Министр Д.Амангелдиев Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктайт

Новости
10 Апрель 2024
1103

Урматтуу мекендештер!


«Сиздерди Министрликтин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!


Бул майрам адамзатты айкөлдүккө, сабырдуулукка чакырган берекелүү Рамазан айынын аякташын белгилейт. Орозонун негизги парздары тамактан баш тартуу менен бирге руханий жактан тазаланып, жаңылануу, өзүн өзү өркүндөтүү жана жакшы иштерди аткарууга умтулуу болуп саналат. Боорукердикке жана кайрымдуулукка, жакшылык кылууга жана муктаж болгондорго жардам берүүгө даяр болууга өзгөчө көңүл бурулат. Өз ара түшүнүшүү жана ынтымак, достук жана үй-бүлөлүк байланыштарды чыңдоо ар бир адам үчүн негизги осуяттардын бири катары саналат.


Баарыңыздарга чын дилимден ден соолук, бакыт-таалай жана тынчтык, бардык жакшы иштерге ийгиликтерди каалайм!


Өлкөбүздө ар дайым тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрсүн!

Айт маарек болсун!"




Министр                                                                                  Д.Дж.Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение