Салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугуна баа берүүнүн тартиби жөнүндө

Новости
16-Ноябрь 2023-ж.
1083

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо боюнча ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы «Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби»   токтому менен  (мындан ары - Тартип) бекитилген.

Тартип колдонуудагы же пландаштырылган салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо объекттерин, баалоого болгон мамилени, баалоо жүргүзүүдө аракеттердин тизмесин жана ырааттуулугун, аткаруучулардын курамын жана алардын өз ара мамилелерин, ошондой эле баа берүүнүн натыйжаларын пайдаланууга талаптарды аныктайт.

Тартипке ылайык, салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугу эки жол менен бааланат:

1) 2023-жылдан 2027-жылга чейин Тартиптин тиркемесине ылайык салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоого тийиш болгон салыктык жеңилдиктердин Тизмеси боюнча жыл сайын жүргүзүлүүчү бардык колдонуудагы салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо. Анын жыйынтыгы боюнча колдонуу мөөнөтүн белгилөө же салык жеңилдигин жокко чыгаруу жөнүндө сунуштар киргизилет.

2) Салык жеңилдиктерин берүүнү караган сунуш салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоого тийиш экендиги белгиленсе, пландалган салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжалуулугун баалоо.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу