Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Акыйкат башкаруу жана ак ниеттүүлүк декларациясы
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Акыйкат башкаруу жана ак ниеттүүлүк декларациясы Министрликтин 2024-жылдын 30-декабрындагы №125 буйругу менен бекитилген. Декларациянын принциптери Министрликтин системасындагы бардык кызматкерлерге, анын ичинде жетекчиликке да карата колдонулат.
Бул декларациянын бардык аспектилери Министрликтин кызматкерлери жана жетекчилиги, ошондой эле Министрликтин атынан аракеттенген же Министрликтин кызыкчылыгын коргогон башка адамдар тарабынан сакталууга тийиш.
Декларация коррупциянын алдын алуу системасын куруунун негизи катары кесиптик ак ниеттүүлүктүн жана талаптардын негизги принциптерин аныктайт жана акыйкат башкарууну камсыз кылуу максатында Министрлик карманган баалуулуктарды билдирүү болуп саналат.