Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлер менен активдүү диалогду улантууда.
Кезектеги жолугушуу Америка Соода Палатасынын аянтчасында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Жолугушуунун алкагында салык реформалары, электрондук транспорттук товардын коштомо кагаздары (ЭТТН), электрондук эсеп-фактуралар (ЭСФ) жана ишкердикти өнүктүрүүгө таасир эткен башка маанилүү темалар талкууланды.
Министрлик чакан жана орто бизнести (ЧОБ) өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында конструктивдүү диалогко даярдыгын баса белгилейт.
Ишкерлердин реформаларды жана административдик процесстерди талкуулоого катышуусу аларды бизнестин чыныгы муктаждыктарына ылайыкташтырууга жардам берет.
Мындай диалог аянтчалары салык саясаты, процесстерди санариптештирүү сыяктуу багыттарда натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.
КРнын Экономика жана коммерция министрлиги экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө жол табуу үчүн бизнес коомчулук менен үзгүлтүксүз жолугушууларды улантат.