Жөнгө салуучу таасирди талдоо

Жөнгө салуучу таасирин талдоо деген эмне?

Жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасында биринчи жолу 2007-жылы киргизилген. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун Методикасы жөнүндө” токтому кабыл алынган. Аталган Методикада жөнгө салуучу таасирин талдоонун максаттары, милдеттери жана жүргүзүү тартиби аныкталган.  Ошол учурдан баштап ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасири  талданууга тийиш.  Жөнгө салуучу таасирин талдоо, ченем жаратуучу орган тарабынан ишкердик ишти козгоочу ЧУА долбоорунун башкаруучулук чечимдерин кабыл алуудагы эң башкы инструмент болуп эсептелет  
       Жөнгө салуучу таасирин талдоо  (мындан ары – ЖСТТ) – жөнгө салуунун көйгөйлөрүн, максаттарын аныктоо жана альтернативдик вариантын тандоо процесси, ошондой эле ишкер субъекттердин ишине мамлекеттик кийлигишүүнүн негиздемеси. Жүргүзүлгөн ЖСТТнын жыйынтыгы аналитикалык кат болуп эсептелет, анда мамлекеттик жөнгө салуунун негиздемеси камтылган, анын негизинде ЧУА долбоору иштелип чыгат.                            ЖСТТ ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга карата жүргүзүлөт. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишкердик ишти жөнгө салуучу, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна карата ЖСТТ жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 “Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алууга тийиш. .
   Сапаттуу жүргүзүлгөн ЖСТТнын критерийлери:
 - Методиканын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткаруу;
 - ЖСТТ документинин (Аналитикалык кат) ЖСТТ документин талап кылган форматына шайкеш келүүсү;
 - ЧУА таасирин болжолдоону кошкондо ЖСТТ документинде тыянактардын жана сунуштардын далилдүүлүгү;
 - чыгарылган тыянактардын (эсептөөлөр) негизинде маалыматтын аныктыгы;
 - сапаттуу ЖСТТ жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык аналитикалык инструменттерди пайдалануу. 

       ЖСТТ жүргүзүүдө ЖСТТны иштеп чыгуучулар тарабынан көп учурда кетирилген каталар  

Мамлекеттик органдар тарабынан ЖСТТ жүргүзүүдө, ЖСТТ жүргүзүү Методикасында белгиленген төмөнкү талаптардын көп учурда бузулуусуна жол берилет:

1. Көйгөйлөрдүн туура эмес аныкталышы жана баяндалышы:

Көйгөйлөрдү аныктоо этабында көйгөйлөрдүн түзүлүшү аталган көйгөйлөрдүн баяндалышына шайкеш келбейт;

2. “Ченемдик укуктук актынын жоктугу” сыяктуу тамырлуу көйгөйлөрдү аныктоо:

Ченемдик укуктун жоктугу көйгөй болуп эсептелбейт;   

3. Көйгөйлөрдүн масштабын ачпагандык, же болбосо аларды туура эмес аныктоо;

Ар бир категория боюнча кызыкдар тараптардын ой-пикирине талдоонун жоктугу: ишкерлер, жеке жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана алардын кызыкчылыгына ЧУАнын таасири көрсөтүлбөйт;

4. Көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик кийлигишүү үчүн далилдин же негиздин жоктугу;

5. Этаптардын ортосунда логикалык байланыштын;

6. Укуктук, экономикалык жана башка талдоолордун, ошондой эле альтернативдик вариантын жөнгө салуу үчүн коомдук талкуулардын жыйынтыктарынын жоктугу

7. Мамлекеттик органдын гана же бүтүндөй мамлекеттин позициясынын жоктугу:

Ишкердик субъекттердин, ассоциациялардын жана жарандардын так позициясынын жоктугу;

8. Жөнгө салуу варианттары үчүн оң жана терс кесепеттердин жоктугу:

Жөнгө салуучу таасирин баяндоодо жана жөнгө салуунун ар вариантынын ишке ашырылуучу тобокелчиликтери, мамлекеттик органдар тарабынан мамлекет үчүн же мамлекеттик орган үчүн пайдалуу кесепеттери баяндалат, ишкер субъекттердин иши үчүн терс таасир этүүсү жана тобокелдигинин баяндалышынын жоктугу.

9. ЧУА долбоорунда каралган ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдердин баяндалышынын жоктугу;

10. ЧУА долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыктарынын жоктугу;

11. ЖСТТ долбоорун коомдук талкуулоонун жоктугу

Ошондой эле, мамлекеттик органдар тарабынан ЖСТТ жүргүзүлгөндө кырдаал толугу менен баяндаларын белгилей кетүү зарыл, бул ЧУА долбоорунда каралган ишкер субъекттер үчүн талаптардын жана милдеттердин ачылбагандыгы жана баяндалбагандыгын билдирет.

      Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнгө салуу таасирин талдоону иштеп чыгуучу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү сунуштайт:

1. ЖСТТ иштеп чыгуу боюнча ишти оптималдаштыруу жана мамлекеттик органда экспертизалоо боюнча жооптуу кызмат адамды аныктоо жана ЖСТТ жүргүзүү зарылдыгына ЧУАны экспертизалоо;

2. ЖСТТ жүргүзүү методикасын окутуудан өткөн адистерди жумушчу топтун тизмесине кошуу;

3. Окутуудан өткөн адистерге окутуу жөнүндө отчет берүүнү жана ошол мамлекеттик органдын башка адистерине окутуу жүргүзүүнү жүктөө (институционалдык эс тутумду сактоо)

4. ЖСТТ долбоорун коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылганга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жөнөтүү, ошондой эле ЖСТТ жүргүзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин лицензиялык-уруксат берүү ишин жөнгө салуу жана ЖСТТ бөлүмүнүн адистеринен консультация алуу.

Кошумча маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин лицензиялык-уруксат берүү ишин жөнгө салуу жана ЖСТТ бөлүмүнө кайрылууга болот. 

Телефондор: 0 312 620535 (150, 149, 242), 0 312 624985

Сурамжылоо
Онлайн кайрылуу