Муну менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.
- Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
“Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүчү жерлер болуп саналган башка жерлерде товарларды алып өтүү учурлары жана тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүчү жерлер болуп саналган башка жерлерди, ал жерлерде товарларды алып өтүү учурларын жана тартибин аныктайт, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 10-беренесинин 3-пунктуна жана 353-беренесинин 4-пунктуна, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө, 148-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, товарларды алып өтүүчү башка жерлерде мамлекеттик контролдоонун түрлөрүн уюштуруу үчүн зарыл болгон жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жабдууга карата талаптарды белгилейт, мындай жерлерде алып өтүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына бажы контролун жүзөгө ашырат.
Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - Кодекс) 10-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүчү жерлер болуп мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек аралары аркылуу өткөрүү пункттары же мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аныкталган башка жерлер саналат.
Кодекстин 10-беренесинин 3-пунктунда Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүү мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аныкталган учурларда жана тартипте ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жерден башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн. экендиги аныкталган.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн өткөрүү пункттарынын тизмеси 2006-жылдын 2- мартындагы № 71 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 2004- жылдын 24-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууда аныкталган.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 55-т тескемесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына
ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарында жүргүзүлөт:
- “Кызыл-Кыя - темир жол”;
- “Шамалдысай - темир жол”;
- “Жалал-Абад - темир жол”;
- “Кара-Суу - темир жол”;
- “Достук - автожол”;
- “Кызыл-Кыя-автожол”;
- “Кенсай – автожол”.
Өзбекстан Республикасынын Кувасай цемент заводунун өндүрүштүк муктаждыктары үчүн сырьену Кыргыз Республикасынын кендеринен “Кызыл-Тоо” өткөрүү пункту аркылуу алып чыгуу маселеси боюнча мурда жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында “Кызыл-Тоо” өткөрүү пунктун товарларды алып өтүүчү башка жер катары аныктоо сунушталууда.
Мында, товарлар өтүүчү башка жер катары каралуучу “Кызыл-Тоо” өткөрүү пунктунда, “Баткен” бажысында экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, Кувасай цемент заводунун өндүрүштүк муктаждыктары үчүн сырьену гана алып чыгууну жана аталган товарларды жүктөө үчүн бош жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүнү жүзөгө ашыруу сунуш кылынат.
Ошентип, “Кызыл-Тоо” өткөрүү пункту аркылуу “Баткен” бажысында экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын төмөнкү түрлөрүн гана алып чыгуу жана товарлардын төмөнкү түрлөрүн жүктөө үчүн бош жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү ишке ашырылат:
№ | ТЭИ ТН коду | Позициянын аталышы |
1 | 2514 00 000 0 | Одоно майдаланган, кесилген же кесилбеген, болбосо тик бурчтуу формадагы (төрт бурчтуу форманы кошуп) блокторго же плиталарга башка ыкма менен бөлүнгөн сланец |
2 | 2516 11 000 0 | Гранит иштетилбеген же одоно майдаланган (базальт) |
3 | 2520 10 000 0 | Гипс, ангидрит (гипс ташы) |
4 | 2521 00 000 0 | Акиташ флюс; акиташ жана акиташ же цемент даярдоо үчүн колдонулуучу башка акиташ таштары |
- Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:
Сунушталган долбоор товарларды өткөрүүчү башка жер катары “Кызыл-Тоо” өткөрүү пунктун аныктоо бөлүгүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.
- Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
Данный проект постановления позволит определить иные места перемещения товаров, признаваемые местами перемещения товаров в соответствии с Таможенным кодексом Евразийского экономического союза, установит случаи и порядок перемещения через такие места иностранных товаров и транспортных средств, что положительно повлияет на организацию таможенного контроля при перемещении товаров и транспортных средств в/из Республики Узбекистан через такие места, а также товаров для личного пользования – как с уплатой единых ставок таможенных пошлин и налогов, так и с уплатой совокупного таможенного платежа, в соответствии с актами Евразийской экономической комиссии, либо в пределах установленных стоимостных, весовых и (или) количественных норм.
Ушул токтомдун долбоору Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине ылайык товарларды алып өтүүчү жерлер болуп саналган башка жерлерди аныктоого
мүмкүндүк берет, ушундай жерлер аркылуу чет өлкөлүк товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү учурлары жана тартиби белгиленет, бул өз кезегинде товарлар менен транспорт каражаттарын Өзбекстан Республикасына/ Республикасынан мындай жерлер аркылуу алып өтүү учурунда бажы көзөмөлүн уюштурууга оң таасирин тийгизет, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн товарлар – Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ченин, же жыйынды бажы төлөмүн төлөө менен, же болбосо белгиленген нарктык, салмактык жана (же) сандык ченемдердин чегинде алып өтүлөт.
“Кызыл-Тоо” өткөрүү пунктун товарларды өткөрүүчү башка жер катары аныктоо бөлүгүндө (жогоруда аталган товарларды ташып чыгуу үчүн гана) жогоруда аталган товарларды Өзбекстан Республикасына экспорттоонун көлөмүн көбөйтөт, бул өлкөнүн соода балансына оң таасирин тийгизет, ошондой эле товарларды чыгаруу убактысын тездетет.
- Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
Болжолдуу токтомдун долбоору кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасы үчүн жагымсыз кесепеттер күтүлбөйт.
- Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:
Болжолдуу долбоор менен цемент өнөр жайы чөйрөсүндөгү ишкерлердин кызыкчылыктары кыйыр козголушу мүмкүн.
- Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:
Сунушталган жөнгө салуунун потенциалдуу даректеринин чыгымдарына жана пайдаларына баа берүү Өзбекстан Республикасында цемент өндүрүү үчүн зарыл болгон сырьену экспорттоодо көбүрөөк пайда алуу мүмкүнчүлүгүндө чагылдырылган.
- Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан
республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:
Ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык/жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:
- Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:
- аталган маселелер туура, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- бул максатка жетүү үчүн маанилүү, негиздүү болобу;
- проблемаларды чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай артыкчылыктар жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;
- көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу альтернативдүү жолдору барбы;
- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.
Суроолордун тизмеси кеңейтилиши мүмкүн.
- Сунушталган жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар:
(тексттик сыпаттоо үчүн орун)
Байланыш жана кабарлоонун маалыматын талкуулоо мөөнөтү:
1. Сунуштар кабыл алынат: | |
- электрондук почта аркылуу |
- почта дарегине | Бишкек шаары,720040, Абдумомунов көчөсү, 207 (Бажы саясаты башкармалыгы) |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү | 2025-жылдын 30- апрелине чейин |
3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү | 2025-жылдын 30- апрелине чейин |