Бизнес омбудсмен институтун түзүү жөнүндө

Новости
09 Январь 2019
4616

Экономика министрлиги Ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого аларды мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын кызмат адамдарынын сактоосуна мамлекеттин кепилдигин камсыз кылуу  максатында иштелип чыккан   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишкер субъекттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын, эркиндигин, укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө" токтом долбоорунун долбоорун  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизди. 

Токтомдун долбоору төмөнкү ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу максатында даярдалган:

-ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым  укуктуунун (бизнес-Омбудсмендин) кызмат ордун түзүү  каралган Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 31-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана коргоо, ишкерликти өнүктүрүү, өндүрүш жана товарларды тышкы рынокко чыгаруу боюнча саясаты жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

-2018-жылдын 20-апрелиндеги ЖКнын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2020-жылдар аралыгына карата өнүктүрүүнүн  "Биримдик. Ишеним, жаратмандык" программасынын 6.7.14. пункттары.

Бул токтомдун долбоору менен ишкер субъекттердин  укуктарын, эркиндигин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын  коргоо боюнча ыйгарым  укуктуунун (Бизнес-омбудсмендин) кызмат ордун түзүү  жана ыйгарым укуктуу институтунун иштөөсүнүн укуктук жана институционалдык негизин аныктаган   Бизнес-омбудсмен жөнүндө жобону бекитүү болуп саналат.  

 Бизнес- омбудсмен  мамлекеттик органдар жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ачык иштетүү менен өзүнө коюлган милдеттер менен ыйгарым укуктарына ылайык  ишкер субъекттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын  же/жана укуктарынын  бузулушун алдын  алуу максатын көздөйт.  

 Ошондой эле анын милдеттери менен иштерин аткарууга көмөк көрсөтүүчү, ошондой эле Бизнес-омбудсмендин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууда көмөк көрсөтүүчү Бизнес-омбудсмендин катчылыгын түзүү каралууда.   

 



Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение