпестен мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Мында Мамлекеттик орган кредиторлорго банкроттук жөнүндө кабар берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Администратордун талапкерлиги кредиторлордун бири (кредиторлор), карызкор тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн. Бул учурда администратордун талапкерлиги карызкор банкрот (кудуретсиз) деп табылгандыгы тууралуу сот чечим чыгаргандан ушул пунктта көрсөтүлгөн жактар тарабынан көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн жактар (арыз берүүчүлөр) сунуш кылынган талапкерди администраторлукка дайындоо тууралуу мамлекеттик органга арыз (өтүнүч) берүүгө милдеттүү.
6. Арыз (өтүнүч) жазуу түрүндө машинкага басылган текст менен берилет. Кредитордун - юридикалык жактын арызына анын жетекчиси же өкүлү, ал эми кредитор - граждандыкына ошол граждан же анын өкүлү кол коет.
7. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) арыз берүүчүнүн аталышы (аты-жөнү) жана анын почталык дареги;
2) карызкордун банкрот (кудуретсиз) деп таанылышы тууралуу соттун чечими тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен;
3) администраторду дайындоо тууралуу талап, администраторлук кызматка сунуш кылынуучу талапкер жөнүндө маалымат (анын ичинде талапкердин аты-жөнү), банкроттоо процессинде администраторлук ишти жүзөгө ашырууга лицензиясынын номери, датасы жана сунуш кылынуучу талапкердин адистик жарамдуулугунун көрсөткүчү болуп саналган башка маалыматтар.
8. Мыйзамдын талаптарына жооп берген бардык эле жак өз алдынча, ушул Жободо белгиленген тартипте өз талапкерин дайындоо үчүн мамлекеттик органга сунуш кылууга укуктуу.
9. Администратордун сунуш кылынган талапкерлиги Мыйзамдын 8-статьясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы N 865 токтому менен бекитилген Банкроттоо процессинин процедураларын колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелердин 9-бөлүгүндө белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837, 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Администраторлукка бир да талапкер көрсөтүлбөгөн учурда мамлекеттик орган мындай ишти аткарууга аткаруу укугуна лицензиясы бар жактардан администраторду дайындайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бир нече талапкер болгон учурда администраторду дайындоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Администраторду дайындоо үчүн талапкердин конкурсун өткөрүүдө администратор катары иш стажы, билими, объекттердеги администратор катары иштеринин натыйжасы ж.б. көңүлгө алынат.
11-1. Конкурстук тандоо мамлекеттик орган түзгөн конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Администратор кызмат ордуна конкурстук негизде талапкерлерди тандоо процессин камсыздоо конкурстук комиссиянын милдети болуп саналат.
Конкурстук комиссия беш адамдан турат. Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары конкурстук комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя үч жумуш күндөн кем эмес мөөнөттө жарыяланат.
Администратор кызмат ордуна талапкерлер мамлекеттик органга ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн арызды (өтүнүчтү) берген күндөн тартып үч күндүн ичинде конкурстук комиссияга төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө тийиш:
- жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн;
- администратор катары иш стажын ырастаган документтин көчүрмөсүн (мүмкүн болушунча);
- мурунку объекттерде администратор катары ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты (мүмкүн болушунча).
Конкурс эки этапта жүргүзүлөт:
1) квалификациялык тандоо, документтердин ушул Жобонун талаптарына шайкештигин текшерүү;
2) конкурстук комиссия менен маектешүү.
Конкурстук комиссиянын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, тиешелүү протокол менен таризделет, ага конкурстук комиссиянын төрагасы кол коёт. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
Эгерде конкурстук комиссиянын жыйналышына конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын жарымынан көбү катышса, ал укуктуу болот. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүндө өзгөчө пикир бар болсо, ал протоколго киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Администратор мамлекеттик органдын буйругу менен дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837 токтомунун редакциясына ылайык)
13. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. Администраторду дайындоо жөнүндөгү мамлекеттик органдын чечими ал чыккандан тартып он күндүн ичинде Мыйзамда белгиленгендей соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Чечимди даттануу анын аракетин токтотпойт.
Даттануу процессинде администратор карызкордун активдерин сатууга укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Администраторду дайындоо жөнүндөгү мамлекеттик органдын чечими сот тарабынан жокко чыгарылган учурда чечимдин көчүрмөсүн сот кийинки күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органга жиберүүгө тийиш.
16. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин алгандан тартып, мамлекеттик орган мурда дайындалганды милдеттерин аткаруудан бошотуп, жаңы администраторду дайындашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Администраторду өзүнүн милдеттерин аткаруудан четтетүү (убактылуу бошотуу) тартиби
17. Мамлекеттик орган Мыйзамда каралган учурларда администраторду, анын ичинде ушул Жободо белгиленген тартипте кредиторлор чогулушу (соттон тышкаркы тартипте) дайындаганды, өз милдеттерин аткаруудан четтетүүгө (убактылуу бошотууга) укуктуу.
18. Мамлекеттик орган төмөнкү учурларда администраторду өз милдеттерин аткаруудан четтетүүгө (убактылуу бошотууга) укуктуу:
1) администраторго карата кылмыш иши козголгон учурда;
2) банкроттоо процессин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабоо фактылары ашкереленгенде;
3) сотко, Банкроттук иштер боюнча мамлекеттик органга, кредиторлор чогулушуна маалымат бербегенде же жалган же/жана толук эмес маалымат бергенде;
4) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Администраторду четтетүү жөнүндөгү маселени кароодо мамлекеттик орган администраторду чакырууга, маселени жеткире чечүү үчүн зарыл болгон документтерди берүүнү талап кылууга укуктуу.
20. Администраторду четтеткенден тартып бир эле учурда мамлекеттик орган Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларды чечүү (четтетүү) мезгилине мындай ишти аткаруу укугуна лицензиясы бар жактардан конкурстук негизде жаңы администраторду дайындоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Администраторду четтетүү жана жаңы администраторду дайындоо жөнүндө чечим дароо күчүнө кирүүчү буйрукка жазылат.
22. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар чечилген (четтетилген) учурда мамлекеттик орган четтетилген администратордун ыйгарым укуктарын калыбына келтирүү тууралуу чечим кабыл алат же жаңы адмииистратордун ыйгарым укуктарын ырастайт жана четтетилген администраторду бошотот.
23. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. Мамлекеттик органдын администраторду четтетүү, жаңы администратордун ыйгарым укуктарын ырастоо, четтетилген администраторду бошотуу жөнүндөгү чечими ал чыккандан тартып он күндүн ичинде Мыйзамда белгиленгендей соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837, 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Администраторду өзүнүн милдеттерин аткаруудан бошотуу тартиби
25. Мамлекеттик орган төмөнкү учурларда администраторду, анын ичинде кредиторлор чогулушу тарабынан (соттон тышкаркы тартипте) дайындалганды өз милдеттерин аткаруудан бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу:
1) администратор анын ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде администратордун лицензиясы белгиленген тартипте алынып коюлганда;
2) банкроттоо процессинин процедураларын жүргүзүүдө администратор Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузса;
3) администраторго карата кылмыш иши боюнча соттун өкүмү күчүнө киргенде;
4) администратордун милдеттеринен бошотуу тууралуу администратордон арыз түшсө;
5) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) администратор жүргүзүү үчүн дайындалган процедуралар белгиленген тартипте токтотулганда (бүткөндө);
6-1) дайынсыз жоголгон деп таанылган учурда;
6-2) каза болгон учурда;
7) Мыйзамдын 15-статьясынын талаптарына ылайык кредиторлор чогулушунун чечими боюнча кредиторлор чогулушу (комитети) тарабынан администраторго ишеним көрсөтпөөнүн натыйжасында.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда мамлекеттик орган буйругу менен администраторду бошотуу жана жаңы администраторду дайындоо тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Администраторду бошотуу жана жаңы администраторду дайындоо тууралуу буйрук дароо күчүнө кирет.
27. Мамлекеттик орган администраторду бошоткондугу тууралуу буйрукту карызкорду банкрот (кудуретсиз) деп табуу жөнүндө чечим чыгарган соттун дарегине тиешелүү чечим кабыл алынган күндүн кийинки күнүнөн кечиктирбестен жиберет.
28. Мамлекеттик органдын администраторду бошоткондугу тууралуу чечими ал Мыйзамда белгиленген тартипте чыккандан тартып он күндүн ичинде соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 837, 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)