Экспорттук контроль
11305

Кыргыз Республикасындагы экспорттук контролдун улуттук ситемасы

Экспорттук контролдун улуттук системасынын негизин, массалык кыйратуучу куралды таркатпоо жаатындагы эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишмердиги жана экспорттук контроль жаатындагы мыйзамдары түзѳт. Негизги ченемдик акт- бул Кыргыз Республикасынын «Экспорттук контролдоо жѳнүндѳ» Мыйзамы

Экспорттук контролдун объекттерине - массалык кыйратуучу куралды, аны жеткирүүчү каражаттарды, башка куралдардык жана аскерий техниканын түрлѳрүн жаратууга колдонулуучу чийки заттардын жана материалдардын, жабдыктардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, жумуштардын жана кызматтардын, кош максаттагы продукциялардын жана акыл ишмердиктин натыйжаларынын түрлѳрү кирет.

«Экспорттук контроль жѳнүндѳ» Мыйзамды ишке ашыруу жана экспорттук контролдун кажеттүү ченемдик укуктук негизин жаратуу максатында, КРнүн 2004 - жылкы 4 - майдагы №330 токтому менен “Аскерий - техникалык жана экспорттук контроль боюнча Комиссия жѳнүндѳ Жобо” жана “Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу экспорттук контролго жаткан продукцияны транзит жасоого уруксат берүү Тартиби” бекитилген. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2010 - жылкы 27 - октябрдагы №257 токтому менен «Контролдонгон продукциянын үстүнѳн экспорттук контролду ишке ашыруу тартиби жѳнүдѳ» Жобо» бектитилген.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукциясынын Улуттук контролдоочу тизмеси иштелип чыгып кабыл алынган (КРнүн 02.04.14 №197 токтому менен). Бул тизме таратпоо жаатындагы эл аралык эрежелер менен айкалыштырылган. Кѳрсѳтүлгѳн тизме, массалык кыйратуучу куралды жаратууда аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнѳ ылайык, 6 тиркемеге бѳлүнгѳн. 

1. Экспорттук контролдоого жаткан адамдарда, айбанаттарда жана ѳсүмдүктѳрдѳ ооруларды козгоочулардын (патогендердин), генетикалык ѳзгѳртүлгѳн микроорганизмдердин, токсиндердин, жабдуулардын жана технологиялардын тизмеси. 

2. Химиялык куралды жаратууга колдонулушу мүмкүн болгон экспорттук контролдоого жаткан химикаттардын, жабдыктардын жана технологиялардын тизмеси.

 3. Экспорттук контролдоого жаткан ядролук материалдардын, жабдуулардын, атайын ядролук эмес материалдардын жана тиешелүү технологиялардын тизмеси. 

4. Экспорттук контролдоого жаткан кош максатта колдонулуучу жабдуулардын жана материалдардын жана ядролук максатта колдонулуучу тиешелүү технологиялардын тизмеси. 

5. Ракеталык куралды жаратууда колдонулуучу экспорттук контролдоого жаткан жабдуулардын, материалдардын жана технологиялардын тизмеси. 

6. Куралдарды жана аскерий техникаларды жаратууда, кош максатта колдонулуучу экспорттук контролдоого жаткан товарлар жана технологиялардын тизмеси

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу