“Манас” эпосундагы экономика темасы тууралуу

Новости
02 Октябрь 2023
721

2023-жылдын 2-октябрында Экономикка жана коммерция министрлигинин чоң залында “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыктын алкагында “Манас” эпосундагы экономика темасы” аттуу иш-чара болуп өттү.
 Аталган иш-чара мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүнө салым кошууда министрликтин кызматкерлеринин патриоттук сезимин ойготуу жана мамлекеттик тилде сапаттуу иш жүргүзүү максатында өткөрүлдү.


Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары, манасчы Талантбек уулу Нурбек өзүнүн баяндамасында Манас эпосунда экономикалык маселелердин чагылдырылышы жөнүндө кеңири кызыктуу маалыматтарды бере алды. Кыргыздын көөнөрбөс улуу   тарыхында экономика маселеси бардык заманда замандын агымына жараша өз мезгилинин талабына жараша түрдүү аспектте колдонулуп келгендиги бардык кызматкерлердин кызыкчылыгын жаратты. Ар кимдин өз Манасы бар деп баяндамачы бир чети кызыктыруу менен бир чети өзүнүн аудиториясы үчүн мыкты баяндама куруп бардык кызматкерлердин алкоосуна татыды.  


Жыйынтыгында Манастап ураан чакыруу менен мындай лекцияларды ар эки ай сайын уюштурууну мерчемдөө менен тарашты.


Иш-чаранын аягында Кыргызтест системасынан эң жогорку деңгээлдеги С1 тастыктамасына ээ болгон бир катар кызматкерлерге тастыктамалары тапшырылып, үлгү боло ала турган кызматкерлерге ыраазычылык билдирилди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение