Мамлекеттик менчикти башкаруу

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын компетенциясы жана мамлекеттик менчикти ажыратуу тартиби Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы № 31 Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Мыйзамында аныкталган

2012-жылы администрациялык реформанын алкагында саясатты иштеп чыгуу функцияларына жана төмөнкү тармактарда аны түздөн-түз ишке ашыруу боюнча функцияларга чектөө коюлган:

1)         мамлекеттик мүлктү башкаруу;

2)         банкроттук жана анын алдын алуу;

3)         баалоо иши.

Аталган чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушул учурдан баштап министрлик тарабынан төмөнкү багыттар боюнча иштер башталды:

1)           мамлекеттик менчиктин түзүмүн оптималдаштыруу;

2)          мамлекеттик менчикти башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу;

3)     мамлекеттин катышуусу менен компаниялардын башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу.

Биринчи кезекте мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдорду башкаруу органдарында кадрларды тандоо процессине саясаттын кийлигишүүсүн минималдаштыруу чечими кабыл алынган.

2012-жылдын 20-июлунда Өкмөттүн № 513 токтому кабыл алынган, анда мамлекеттик компаниялардын башкаруу органдарына талапкерлердин кадрлар резервин конкурстук негизде түзүү механизми киргизилген. Мурда талапкерлер өздөрүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго кандидаттардын квалификацияларын жана иш тажрыйбасын, коррупциогендик кесепеттерин карабастан түздөн-түз тармактык министрликтер жана ведомстволорго тааныштыргандыгын белгилей кетүү керек. 

2014-жылдын 19-декабрында Өкмөттүн № 716 токтому кабыл алынган, анда кадрлар резервин түзүү кыйла объективдүү болгон, ошондой эле башкаруу кадрлар резервинен талапкерлерди көрсөтүүдө эл аралык комиссиянын ролу күчөтүлгөн. Бул комиссиянын курамына тармактык мамлекеттик органдын кызматкерлеринен тышкары жарандык сектордун өкүлдөрү жана эксперттери киргендигин белгилей кетмекчибиз. 

2015-жылдын 20-майындагы Өкмөттүн № 306 токтому кабыл алынган, анда директорлор кеңешинде жана АК ревизиялык комиссияларда мамлекеттин өкүлдөрүнүн иштерин баалоо механизми бекитилген. Азыркы убакта ушул методикага ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду директорлор кеңешинин ар бир мүчөлөрүнүн иштерин объективдүү баалоону жылына 2 жолу жүргүзөт.

Ошондой эле министрлик тарабынан мамлекеттик ишканалардын санын кыскартуу маселеси демилгеленген. 2012-жылы мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүлгөн (Өкмөттүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 токтому), аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы башчылык кылат. 

Комиссиянын милдети натыйжасыз ишканаларды кайра уюштуруу жана жоюу, мамлекеттик ишканалардын профиль эмес активдерин реструктуризациялоо боюнча сунуштарды киргизүү. Бирок, тилекке каршы, белгилүү бир ведомстволук кызыкчылыктардын бар болуусуна караганда мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу боюнча иштер өзүнүн логикалык аяктоосун тапкан жок. 

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун аныктоо боюнча методикалык сунуштама министрлик тарабынан иштелип чыккан жана Өкмөттүн 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577 токтому менен бекитилген. Азыркы учурда аталган критерийлерге ылайык Фонд тарабынан мамлекеттик ишканаларды жоюу, кайра уюштуруу жана акциялаштыруу боюнча сунуштар даярдалган. 


Ошондой эле министрлик тарабынан иштебеген 114 мамлекеттик ишкананы жоюу жөнүндө чечими демилгеленген (Өкмөттүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 196 жана 2017-жылдын 8-февралындагы № 81 токтому).

Баланс кармоочулар тарабынан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана пайдалануунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. 

2012 жана 2014-жылдары санариптик соода аянттарында менчиктештирүү боюнча соода жүргүзүүгө уруксат берүүчү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамга оңдоолор киргизилген. Ошондой эле фонддук рынокто мамкомпаниялардын акцияларын ишке ашыруу тартиби бекитилген. 

Мыйзамдын алдыдагы соода жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө жарыялоо бөлүгүнө ченемдер киргизилген. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу үчүн конкреттүү төлөө мөөнөтү бекитилген. 

Мамлекеттик ишканалардын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо бекитилген. Мурда активдерди эсептен чыгаруу ишканалар тарабынан өз алдынча жана тутумсуз жүргүзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек.


Ошондой эле ачык аукцион жана конкурстарды өткөрүү практикасын киргизүү жолу аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү механизми кайра каралып чыккан, субижара, мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну текшерүү бөлүгүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун контролдук ыйгарым укуктарын күчөтүү жокко чыгарылган.Ошондой эле мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин түзүү укугуна сооданы үзгүлтүккө учуратпаганга багытталган жана ижара келишимин түзүүгө чыныгы ниети бар акыйкат катышуучуларды тартуу ченемдери киргизилген. 

2018-жылдын 26майында “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган, ал көнүмүш менчиктештирүүгө альтернативдүү, инвестициялардын заманбап механизмдерин практикада колдонуу үчүн түрткү берет.

Жалпысынан мамлекеттик мүлктү башкаруунун мындан аркы саясаты төмөнкү багыттарга басым жасайт:

  • конкреттүү тармакта мамлекеттик саясаттын учурдагы жана узак мөөнөттүү артыкчылыктарын эсепке алуу менен алардын ишине мамлекеттин катышуу максатынан көз каранды мамлекеттик кампанияларды башкаруу системасын кайра карап чыгуу;
  • ар бир өзүнчө мамлекеттик ишканалардын жана чарбакер коомдун иштешине жана мамлекеттин катышуусу менен экономикалык  максатка ылайыктуулугуна талдоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик секторду оптималдаштыруу саясатын алдыга жылдыруу;
  • мыйзамдарда белгиленген тартипте максаттуу демилгеленген МЖӨ долбоорлоруна карата акциялаштырууга, менчиктештирүүгө, жоюуга, кайра уюштурууга, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө жаткан, мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттин катышуусу менен чарбалык коомдордун тизмесин түзүү;
  • тармактык мамлекеттик органдар менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын ортосунда мамлекеттик катышуу менен мамлекеттик ишканаларды жана чарбалык коомдорду башкаруу боюнча так функцияларды жана ыйгарым укуктарды чектөө;
  • мамлекеттик чарба жүргүзүүчү субъекттерди холдингдик башкаруу формасына өткөрүү маселесин кароо. 

Маммүлк башкаруу боюнча Фондунун сайты 


Сурамжылоо
Онлайн кайрылуу