Борбордук Азия өлкөлөрүнүн сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги отуруму жөнүндө

Новости
01 Апрель 2022
2330

2022-жылдын 30-31-мартында TFCA GIZ Долбоорунун колдоосу менен онлайн режиминде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги жыйыны болуп өттү.


Жолугушуунун негизги максаты сооданы жеңилдетүү маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана Сооданы жеңилдетүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун Макулдашуусун ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө болду.


Жыйынга Кыргыз Республикасындагы сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.


Жогорудагы жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы Соодага көмөктөшүү кеңешинин катчылыгынан, кыргыз тараптан баяндамачы катары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттеринин аймактык платформасынын ишин координациялоо боюнча презентациясы менен “2022-жылы Кыргыз Республикасында сооданы жеңилдетүү боюнча чараларды ишке ашыруунун артыкчылыктары” деген темада Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Эл аралык салык жана бажы мамилелери башкармалыгынын жетектөөчү адиси Заир Коңурбаев чыгып сүйлөдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение