KICB
Саламатсыздарбы! Кыска эле жазайын. Мен банкрот болуп,иштеген ишим жок,уйдо карыган Абышка кемпирди карап отуруп калдым,не кылаарымды билбей KICB банкка банкротство менен кайрылсам,андай бизде жок деп атат. Ушул чынбы
Ответ на вопрос:

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Сиздин 2024- жылдын 1-апрелиндеги электрондук кайрылууңузду карап чыгып, төмөнкүнү билдирет.

Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Мыйзамына ылайык менчигинин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактар жана жеке ишкерлер банкрот (кудуретсиз) деп таанылат (жарыяланат).

Белгиленген Мыйзамдын 27-2-беренесине ылайык карыз тарапты банкрот деп таануу тууралуу сотко төмөндөгүлөр кайрылууга укуктуу: - карыз тарап; - кредитор же кредиторлор; - банкроттук тууралуу иштер боюнча Мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменти); - башка жактар.

Эгерде Сиз жеке ишкер же юридикалык жактын жетекчиси болсоңуз, банкроттук жөнүндө арыз менен сотко кайрыла аласыз.

Ошону менен бирге, маалымат иретинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүргүзөөрүн маалымдайбыз.

Задать вопрос
Поиск
Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение