Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик жарандык кызматынын башкы, улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алууга ачык конкурсту жарыялайт

Вакансии
26-Сентябрь 2025-ж.


Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна:

  • маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө;
  • укуктук колдоо жана экспертиза чөйрөсүндө;
  • макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө.

Административдик кызмат орундарынын улук тобуна:

  • маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө;
  • укуктук колдоо жана экспертиза чөйрөсүндө;
  • макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө.



Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:


  •  Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  •  21 жаштан кем эмес;
  •  бул кызматка белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүү.



Жалпы квалификациялык талаптар


Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна кызматы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.


Маалымдуулугу:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  2. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  3.  чет тилин билүү (артык);
  4. маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негиздери, ЛВС, СКС, СУБД программалоо жана башкаруу тилдери (маалыматтык технологиялар чөйрөсүнө тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);
  5. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


Ыктуулугу: 

– статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

– издөө системаларын колдонуу;

– ар кандай браузерлер менен иштөө;

– презентацияларды уюштуруу;

– таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

– кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс, веб-конференция колдонмолору ж.б.;

– тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук: Microsoft Office: Word, Excel, Power Poin;

  •  эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б. (макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү боюнча чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн).


Көндүмдөр

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; 

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.


Административдик кызмат орундарынын улук тобуна кызматы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.


Маалымдуулугу:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; 
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  4. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  5. чет тилин билүү (артык);
  6. маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негиздери, ЛВС, СКС, СУБД программалоо жана башкаруу тилдери (маалыматтык технологиялар чөйрөсүнө тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);
  7. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


Ыктуулугу: 

– статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

– издөө системаларын колдонуу;

– ар кандай браузерлер менен иштөө;

– презентацияларды уюштуруу;

– таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

– кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс, веб-конференция колдонмолору ж.б.;

– тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук: Microsoft Office: Word, Excel, Power Poin;

  • эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б. (макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү боюнча чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн).


Көндүмдөр: 

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; 

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;


Кесиптик билим деңгээли боюнча квалификациялык талаптар:

маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө: 

  • маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;


укуктук колдоо жана экспертиза чөйрөсүндө:

  • юриспруденция боюнча жогорку билим;


макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө:

– экономика, экономикалык география, региондук изилдөөлөр, техникалык илимдер, социология, физика-математикалык илимдер боюнча жогорку билим.



Предметтик мыйзамдарды билүүгө квалификациялык талаптар:


маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө: 

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”; 

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитүү тууралуу” токтому.

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобосу; 
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                                      15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.



Укуктук колдоо жана экспертиза чөйрөсүндө:

  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                                       28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти; 
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин Регламентин бекитүү жөнүндө”                                 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” 2015-жылдын 23-мартындагы № 139, “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 14-мартындагы № 152;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобосу; 
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы                  № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускама;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                                      15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.


макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө:

– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө";

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы”;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы                  № 349 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби;

  •  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобосу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                                      15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.



Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар арызды электрондук форматта “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу бере алышат, өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерден өткөрүлгөн документтер) же кагаз форматында көктөлгөн документтер тиркелет:

– өзүнүн арызы форма боюнча жүктөө арыз.pdf;

– кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– резюме сүрөтү менен форма боюнча жүктөө резюме.pdf (басма түрүндө);

–акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

–акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– мамлекеттик тилди билгендигин тастыктаган документин көчүрмөсү (бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.


Жеке арыз жана резюменин формаларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында жайгашкан: http://mineconom.gov.kg Бош кызмат орундары бөлүмүнө.


Документтер 2025-жылдын 26-сентябрынан 7-октябрына чейин кабыл алынат:


  • электрондук форматта “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу, өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерден өткөрүлгөн документтер) документтер тиркелет.

Же

  • кагаз форматында, аты-жөнүн көрсөтүү менен байлоочу көктөмөгө көктөлгөн (Дело папкасы) документтер саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Абдымомунова көч. 207 (батыш тарап), каб.108, тел.: 620535 доб. 156, 155, 154 (Персонал менен иштөө боюнча бөлүмү). Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.


ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.


Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чейрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.


Онлайн кайрылуу