Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин министрликтеринин жана ведомстволорунун жогорку кызмат адамдарынын комиссиясынын 41-жыйыны өтүүдө

Новости
26-Сентябрь 2023-ж.
2236

2023-жылдын 25-сентябрынан 26-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында Жогорку кызмат адамдарынын комиссиясынын (мындан ары - ЖКАК) 41-отурумун өткөрүүдө. 2023-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин министрликтеринин жана ведомстволорунун (мындан ары - ШКУ) ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу министрлери катышат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги Асел Бегматова куттуктоо сөз сүйлөп, күн тартибинде соода-экономикалык кызматташтыктын бир катар маанилүү маселелерин талкуулоо жана макулдашуунун пландалганын белгилеп, 2023-жылдын 25-26-октябрында Бишкек шаарында өтүүчү ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Саммитинин жыйынына сунушталаарын айтып, бардык тараптарды каралып жаткан документтердин калган пункттарын тез арада чечүүгө чакырды.

ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохайл Хан мырза куттуктоо сөзүндө ЖКАК жыйындарында каралган бардык документтердин долбоорлору жакын арада макулдашылаарына ишеним билдирди.

ЖКАКтын ишине Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана ШКУнун Катчылыгы катышууда.

Бул жолугушууда Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын бир катар документтерин талкуулашат, атап айтканда стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо, санариптик соода, ШКУ аймагындагы сатып алуучулар жана сатуучулар үчүн санарип платформасын түзүү жаатындагы маселелер каралат. Тараптар ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2030-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планын карап жатышат.

Мындан тышкары, Тараптар көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулашат.

Бул документтердин долбоорлору ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин жыйынынын жүрүшүндө 2023-жылы Кыргыз Республикасынын ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылуусунун алкагында кол коюуга коюлары күтүлүүдө. 

Маалымат иретинде:

Жогорку кызмат адамдарынын комиссиясы ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин Кеңешинин чечими менен түзүлгөн.

ШКУ өз ишин ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасынын жоболорун ишке ашыруу максатында тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлеринин Кеңешинде жүзөгө ашырат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу