Айыл чарба продукциясынын коопсуздугун ырастоо жөнүндө документтердин тизмеси
6034

АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯСЫНЫН КООПСУЗДУГУ. ДОКУМЕНТТЕР

Ата-мекендик экспортерлорго колдоо көрсөтүү максатында КР Экономика министрлиги Айыл чарба продукциясынын коопсуздугун ырастоо тууралуу коштоочу документтерди даярдоо үчүн тизмени сунуштайт. Анда баяндалган кадамдарды ЕАЭБ өлкөлөрүнө жашылча-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди тоскоолдуксуз экспорттоо үчүн көрүү зарыл.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортко арналган Продукция Бажы бирлигинин “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” жана “Тамак-аш продукциясын аны маркалоо бөлүгүндө” техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Жүктү жөнөтүү алдында шайкештигин тастыктоо үчүн төмөнкү иштерди аткаруу зарыл.

1. АЧТММга караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинде фитосанитардык сертификат алуу.

2. Евразия экономикалык союзунун шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган сыноо лабораторияларында продукцияга сыноо жүргүзүү.

3. Шайкештик жөнүндө декларацияны толтурууга жана ага далил материалдарды тиркөө:

- юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- мөмө-жемиштер жана кургатылган жер-жемиштер менен келген керектүү документтердин тизмеси;

- жашылча-жемиштерди, кургатылган жер-жемиштерди сыноо протоколдору;

- контракт (берүү келишими) же товарды коштоочу документтер.

4. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде же аккредитациялоо тармагына ылайык продукцияны сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдарда шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо.

5. “Тамак-аш продукциясын аны маркалоо бөлүгүндө” (ББ ТР 02/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жашылчаларды, жемиштерди жана кургатылган жемиштер менен маркалоону жүргүзүү.

6. Жашылча, жемиш жана кургатылган мөмө-жемиштерди таңгактоого же коштоочу документтерге продукциянын бирдиктүү белгисин түшүрүү.

Жогоруда саналган бардык пункттардын аткарылышы фактысы боюнча продукцияны экспортко жөнөтүүгө болот. Ошол эле учурда жүктү коштоп жүргөн адам, катталган шайкештик жөнүндө декларациянын, фитосанитардык сертификаты, ошондой эле бардык башка товар коштоочу зарыл документтердин түп нускаларынын колдорунда бар экенин текшерүү маанилүү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу