Квалификациялык талаптар:
1) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
–экономика, юриспруденция, журналистика, техникалык илимдер, мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, бажы иштери, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;
- иш стажына талаптар коюлбайт;
2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
- экономика, юриспруденция, журналистика, техникалык илимдер, мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, бажы иштери, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) администрациялык кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
- экономика, юриспруденция, журналистика, техникалык илимдер, мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, бажы иштери, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
Төмөнкүлөрдү билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо;
3) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
4) Компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.
Билгичтиги:
- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;
- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
- издөө системаларын колдонуу;
- ар кандай браузерлер менен иштөө;
- презентацияларды уюштуруу;
- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;
- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;
- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
Төмөнкүлөрдү билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо;
4) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
5) Компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.
Билгичтиги:
- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;
- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
- издөө системаларын колдонуу;
- ар кандай браузерлер менен иштөө;
- презентацияларды уюштуруу;
- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;
- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;
- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
Төмөнкүлөрдү билүү:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы No 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо;
3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
4) Компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.
Билгичтиги:
- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.
- издөө системаларын колдонуу.
- презентацияларды уюштуруу;
- ар кандай браузерлер менен иштөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;
- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;
- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:
- өзүнүн арызы форма боюнча.docx;
- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- резюме сүрөтү менен форма боюнча .docx;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 28-февралы болуп саналат.
Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чүй проспекти, 106, 221-б. (Персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 620535 (кошумча ном. 187, 205, 248, 355).
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.
Маалымат:
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын негизги администрациялык кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын Тизмеси:
Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн :
жалпы мыйзамдарды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
жалпы мыйзамдарды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
жалпы мыйзамдарды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
предметтик мыйзамдарды билүү:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы No 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.