"Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу токтом

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 2-июлу № 310

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу


"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев, А.А.Турсунбаев, И.А.Пирматов, А.М.Маматов, Ж.А.Калмаматов, Ж.К.Турускулов, А.М.Султанов, П.Р.Тулендыбаев, Г.К.Асылбаева, М.К.Жеенчороев, К.Ж.Рыспаев, А.Т.Жутанов, М.А.Исаков, И.В.Чудинов, Н.Н.Нишанов, У.Т.Кыдыралиев, А.И.Кулбараков, Д.Ш.Исаева, Д.Д.Бекешев, И.З.Сарсейитов, Б.С.Ибраимжанов тарабынан демилгеленген "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусужактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.


Премьер-министри


М. Абылгазиев




Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2018-жылдын 2-июлундагы
 № 310 токтому менен
 жактырылган

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 
КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев, А.А.Турсунбаев, И.А.Пирматов, А.М.Маматов, Ж.А.Калмаматов, Ж.К.Турускулов, А.М.Султанов, П.Р.Тулендыбаев, Г.К.Асылбаева, М.К.Жеенчороев, К.Ж.Рыспаев, А.Т.Жутанов, М.А.Исаков, И.В.Чудинов, Н.Н.Нишанов, У.Т.Кыдыралиев, А.И.Кулбараков, Д.Ш.Исаева, Д.Д.Бекешев, И.З.Сарсейитов, Б.С.Ибраимжанов тарабынан демилгеленген "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын толуктап иштелип чыккан долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Толуктап иштелип чыккан Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 298 токтому менен жактырылган "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусунда баяндалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым сын-пикирлери жана сунуштары эске алынбагандыгын белгилей кетүү зарыл.

1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин212-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 257-беренесине электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ түрүндөгү абалдагы кайра жаралуучу отунду, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануудан алынган суюк биологиялык отунду өндүрүүчүлөрдү киреше алган учурдан тартып беш жыл ичинде пайдадан алынуучу салыктан бошотуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн адистештирилген товарларды жана жабдууларды кошумча нарк салыгынан бошотуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Салык кодекси чарба субъектилерине салык салуунун бирдиктүү мамилесин карайт жана бюджетке салыктарды төлөө милдети, салыктарды салуунун ачыктыгы, адилеттүүлүгү, салык системасынын бирдиктүүлүгү, салыктар жөнүндө мыйзамдардын туруктуулугу жана ачык-айкындуулугу сыяктуу принциптерине негизделет.

Кайра жаралуучу энергияны өндүрүүчүлөр үчүн салыктык преференцияларды берүү салык салуунун негизги принциптеринин бири - бардык чарба субъектилерине бирдей шарттарды жана айрым субъектилердин ортосунда салыктарды адилеттүүлүк жана бирдейлик принцибинде бөлүштүрүү механизмин түзүүнү караган адилеттүүлүк принцибине каршы келет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун ортосунда 2015-жылдын 24-мартында кол коюлган 2015-2018-жылдарга Экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумдун 12-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы ишкер климатын жакшыртуу жана туруктуу өнүгүүнү колдоого жөндөмдүү атаандаштыкка жарамдуу жеке секторду өнүктүрүү үчүн түзүмдүк реформаларды ишке ашыруу максатында, салык саясаты чөйрөсүндөгү белгилүү бир чараларды ишке ашыруу, анын ичинен калган салыктык бошотууларды жокко чыгаруу жана иштин айрым секторлору жана түрлөрү үчүн салык салуунун жеңилдетилген режимин киргизүүдөн кармануу боюнча милдеттерди өзүнө алат.

Фискалдык саясатты өркүндөтүү, адилеттүү салык салуу принцибин сактоо, колдонуудагы салыктык преференцияларды актуалдаштыруу, салыктык жеңилдиктерди берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 токтому менен Тартип бекитилген, ага ылайык салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо үчүн талдоодон өтүүгө тийиш.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин45-беренесинин 5-пунктуна ылайык Бюджет аралык мамилелердин принциптеринин бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан бюджеттердин кирешелериндеги же кошумча чыгашаларындагы жоготуулардын ордун толтуруу болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттин кирешелери түшкөн учурда кирешелердин түшүшүн компенсациялоо чараларын кароо керек.

Ошону менен бирге энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык салыктык преференциялар иштеп жаткан кайра жаралуучу энергияны өндүрүүчүлөргө карата колдонулбайт, салыктык преференциялар жаңы курулган шамал, чакан гидро жана башка электр станцияларына карата гана колдонулат, ошондой эле пайдадан алынуучу салыкты төлөөдөн качуу тобокелдиктерин минималдаштыруу үчүн Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин:

- 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

"14) электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ түрүндөгү абалдагы кайра жаралуучу отунду, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануудан алынган суюк биологиялык отунду өндүрүү боюнча жаңы өндүрүүчүлөрдү энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмо мүлк объекттерин пайдаланууга киргизүү учурунан тартып беш жыл ичинде.";

- 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду курууга арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар.".

2. Мыйзам долбоорунун 2-беренеси боюнча.

1) Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү менен "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын2-беренесине толуктоо киргизүү сунушталууда, ага ылайык аталган Мыйзамменен белгиленген тарифтик преференциялар энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКЖБ) пайдаланган ишке жаңы киргизилүүчү объекттерге, ошондой эле колдонуудагы негизги генерациялоочу жабдыкты же курулмаларды алмаштыруу менен реконструкцияланган объекттерге жайылтылат, мында реконструкциялана турган объекттин инвестицияларынын наркы аудитордук уюм ырастаган, аталган объектти реконструкциялоо боюнча иш башталган учурда реконструкциялоо объекттин баланстык наркынын элүү пайызынан кем болбоого тийиш.

Ошону менен бирге, бул преференциялар жаңы инвестициялык долбоорлор болгондуктан жаңыдан ишке киргизилип жаткан ЭКЖБ объекттерине гана жайылтылышы керек. Мында иштеп жаткан ЭКЖБ объекттерине преференцияларды жайылтуу негизсиз болот, себеби аларды күтүү үчүн бардык чыгымдар коюлуп жаткан тарифтердин эсебинен алда качан жабылган.

Андан тышкары, бул ченемди кошуу иштеп жаткан ЭКЖБ объекттерин жөнгө салууну кыйла кыйындатышы мүмкүн жана баланстык наркынын 50%дык босогосун аныктоо мүмкүн болбогондугуна байланыштуу (ким жана кайсы ченемдердин негизинде аныктайт) коррупциялык көрүнүштөргө жана кыянаттык менен пайдалануу коркунучун түзөт. Ошондой эле, кайсы баланстык нарк жөнүндө (калдык нарк же кайра баалоону эсепке алуу менен) сөз болуп жатканы түшүнүксүз.

Ошону менен бирге, өзүнүн наркын актоо мөөнөтү аяктаганда ЭКЖБ объектисинде реконструкция жүргүзүлгөн жана сунушталган Мыйзамдын долбооруна ылайык реконструкциялануучу объектке карата жогорулатуучу коэффициенттерди эсепке алуу менен электр энергиясына кайталап тариф белгилөө зарылдыгы жаралат.

Жогоруда айтылгандын негизинде, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүмүн алып салууну сунуштайбыз.

2) Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн он бешинчи абзацында ЭКЖБ пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдик берилген мезгилин 10 жыл аралыгына коюу сунушталат.

Бирок айрым учурларда чакан инвестициялык долбоорлор үчүн өзүн-өзү актоо мөөнөтү аталган жеңилдикти берүү мезгилинен алда канча азыраак болушу мүмкүн. Ошентип, аталган ченем белгиленген учурда, долбоор өз чыгымдарын аткаргандыгына карабастан, жеңилдик берилген мезгили (анын ичинде тариф да) ал үчүн колдонула берет.

Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 5-бөлүгүнүн жыйырманчы абзацына ылайык ЭКЖБ пайдалануу менен чыгарылган электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү ишканалардын кошумча чыгымдарын компенсациялоо электр энергиясына жалпы улуттук тарифти акыркы керектөөчүлөр үчүн эсептөөдө жана белгилөөдө эсепке алынат.

Ушуга байланыштуу, электр энергиясын өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын сактоо максатында төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

- Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн он бешинчи абзацындагы "10 жылдын ичинде" деген сөз алып салынсын;

- 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн онунчу абзацы, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү боюнча сунуштарды эске алуу менен төмөнкүдөй редакцияда баяндоо керек:

"- тарифти колдонуу боюнча ЭКЖБ пайдалануу менен долбоорлордун жеңилдик берилген мезгилин колдонуу 10 жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленет.".

3) Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгү менен "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын2-главасын ЭКЖБ пайдалууну колдоо жана өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясын аныктаган 8-1-беренеси менен толуктоо сунушталууда.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын10 жана 11-беренелерине ылайык ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алар жөнүндө жоболорду бекитүү жолу менен бөлүштүрөт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет.

Жогоруда айтылганды эске алуу менен, ошондой эле кайталанган жоболорду болтурбоо максатында Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүн алып салууну жана, зарыл болсо тиешелүү ыйгарым укуктарды "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын8-беренесинин сунушталган редакциясында чагылдырууну сунуштайбыз.

4) Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 5-бөлүгү боюнча.

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, табигый монополиянын субъекттери ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча табигый монополиялардын субъекттеринин иштери жөнүндө финансылык отчетту жана маалыматты берүүгө милдеттүү.

Ушуга байланыштуу, ошондой эле ЭКЖБ пайдалануу долбоорлору өзүн-өзү иш жүзүндө актоо мөөнөтүн аныктоо максатында Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 5-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толуктоону сунуштайбыз:

"- жеңилдик берүү мезгилинин иш жүзүндөгү мөөнөтү ЭКЖБ долбоорунун финансылык-экономикалык ишин талдоонун жана ага мониторинг жүргүзүүнүн негизинде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча аяктайт;".

Ошондой эле, азыркы мезгилде ЭКЖБны өнүктүрүүдө, анын ичинде ЭКЖБ орнотмолору иштеп чыккан электр энергиясын бөлүштүрүүчү электр компаниялары тарабынан сатып алууда да бир жактуу эмес абал түзүлгөндүгүн маалымдайбыз. Жеке менчик ЭКЖБ орнотмолорунан (иш жүзүндө азырынча чакан ГЭСтер эле) электр энергиясын сатып алууну компенсациялоо жылдын жыйынтыктары боюнча ички тарифтерди энергокомпаниялар арасында бөлүштүрүү аркылуу мамлекеттин салттуу энергетикалык системасына, башкача айтканда электр энергетикалык компанияларга гана жүктөлгөн. Ошондуктан, электр энергиясына максималдуу тарифти жогорулатуу менен ЭКЖБдан сатып алынуучу электр энергиясынын баасы жыл ичинде мамлекеттин жалпы энергосистемасы үчүн орчундуу жүккө айланууда.

Мында ЭКЖБнын орточо өлчөнгөн глобалдуу наркынын дүйнөлүк төмөндөшүн белгилеп кетүү керек: күн энергетикасында - 73%, шамал - 23%, биомасса - 33%. Алсак, Биршжен Араб Эмираттарында, Чилиде, Мексикада, Перуда жана Сауд Аравиясында күн энергетикасынын рекорддук төмөнкү баалары (2017-жылы аукциондордун жыйынтыктары боюнча аныкталган) кВт саатына 3 америкалык цент жана андан төмөнкү баалардын жаңы деңгээлин жаратты. Дүйнөдө күн энергетикасына кВт саатына 2,5тен, ал тургай 2 центтен төмөнкү тендерлик баа сунуштары катталган. 2019-жылы күн жана шамал энергетикасындагы мыкты долбоорлор электр энергиясын 3 цент жана андан төмөн баада камсыз кылышат.

ЭКЖБ куруунун 1 кВт үчүн салыштырмалуу наркынын төмөндөшүнүн дүйнөлүк тенденциясын көңүлгө алып, жана өлкөнүн энергосистемасынын финансылык абалын эске алуу менен ЭКЖБ үчүн сатып алуу тарифтерин жөнгө салуу максатында учурдагы коэффициенттерди төмөндөтүү сунушталууда.

Мында чакан ГЭСтердин башаламан курулушун жөнгө салуу үчүн ЭКЖБ, анын ичинде чакан гидроэлектр станцияларын эки багытта куруу жана иштетүү сунушталат.

Биринчи багыт "жашыл" энергетиканы өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында ЭКЖБ орнотмолору үчүн чыгымдын акталыш мезгилине конкурстун жыйынтыктары боюнча гана жогорулатуучу коэффициент түрүндө преференцияларды колдонууну улантуу керек. Мында ЭКЖБ объекттери Кубаттуулуктарды жайгаштыруу планына ылайык региондордун электр энергиясына болгон муктаждыгын, кубаттуулукту квоталоону, ишке киргизүү мөөнөттөрүнүн календардык планын аныктоону ж.б. эске алып, конкурска коюлат.

Экинчи багыт жер участокторунун менчиктик маселелерин жана менчик керектөөчүлөрдүн бар экендигин эске алып, ЭКЖБны конкурссуз курууга уруксат берүү керек. Мында алар үчүн тарифтерди отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык энергия өндүрүүчүлөр үчүн тарифтерди эсептөө тартибине ылайык жалпы негизде белгилейт.

Бул чаралар ЭКЖБ объекттерин курууда жана иштетүүдө калыптанып калган талаш учурларды жөнгө салууга мүмкүндүк берет, ошондой эле кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүгө жана генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүгө шарт түзөт.

Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 5-бөлүгүнө төмөнкүлөр сунушталууда:

- он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтарындагы "1,5" жана "3,5" цифралар "1,3" жана "2,0" цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи-жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Бул коэффициенттер конкурстун жыйынтыктары боюнча Чакан гидроэлектр станцияларын куруу укугу боюнча келишимге кол коюлган учурда гана колдонулат.

Конкурсту өткөрүүдө ЭКЖБны пайдалануунун негизинде электр энергиясын потенциалдуу өндүрүүчүнүн сунушу боюнча ЭКЖБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтер төмөндөтүү жагына өзгөрүшү мүмкүн;

- жогорулатуучу коэффициенттерге кызыкдар болушкан ЭКЖБны пайдалануунун негизинде электр энергиясын өндүрүүчүлөр ЭКЖБны пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмону конкурссуз курууга укуктуу. Мында алар үчүн тарифтер отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бардык энергия өндүрүүчүлөр үчүн жалпы негизде белгиленет. ЭКЖБ пайдалануунун негизинде мындай энергия өндүрүүчүлөр үчүн жогорулатуучу коэффициенттер колдонулбайт;

- ЭКЖБ пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмону конкурссуз курууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

ЭКЖБ пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмону куруу үчүн орунга бирден ашык талапкерден суроо-талап болбогон учурда;

потенциалдуу талапкердин ЭКЖБ пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмону куруу долбооруна алдын-ала техникалык-экономикалык негиздемеси бар";

- он биринчи абзацындагы онунчу абзацка шилтеме кайра каралып чыксын.

Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 5-бөлүгүнүн он тогузунчу абзацында жеңилдетилген мезгил аяктаган учурда ЭКЖБ пайдалануу аркылуу иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде белгилөө сунушталат.

3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси боюнча.

1) Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "0,1" деген цифраларды "0,5" деген цифралар менен алмаштырууну сунуштайбыз, себеби 0,1-0,5 МВт кубаттуулуктагы электр жана жылуулук станциялары чакан электр орнотмолорунун категориясына кирет жана айрым өндүрүштөр жана жеке муктаждыктар үчүн колдонулат.

2) Электр орнотмолорун куруудагы башаламандыкка жол бербөө максатында мамлекеттик жөнгө салуу талап кылынат. Буга байланыштуу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде курулуш куруунун кыйла жакшы шарттарын сунуштаган электр энергиясынын потенциалдуу өндүрүүчүлөрүн ачык-айкын тандоо жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергетикалык орнотмолорун андан ары эксплуатациялоо максатында "Электр энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын19 жана 20-беренелерин күчүн жоготту деп таанууну максатка ылайык деп эсептейбиз. Ушуну менен бирге аталган беренелерди төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

"19-берене. Конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу

Компетенттүү мамлекеттик органдар, ири электр энергетикалык кубаттуулуктардан жана магистралдык электр тармактарынын участокторунан тышкары энергетикалык орнотмолорду курууга конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялашат.

Жогорулатуучу коэффициенттерге ээ болуудан баш тарткан электр энергиясын өндүрүүчү конкурсу жок эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорун курууга укугу бар. Ошол эле учурда, алар үчүн тарифтин өлчөмү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баардык энергия өндүрүүчүлөргө жалпы негизде белгиленет. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде жогорулатуучу коэффициенттердин таасири энергиянын мындай өндүрүүчүлөрүнө тийбейт.

20-берене. Конкурсту өткөрүү тартиби

Конкурсту өткөрүү тартиби, сунуштарды тандоо жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесине ылайык мамлекеттик жаратылыш парктарын (21-берене) жана мамлекеттик коруктарды (23-берене) пайдалануу режимине, көрсөтүлгөн аймактарда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объектилерди курууга жана эксплуатациялоого жол берүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын жер жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) чектеринде өзгөчө коргоо режими же чарбачылык иштин жөнгө салуучу режими белгиленет. ӨКЖА жерлери эталондук жана уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана объектилерин, ажайып жаратылыш түзүлүштөрүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн генетикалык фондун сактоо, биосферадагы табигый процесстерди изилдөө жана анын абалындагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө максаттарында активдүү чарба иштеринен чыгарылган.

2017-жылдагы абалга карата, Кыргыз Республикасында ӨКЖА жалпы аянты, республиканын аймагынан 7,38% түзөт. ӨКЖА коргоого алынбаса Кыргыз Республикасынын табигый экосистемалары жана биотүрдүүлүгү жоголуп калуу коркунучуна дуушар болот, өз учурунда ал андан дагы кыйла баалуу жаратылыш объекттеринен айрылууга алып келет.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча жогоруда аталган Мыйзамдын 21-беренесине ылайык мамлекеттик жаратылыш парктарынын (мындан ары - МЖП) төмөнкүдөй баардык режимдик зоналарында тыюу салынган иштер аныкталган:

- корук режими;

- экологиялык турукташтыруу;

- туристтик жана рекреациялык иштер;

- чектелген чарба иштери.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 21-беренесинин 7-бөлүгүндө сунуш кылынган толуктоо энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин МЖПнын баардык төрт режимдүү зоналарында куруу мүмкүнчүлүгү боюнча киргизилип жаткан ченемди жайылтып, МЖП түзүү максатына карама-каршы келет.

Ушуну менен бирге, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу маселесинин актуалдуулугун эске алуу менен МЖПнын чарба иши чектелген зонасында кубаттуулугу чектелген (50 кВтс чейин) төмөнкүдөй чакан ГЭС куруу мүмкүн деп эсептейбиз:

- гидротехникалык түзүлүштөрдү, б.а. суу сактагыч үчүн плотина курбастан (ӨКЖАнын гидрологиялык режимин өзгөртүүгө жол берилбейт);

- үзгүлтүксүз пайдаланылган технологиялык жолдорду курбастан (режимдик зонаны бузууга жол берилбейт);

- ӨКЖА жерлерин трансформациялабастан (Кыргыз Республикасынын эл аралык жаратылыш коргоо конвенциялары, анын ичинде биотүрдүүлүктү сактоо боюнча милдеттер сакталууда).

Жогоруда айтылгандын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

"21-беренесинин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"50 кВтс чейинки кубаттуулуктагы чакан гидроэлектр станцияларын плотиналарды, тосмолорду жана технологиялык жолдорду курбастан орнотууга жол берилет. Шамал электр орнотмолорун курууга жол берилбейт.".

Ушуну менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун, ушул корутундуда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 298 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусунда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эсепке алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу