Кыргызстанда жеңил өнөр жайды өнүктүрүү үчүн мамлекет эмне жасап жатат

Новости
28-Ноябрь 2023-ж.
1859

2023-жылдын 28-ноябрында жеңил өнөр жай тармагындагы келечекти жана стратегиялык кызматташтыкты талкуулоого арналган тигүү өнөр жайынын өкүлдөрү үчүн биринчи улуттук форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова баяндамачы катары «Кыргызстандын жеңил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн мамлекет кандай иштерди жасап жатат» деген темада сөз сүйлөдү.

Министрдин орун басары белгилегендей, акыркы жылдары дүйнөлүк жана аймактык деңгээлде болуп жаткан глобалдык кризистик көрүнүштөрдүн жана экономикалык жана геосаясий туруксуздуктун шарттарында Кыргыз Республикасы прогрессивдүү түрдө экономикалык өсүшкө кадам таштап, экономикалык туруктуулукту көрсөтүүдө. ИДП алдын ала эсептөөлөр боюнча 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 808 миллиард сомдон ашыкты түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2%га өстү.

Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жана таанылышын жогорулатуу максатында бүгүнкү күндө республикада төмөндөгүлөр түзүлдү:

- чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча либералдык мыйзамдык база. Инвестицияларды өз ара коргоо жана илгерилетүү боюнча 33 келишим түзүлдү. Экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестиция салган инвесторлорго белгилүү жеңилдиктер жана преференциялар берилет;

– салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы – фискалдык колдоо чаралары тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттерине 3 салыктын ордуна 0,25% бирдиктүү салыкты төлөө укугун караган белгилүү жеңилдиктерди берет.

Ошондой эле, текстиль жана тигүү өндүрүшүндөгү жеке ишкерлерди бириктирүү жана жеке адамдан юридикалык жакка өтүүдө стимулдаштыруу максатында, 50 жана андан ашык жумушчусу бар юридикалык жактар үчүн социалдык төлөмдөрдүн ставкалары 27,25%дан 12%га чейин төмөндөтүлдү. тигүү өнөр жайынын субъекттери үчүн патенттик система ишке кирет;

- өнөр жай-экономикалык зоналар үчүн өзүнчө жер участоктору берилет;

- ата мекендик өндүрүүчүлөрдү стимулдаштыруу системасы - мамлекеттик сатып алуулардын алкагында мамлекеттик органдар ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга артыкчылыктуу укуктарга ээ болууга тийиш;

- өнүккөн финансы рыногу - республикада 23 коммерциялык банк ийгиликтүү иштеп жатат, анын ичинен 18и чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш алып барат.

Мындан тышкары эл аралык фонддор иштеп, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлдү.

Кыргызстан ошондой эле Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын туруктуу өнөктөшү, эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп саналат.

Кыргыз Республикасы көптөгөн эл аралык ассоциациялардын, атап айтканда Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) мүчөсү. Учурда республикада 6 миллиарддан ашык калкы бар 164 мамлекет менен сооданын эң либералдуу режими жана товарлардын импорту боюнча төмөнкү тарифтер бар. Кыргыз Республикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө Европа Биримдигине пошлинасыз импорттоо мүмкүнчүлүгүн берген Жалпы преференциялар системасынын (ВСП+) статусунун ээси болуп саналат, - деди өз сөзүндө А.Үсөнбекова.

Андан ары форумдун катышуучулары тармакты өнүктүрүү стратегиялары, бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле кийим-кече буюмдарын дүйнөлүк рынокко экспорттоо перспективалары сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Форумдун биринчи блогунда жеңил өнөр жай тармагында бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүү принциптери каралып, тигүү тармагын колдоо жана өнүктүрүү боюнча бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.

Форумдун экинчи негизги блогунда – “Мода жана текстиль: дүйнөлүк рынокко экспорт” темасында түрдүү өлкөлөрдөн, анын ичинде Казакстан, Россия жана Кытайдан келген адистер жана эксперттер чыгып сүйлөп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бул жаатта эл аралык кызматташуунун потенциалына баа беришти.

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана «Кыргызөнөр жай» ААКнын колдоосу менен уюштурулган TEXPO форумунун максаты - активдүү өз ара аракеттенүү үчүн аянтча түзүү. Кыргызстандын тигүү тармагындагы бизнес жана бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда тармактын потенциалын жогорулатуу, инновацияларды киргизүү, жаңы рынокторду издөө жана дүйнөлүк рыноктордо “Кыргыз Республикасында жасалган” Брендинин кабыл алынышын жакшыртуу болуп эсептелет.

Онлайн кайрылуу