КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору жөнүндө

Новости
04-Октябрь 2023-ж.
1763

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 76 буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын алкагында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, анда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Ведомстволор аралык жумушчу топ компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, салык консультанттарынын жана эксперттеринин, банк секторунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ичинен түзүлдү, атап айтканда:

Жеткирүүчүлөрдүн ассоциациясы (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор)

Кыргызстандын агроенер жай комплексин өнүктүрүү боюнча бирикме

РСМ Аутсорсинг ЖЧКсы

Эл аралык ишкер кеңеш

"Салык консультанттары палатасы"

ОЮЛ "Байланыш операторлорунун ассоциациясы"

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы

"ЖИА" бизнес ассоциациясы

Кыргызстандын базарларынын, соода жана тейлөө ишканаларынын бирикмелери

Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна мыйзам долбоорун киргизди.

2023-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мораторий киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 

Салык кодекси салык саясатын ийгиликтүү ишке ашыруунун социалдык маанилүү куралы болуп саналат жана мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы укуктук өз ара аракеттенүүнүн гаранты болуп саналат. Мамлекеттин салык саясаты мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган, мында Салык кодексинин жаңыдан киргизилген нормаларынын таасирин талдоо жана алардын натыйжалуулугун баалоо маанилүү роль ойнойт.

Алсак, 2022-жылы кабыл алынган Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, салык чөйрөсүн болжолдоону камсыз кылуу максатында кодекске жылына бир жолу өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилет.

Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мораторий колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга баа берүүнү, жаңыдан кабыл алынган ченемдердин оң жана/же терс таасиринин динамикасын изилдөөнү эсепке алуу менен мыйзам долбоорун түзүү үчүн салык мыйзамдарын алдын ала болжолдоого шарттарды жана туруктуулукту түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу