Минэкономкоммерцияда КР жеке секторунун инвестициялык потенциалын жакшыртуу боюнча Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Новости
19 Январь 2022
2404

18-январь, 2022-жыл. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов КР жеке секторунун инвестициялык потенциалын жакшыртуу боюнча Эл аралык финансы корпорациясы долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар уруксат берүүчү маалыматтардын бирдиктүү электрондук базасы жана инвестицияны коргоо багыттары боюнча  Минэкономкоммерция жана IFC долбоорунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты. 


Азыркы учурда эки багыт боюнча иштер жүзөгө ашууда: 

- КР инвестициялар жөнүндө профилдик мыйзамды жакшыртуу жана 

- инвесторлордун даттанууларын кароо механизмин түзүү жана аларды коштоо.


Профилдик мыйзамды кароо боюнча иштер мыйзам чыгарууну масштабдуу инвентаризациялоонун алкагында жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге IFC долбоору тарабынан эл аралык инвестициялык макулдашууларды Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн стандарттарга ылайык келген жана ийгиликтүү эл аралык практикага негизделген Мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштар берилди. 


Жолугушуунун жүрүшүндө IFC долбоорунун өкүлдөрү бир эле убакта катышуучуларга 2019-жылы жүргүзүлгөн анализ жана КР эл аралык инвестициялык макулдашуулар жана ошол анализдин жыйынтыгы боюнча даярдалган сунуштар боюнча маалыматтарды беришти, анын ичинде “КР инвестициялар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөр эске алынган эле.


Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле инвесторлордун даттануу жана аларды коштоо механизмин натыйжалуу киргизүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Ал боюнча жобо кабыл алуунун алдында турат.


Андан ары IFC долбоору электрондук уруксат берүүчү маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүү боюнча жүргүзүлгөн иштерди көрсөтүштү.


2021-жылдын октябрында министрлик уруксат берүүчү документтердин Бирдиктүү электрондук реестрин киргизген (http://www.elicense.gov.kg/) – бардык уруксат берүүчү документтер тууралуу маалыматты камтыган маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү базасы, ишкерликти жүргүзүү үчүн зарыл болгон ( лицензия, уруксат берүү, маалымкат, корутундуж.б.).


Уруксат берүүчү документтердин бул порталынын максаты төмөнкүлөр болуп саналат:

- ишкерликти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтердин тизмесин түзүү ;

- актуалдуу маалыматты алуу үчүн зарыл болгон убакытты кыскартуу;

- лицензия жана уруксат берүүчү автоматташтырылган система үчүн негизди түзүү.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение