Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2018-жылдын 13-апрели № 39

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 26-29-пункттар менен толукталсын:

26) "Жараксыз эсеп-фактура" - ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөрдө КНС боюнча отчеттуулук бериле турган айдан кийинки айдын 15-числосуна чейин КНС боюнча отчет берилбеген жана/же тариздөөнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен, ошондой эле КНСтин эсеп-фактураларын түзүү жана жүгүртүү тартибин бузуу менен салык төлөөчү тарабынан таризделген КНСтин эсеп-фактурасы.

27) "Товарды маркалоо" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү.

Ушул пункттун максатында өзүнө маалыматтарды камтыган штрих же башка код түрүндө берилген, же радиожыштык белгисине жазылган, же автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу идентификациялоо каражаты деп таанылат.

Товарды маркалоонун каражаты деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же Евроазия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды камтыган акциздик жыйымдын маркасы таанылышы мүмкүн.

Салык салуу максатында маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеги, идентификациялоо каражаттары, идентификациялоо каражаттарында камтылууга тийиш болгон маалыматтын форматы жана курамы, товарларды маркалоону киргизүү мөөнөтү жана маркалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

28) "Товарларды жүгүртүү":

а) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү, аларды ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маркаланууга тийиш болгон товарды өндүрүү, аны ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо.

29) "Электрондук идентификатор" - электрондук-эсептөө каражаттары аркылуу контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) аутентификациялоого мүмкүндүк берүүчү ККМдин идентификациялык белгиси.";

2) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи

Электрондук башкаруу жана санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн документ салык төлөөчүнүн электрондук документи болуп саналат.";

3) 44-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9) салык милдеттенмелерин эсепке алууну жана аткарууну ырастаган документтердин төмөнкүдөй мөөнөттөрдө сакталышын камсыз кылууга:

а) кагаз түрүндөгү жана электрондук документтерди - ыктыярдуу патенттин негизинде сатып алууну жана салыктарды төлөөнү ырастаган документтерди кошпогондо, кеминде 6 жылдын ичинде;

б) ыктыярдуу патенттин негизинде сатып алууну жана салыктарды төлөөнү ырастаган документтерди - 3 жылдын ичинде;";

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13) товарларды маркалоону жүзөгө ашырууга, маркалануучу товарлар жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана товарларды маркалоого карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга.";

4) 58-беренеде:

а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык милдеттемелери боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төмөнкү күндөн кийинки күндөн тартып 6 жыл деп белгиленет:";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүнүн салык милдеттемеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү 3 жыл деп белгиленет.";

5) 83-беренеде:

а) 5-бөлүктүн 21 жана 22-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) салык төлөөчүгө же анын салыктык өкүлүнө - КНСтин эсеп-фактурасын жараксыз деп таануу жөнүндө.";

6) 85-берененин 1-бөлүгүндө "жазуу жүзүндөгү жана/же" деген сөздөр "кагаз түрүндө түзүлгөн документи же" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 86-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде ушул Кодексте же ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган актыларда башкасы белгиленбесе, салык отчеттуулугу кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт жана берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кагаз түрүндөгү салыктык отчеттуулугун берүүнү электрондук документтин формасына өткөрүү тартибин жана мөөнөтүн аныктайт.";

б) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Электрондук документ түрүндөгү салык отчетуна электрондук башкаруу жана электрондук кол коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын, же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен коюлууга тийиш.

5. Салык отчетунда көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүгө жүктөлөт.";

в) 7-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалымат системасы аркылуу электрондук документ түрүндө.";

г) 9-бөлүктөгү "Салык отчетун" деген сөздөр "Кагаз жүзүндө түзүлгөн документ же электрондук документ түрүндөгү салык отчетун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

д) 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

е) 11-бөлүктөгү "электрондук түрдө" деген сөздөр "электрондук документ түрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 89-беренеде:

а) 1-бөлүктө "электрондук почта боюнча отчетту жибергендиги жөнүндө кабарлаган" деген сөздөр "ушул Кодекстин 86-беренесинин 7-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат системасы электрондук документти кабыл алгандыгы жөнүндө кабарлаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүк "эгерде документ" деген сөздөрдөн кийин "почта боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

9) 109 жана 110-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"109-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода операцияларында же накталай акча, банктык төлөм карточкалары, чектер аркылуу иштерди аткарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдө субъекттердин ортосундагы, ошондой эле калк менен акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү колдонуу жана контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт. Ушул бөлүктүн жоболору өз ишинин спецификасынан же болбосо турган жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган субъекттерге жайылтылбайт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү субъекттин ишинин спецификасынан улам акчалай эсептешүүлөрдө виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - виртуалдык ККМ) колдонууга милдеттүү болгон учурлардын тизмегин, ошондой эле ушундай тизмекте каралган ар бир учурда виртуалдык ККМди колдонуу тартибин белгилейт.

3. ККМ фискалдык эске тутуусу бар төмөнкүдөй техникалык (аппараттык-программалык) каражат болуп саналат:

1) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга реалдуу убакыт режиминде фиксация жана маалыматтарды берүү функцияларына ээ;

2) товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү каттоо үчүн колдонулуучу;

3) оңдолбой турган сутка сайын (смена сайын) каттоону жана маалыматты узак убакытка сактоону камсыз кылуучу.

Фискалдык эске тутуу - ККМ колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтык маалыматты оңдолбой турган ар бир суткалык (ар бир сменалык) каттоону жана узак убакытка сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.

4. Виртуалдык ККМ - соода операцияларын жүзөгө ашырууда жана/же жумуштарды аткарууда, субъекттердин ортосунда кызмат көрсөтүүдө жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына жана/же баш ийүүчү тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук идентификаторду пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга берүүдө фискалдык маалыматтарды алмашуу, көчүрмөлөө жана сактоо боюнча функцияларды аткаруучу программалык камсыз кылуу.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн фискалдык маалыматтарды берүү баш ийүүчү тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук идентификаторду пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу уюм аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү бекитет:

1) ККМдин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген виртуалдык ККМдин мамлекеттик реестрин (мындан ары - мамлекеттик реестр);

2) мамлекеттик реестрди түзүү эрежелерин;

3) ККМге карата техникалык талаптарды жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата, ошондой эле виртуалдык ККМдин операторлоруна карата талаптарды;

4) ККМди колдонуу, каттоо, санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздугун камсыз кылуу тартибин жана мөөнөттөрүн жана ККМди пайдалануунун типтүү эрежелерин;

5) виртуалдык ККМди колдонуу, каттоо, санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздугун камсыз кылуу тартибин жана мөөнөттөрүн, ага карата техникалык талаптарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виртуалдык ККМди колдонуу менен иштөөгө милдеттүү  болгон субъектиге карата талаптарды;

6) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга келип түшүүчү ККМди колдонгону жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу, сактоо жана иштеп чыгуу тартибин;

7) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же тастыктоочу борбор тарабынан баш ийүүчүгө берилген электрондук идентификаторду пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга уюмдардын маалыматтык системасы аркылуу келип түшүүчү виртуалдык ККМди колдонгону жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу, сактоо жана иштеп чыгуу тартибин.

6. ККМ, анын ичинде виртуалдык ККМ мамлекеттик реестрге киргизилет жана байланыш жана маалымат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү корутундунун негизинде мамлекеттик реестрден чыгарылат.

Корутунду ККМдин, анын ичинде виртуалдык ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин тастыктоочу документ болуп саналат. Корутунду берүү тартиби Кыргыз Республикасы Өкмөтү тарабынан белгиленет.

110-берене. ККМди колдонууга карата талаптар

1. Ушул Кодекске ылайык ККМди колдонуу менен иш жүргүзүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1) ККМди сатып алуу жана техникалык тейлөөгө коюу;

2) ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин ККМди каттоо;

3) ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутуусуна санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруу жана ККМдин каттоо карточкасын алуу;

4) ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерине ылайык ККМди колдонуу;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте ККМди сатып алууга, каттоого жана колдонууга байланышкан документтерди жүргүзүү жана сактоо;

6) салык органдарынын кызмат адамдары ККМди колдонуунун тартиби сакталышын контролдоодо ККМге тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо;

7) ККМди оң абалда кармоо жана фискалдык эске тутуусундагы операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу;

8) сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда да ККМди ордунда колдонуу;

9) сатылып жаткан товарлардын баасын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттарын сатып алуучу же кардар үчүн жеткиликтүү жерге жайгаштыруу, алар жарыяланган бааларды жана/же тарифтерди тастыктаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутуусуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

11) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматты сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу.";

10) 111-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"111-берене. ККМди колдонуу жана пайдалануу тартибинин сакталышын салыктык контролдоо";

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. ККМди колдонуу жана пайдалануу тартиби салык төлөөчүлөр тарабынан сакталышын контролдоону салык кызматынын органдары жүзөгө ашырат.";

в) 2-бөлүктө:

- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:";

- 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди берүү;

4) сатылуучу товарларга, аткарылуучу жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын же прейскуранттардын болушу;";

- 5-пункттагы "ККМдин эске тутуусунун фискалдык блогунда реквизиттерин жана мурда берилген чектин" деген сөздөр "ККМдин фискалдык эске тутуусунда мурда берилген чектин реквизиттеринин жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:

"6) ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштүн болушу жана оң абалда турушу;

7) контролдук-кассалык чектердин төлөөгө берилүүчү документтерге ылайык келиши.";

г) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан сатып алуучуларга контролдук-кассалык чектердин берилишин контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт жана мезгилдүүлүгү чектелбестен жүзөгө ашырылат.

Субъект тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсептөөнүн программалык каражаттарын пайдаланууда контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан контролдук-кассалык чектер сатып алуучуларга же кардарларга берилиши төлөөгө берилген документтерге алардын ылайык келишин контролдоо үчүн жүргүзүлөт.";

д) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Салык кызматынын органдары салыктык контролду жүргүзүү учурунда ККМдин фискалдык эске тутуусунда сакталган маалыматтарды колдонууга укуктуу.";

11) 112-берененин 1-бөлүгүндө "Товарларды жүгүртүүнүн" деген сөздөр "Товарлардын" деген сөзгө алмаштырылсын;

12) 122-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда "КНСтин жасалма эсеп-фактураларын" деген сөздөр "жараксыз эсеп-фактураларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 125-берененин 1-бөлүгүндө "жазуу же электрондук түрүндө" деген сөздөр "кагаздагы документ же электрондук документ түрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 138-берененин 1-бөлүгүндө "6 жыл өтсө (эскирүү мөөнөтү)" деген сөздөр "доонун эскирүү мөөнөтү өтсө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 21-глава төмөнкүдөй мазмундагы 156-1-берене менен толукталсын:

"156-1-берене. Эсеп-фактура

1. Эсеп-фактура товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү салык документи болуп саналат.

2. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык эсеп-фактура электрондук документ түрүндө таризделүүгө тийиш.

3. Салык төлөөчүнүн эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө тариздөөгө мүмкүнчүлүгү болбогон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген учурларда, мындай салык төлөөчү эсеп-фактураны кагаз түрүндө үч нускада тариздөөгө укуктуу, андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттөрдө жана тартипте электрондук эсеп-фактураны тариздейт.

Эсеп-фактураны кагаз түрүндө тариздеген салык төлөөчү эсеп-фактуранын бир нускасын салыктык катталган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү:

- КНСти төлөөчү - салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге;

- КНСти төлөбөгөн салык төлөөчү - эсеп-фактура кагаз түрүндө таризделген айдан кийинки айдын 25-числосунан кийинки күндөн кечиктирбеген мөөнөттө.

4. Ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөөгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө төмөнкүдөй учурларда эсеп-фактураны тариздебей коюуга жана аны сатып алуучунун талабы боюнча берүүгө жол берилет:

1) салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык ККМ аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырган шартта калкка товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу учурунда;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген учурларда жана Тизмек боюнча так отчеттогу бланктардын негизинде накталай эсептешүү менен калкка жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү учурунда.

5. Салык төлөөчү ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган товарларды берген, жумуштарды аткарган жана кызмат көрсөткөн учурда эсеп-фактура айдын аягында бир жолу таризделет.

6. Эсеп-фактуранын формасын, аны тариздөө жана колдонуу тартибин, ошондой эле эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүү жана жүгүртүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

7. Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө милдети төмөнкүдөй мөөнөттөрдө белгиленет:

1) КНСти төлөөчү жана товарлардын импортун жана/же экспортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү үчүн - 2018-жылдын 1-июлунан тартып;

2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болбогон мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү үчүн - Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана талаптарга ылайык;

3) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө ыктыярдуу түрдө - 2018-жылдын 1-июлунан тартып, милдеттүү түрдө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө тариздейт.";

16) 216-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Пайдага салык төлөөчү биротоло эсептешүүнү жүргүзөт жана салыкты бирдиктүү салык декларациясын берүү датасына чейин төлөйт.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-бөлүктөр менен толукталсын:

"1-1. Салыктын биротоло суммасы салыктын эсептелген суммасынын жана төмөнкүдөй сумманын ортосундагы айырма катары аныкталат:

1) отчеттук салык мезгилиндеги пайдага салыктын алдын-ала эсептелген суммасынын;

2) ушул Кодекстин 220-беренесинин талаптарына ылайык салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетке төлөнгөн салыктын суммасынын;

3) ККМди же ушул берененин 1-2-бөлүгүнө ылайык аныкталган фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштөрдү сатып алууга чыгымдардын суммасынын.

1-2. Салык төлөөчү пайдага салыктын суммасын ККМди же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштү сатып алуу чыгымдарынын суммасына салык төлөөчү төмөнкү шарттарды сактаган учурда 100 эселенген эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө азайтууга укуктуу:

1) ККМ же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш отчеттук салык мезгилинде сатып алынат;

2) ККМ же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш ККМди же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштү каттаган датадан баштап салык мезгили аяктаганга чейинки мезгил аралыгында салык төлөөчү тарабынан өз ишинде үзгүлтүксүз пайдаланылганда;

3) салык төлөөчү ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбаса.";

17) 228-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"228-берене. Салык салынуучу субъект. КНСти төлөөчүлөр тууралуу малыматка жетүү";

б) 2-бөлүктө:

- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) жараксыз деп таанылган эсеп-фактуранын реквизиттери.";

18) 230-беренеде:

а) 6-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 8-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

19) 234-беренеде:

а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, эсеп-фактура салык салынуучу беримдердин датасына чейин жазып берилген же акы алынган болсо, салыктык милдеттенменин датасы болуп кайсынысы мурдараак болгондугуна жараша эсеп-фактура жазып берилген же акы алынган дата эсептелет.";

б) 5-бөлүктө "КНСтин эсеп-фактурасы" деген сөздөр "эсеп-фактура" деген сөздөргө алмаштырылсын;

20) 266-беренеде:

а) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) жараксыз деп таанылган эсеп-фактура боюнча.";

б) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Салык салынуучу беримдин наркы ушул бөлүмгө ылайык жараксыз деп таанылган эсеп-фактура боюнча азаюу жагына түзөтүлүүгө тийиш эмес.";

21) 270-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"б) ушул Кодексте белгиленген тартипте таризделген эсеп-фактура жазып берилсе; жана/же";

22) 271-беренеде:

а) 5-бөлүктө "КНСтин эсептик-фактуралары" деген сөздөр "эсеп-фактуралар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүктө "КНСтин эсеп-фактурасында" жана "КНСтин эсеп-фактуралары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Эсеп-фактурада" жана "эсеп-фактуралар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

23) 275-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эсеп-фактураларга негизделген, ушул бөлүмгө ылайык жараксыз деп таанылган фактылар боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор КНС боюнча салык отчеттуулугуна салык төлөөчү тарабынан киргизилүүгө тийиш эмес.";

24) 280-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда "КНСтин эсептик-фактурасы" деген сөздөр "эсеп-фактура" деген сөздөргө алмаштырылсын;

25) 282-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"282-берене. КНС салыгын төлөөчү тарабынан таризделүүчү эсеп-фактура

1. КНСти төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсеп-фактураларды тариздөөгө;

2) беримдер жана сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсеп-фактуралардын эсебин жүргүзүүгө.

2. Салык салынуучу беримдин өлчөмүн оңдоодо кошумча эсеп-фактура таризделет, анда төмөнкүлөр милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш:

1) эсеп-фактуранын номери жана түзүлгөн датасы, ага кошумча эсеп-фактура таризделет;

2) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы, алар боюнча беримдин өлчөмү оңдолот;

3) сан жана нарк көрсөткүчтөрүн оңдоонун өлчөмү.

3. Жараксыздарын кошпогондо, эсеп-фактуралар сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммаларын ушул бөлүмдө каралган тартипте КНСти төлөөчү тарабынан эсепке кабыл алуу үчүн негиз болот.";

26) 282-16-беренеде:

а) берененин аталышында "КНСтин эсеп-фактурасы" деген сөздөр "Эсеп-фактура" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, эсеп-фактуралардан көчүрүп алуунун, аларды тариздөөнүн тартиби ушул Кодекстин 156-1-беренесине ылайык аныкталат.";

27) 345-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"345-берене. Жаппы жоболор

1. Айрым салыктар милдеттүү патентти же ыктыярдуу патентти сатып алуу жолу менен төлөнүшү мүмкүн.

Патент салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча кагаз жүзүндөгү документ түрүндө же болбосо электрондук форматта (электрондук патент) таризделет. Кагаз жүзүндөгү патент жана электрондук патент бирдей юридикалык мааниге ээ.

Кагаз жүзүндөгү патенттин бланктары так отчеттогу документ болуп саналат. Патент ушул Кодексте белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде сакталууга тийиш.

2. Милдеттүү жана ыктыярдуу патенттер төмөнкүлөрдү күбөлөндүрөт:

1) салык төлөөчүнүн патентте көрсөтүлгөн иштин түрүн жүзөгө ашыруу укугун;

2) патентте көрсөтүлгөн иштин туру боюнча салыктарды төлөөнү;

3) патент жарактуу болгон салык мезгилинде киреше алууну.

3. Милдеттүү патентти ушул Кодекстин 53-главасында каралган иштин түрлөрү боюнча уюм же жеке ишкер салык төлөөчүнүн салыктык жана эсептик каттоосу болгон учурда, жеке же салык өкүлү аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу ишкердигин жүргүзгөн жери боюнча салык органынан сатып алат.

4. Ыктыярдуу патент жеке жакта салыктык каттоосу же салык төлөөчүдө эсепке алуу каттоосу бар болгон учурда, жеке ишкердигин жүргүзгөн жери боюнча салык органынан жеке жак тарабынан сатып алынышы мүмкүн.

5. Патенттин негизиндеги салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй төлөнүшү мүмкүн:

1) банк мекемесинде, анын ичинде алыстан же дистанциялык банктык тейлөө системасы, анын ичинде интернет же мобилдүү банкинг аркылуу;

2) төлөм терминалы же POS-терминалы, электрондук акча аркылуу.

Банк мекемелери болбогон алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте патенттин негизинде салыктын суммасын патенттин негизинде салык органына төлөөгө жол берилет.

6. Банктын, төлөм терминалынын, POS-терминалынын квитанциясы же ыйгарым укуктуу салык органына перифериялык түзүлүштөр аркылуу жиберилген патенттин негизинде салыктын суммасы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат салык төлөөчүгө патентти берүү үчүн же мурда берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат.

7. Ишти патентсиз жүргүзүү каттоосуз иш жүргүзүү жана/же салык төлөөдөн качуу деп таанылат.

8. Патент берилген аймагында (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу. Ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга берүүгө тыюу салынат.

9. Кагаз жүзүндө берилген патент жоголгондо, салык органы тарабынан анын дубликаты берилет. Мындай учурларда калган салыктык мезгилге салык төлөөчүгө "жоголгондун ордуна" деген белгиси менен жаңы патент берилет.

Электрондук патентти ырастоо максатында салык органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документти түзөт.

10. Иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга патент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларды жүргүзүү укугуна карата лицензияларды жана башка атайын уруксат берүүчү документтерди алмаштыра албайт.

11. Патенттердин реквизиттерин, формаларын жана аларды берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-статья менен толукталсын:

"21-1-статья. Инвестициялык конкурстук тандоо

1. Инвестициялык конкурстук тандоо - ал аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жеңүүчү аныкталуучу процесс.

2. Инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүү усулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

3-берене.

Ушул Мыйзамдын 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацын жана 5, 12, 15, 17-27-пункттарын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 8-майындагы N 39 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жээнбеков


2018-жылдын 1-мартында


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу