Экспорттук контроль боюнча справочник

Экспорттук контроль боюнча справочниктин учурдагы чыгарылышы, контролдонгон продукция менен экспорттук - импорттук операцияларды ишке ашыруу менен алек болгон тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына, алардын бул жааттагы каралган процедуралардан ѳтүүлѳрүн жещилдетүү максатына эсептелген. 5 Бул справочниктен, контролдонгон продукциялар, технологиялар менен тышкы экономикалык операцияларды жүргүзүүдѳ жана уруксат берүүчү документтерди алууда пайда болгон конкреттүү суроолорго конкреттүү жооп аласыңар. Бул справочниктен, экспорттук контролго жооптуу болгон мекемелердин кызматчылары, логистика бѳлүмдѳрүнүн жумушчулары, мамлекеттик кызматчылар, экспорттук контроль жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын толук тизмесин таба алышат Справочник, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына, экспорттук контролдун негизги жоболору жана принциптери менен таанышуу үчүн жана экспорттук контроль жаатындагы мыйзамдардын базасында ориентация жасоо үчүн ѳзүнчѳ эле тажырыйбалык жардам. Бул Справочникте, экспорттук контролдун эл аралык режимдери, Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук Тизмеси, бул сферадыгы аракеттеги мыйзам ченемдери жѳнүндѳ дыкат маалымат берилген, лицензиялоону ишке ашыруу, уруксат берүүчү документтерди берүү, контролдонгон продукциянын акыркы пайдалануу процедурасы, бажылык контрол, акыркы пайдалануучунун сертификатын берүү процедурасы, ички контроль процедурасы жазылган.

Экспорттук контроль боюнча справочник

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу