Банкроттук
20905

Банкроттук


        Мамлекеттик мүлктү башкаруу саясаты банкроттук жана аны алдын алуу жаатында саясатты иштеп чыгат, ал эми Банкроттук боюнча Департамент банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу шартын камсыз кылат.

       Банкроттук процессинде карыз тараптын көптөгөн көйгөйлүү кырдаалы, мүлктүк талаш-тартыштары жараларын белгилей кетүү зарыл, аларга атайы администраторлор, кредиторлор, карыз тараптар, инвесторлор, ошондой эле төлөмгө кудурети жок ишканалардын эмгек жамааты тартылат. Банкроттук процесстин катышуучуларынын көп сандагы кайрылууларын жана даттанууларын кароо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаментине, ошондой эле Башкармалыктын компетенциясына кирет.

       Банкроттук процедураны жүргүзүү практикасы администраторлордун иштеринин натыйжалуулугуна жана ачык-айкындуулугуна карата көптөгөн маселелерди жаратат, алар, милдеттерин ак ниетсиз аткарууда, кредиторлордун жана карыз тараптардын укуктарын сактабайт, банкроттук жол-жоболорду жүргүзүү мөөнөттөрүн негизсиз жасалма созот, карыз тараптын активдерин мыйзамсыз тескейт ж.б.у.с. айыпталышат.

       Мындай көйгөйлөрдүн келип чыгышы түздөн-түз демилгечи жана банкроттук процесстин кызыкдар катышуучулары болуп саналган кредиторлор тарабынан администраторлордун ишине мыйзам деңгээлинде кыйла катуу жана үзгүлтүксүз контроль керектигине жана колдонуудагы мыйзамдардагы боштукту жоюуга алып келди.

      Мындан тышкары Кыргыз Республикасы “Төлөөгө кудуретсиз ишканалардын көйгөйлөрүн чечүү” индекси боюнча “Бизнести киргизүү” эл аралык рейтингинин 10 индикаторунун бири болуп саналат, дүйнө боюнча 190 өлкөнүн ичинен Кыргыз Республикасы 82-орунду ээлейт.

       Башкармалык жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү максатында төмөнкү жааттарда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүнү карайт: 

       -чарба иштеринде карыз тарптардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;

       - карыз тараптардын банкроттук процесске катышпагандыгын минималдаштыруу;

       -банкроттук процессте администраторлордун ишине контролду күчөтүү жана алардын жоопкерчилигин жогорулатуу;

       -атайылап банкроттоонун алдын алуу;

       -банкроттук процедурага чыгымдарды кыскартуу;

       -каржылоо булагы жок карыз тараптар үчүн каржылоо булагын издештирүү;

       -банкроттук процесстин жол-жоболорун жүргүзүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо;

       - кредиторлорго карыздардын кайтарымдуулугун жогорулатуу.

       Ушуга байланыштуу министрлик тарабынан банкроттук жөнүндө мыйзамга кезектеги оңдоолор киргизилди. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу