Текшерүүлөрдү контролдоо

Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕГИ

1. КР Өкмөтү аныктаган камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

2. КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

3. КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;

4. КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

5. КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;

6. КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;

7. КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти;

8. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаменти;

9. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти;

10. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголь жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча башкармалыгы.

                  Министрлиг тарабынан www.proverka.gov.kg., веб-сайтынын базасында  автоматташтырылган түрдө ишкерлер менен кайтарым байланыш механизми ишке кирди. Кайра байланыш механизмин киргизүүнүн максаты ишкерлерден, инспекциялардын ишмердиги жөнүндө ыкчам жана объективдүү маалыматт  алууга жана келечекте алардын ишин жакшыртуу багытталган.

                  Инспекциялардын иштерин жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн процессин жакшыртууга кылгын салымыныз үчүн Ыраазычылык билдиребиз.

                   Бул сурамжылоо АНОНИМДҮҮ жана кандайдыр бир жеке маалыматтарды киргүзүүнүн кажети жок. Сурамжылоо болжол менен 3 мүнөттөн Сиздин убакытынызды алат. Биз үчүн сиздин оюңуз абдан баалуу!

                  Ишкердик субъекттерин  текшерүү маселелери боюнча Call center чалыныз: 1220 



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу