Глобалдык деңгээлде макулдашылган химиялык заттардын классификациялоо жана маркалоо системасын киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу ведомство аралык жумушчу топтун отурумунда каралды.

Новости
10 Апрель 2014
1987

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык нормаларга жана эрежелерге ылайыкташтыруунун алкагында (анын ичинде Бажы Биримдигинин документтери менен да), химиялык заттарды коопсуз башкарууну, жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү химиялык заттардын, пестицидтердин жана алардын аралашмаларынын зыяндуу таасирлеринен коргоону, алардын мыйзамсыз соода жүргүзүлүшүнө тыюу салууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле химиялык продуктуларды жүгүртүү тарабындагы эл аралык макулдашуулардын (алардын бир тарабы болуп Кыргыз Республикасы эсептелет) жоболорун эске алуу менен, мындан тышкары Глобалдык деңгээлде макулдашылган химиялык заттардын классификациялоо жана маркалоо системасына ылайык министирлик тарабынан белгилүү бир иштер жүргүзүлүп жатат.


Коопсуздукту камсыз кылуу негизинен бардык кызыккан тараптарды химиялык продукциялардын коркунучу жөнүндө жана анын коопсуздук паспорттору (өндүрүштүк керектөөчүлөр үчүн) жана маркалоо (химиялык продуктуларды үй тиричилигинде колодонгон керектөөчүлөр үчүн) аркылуу коопсуз пайдалануу боюнча маалымат берүүдө турат.

Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде министрликте химиялык заттардын коркунучу жана алардын касиети, айлана чөйрөнү коргоо жана кайтаруу боюнча чараларды сактоо тууралуу өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү маалымат менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ведомство аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Бул отурумда глобалдык деңгээлде макулдашылган химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо системасынын механизмдерин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу боюнча маселелер каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение