Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көз карандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилди

Новости
22-Сентябрь 2023-ж.
1226

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциянын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген кош максаттагы продукцияга карата тышкы экономикалык ишмердикке мониторинг жүргүзүү механизмин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы токтому бекитилген:

- Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көз карандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга арыз берүүчү уюмдарга уруксат алуу эрежелерин;

- Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көз карандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө жобо.

Бул жоболор экспорттук контроль максатында товарларды идентификациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга арыз берүүчү уюмдарга уруксат алуу эрежелерин белгилейт. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциянын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген кош максаттагы товарларды идентификациялоонун тартиби жана шарттарына да тийиштүү.

Бул ченемдер экспорттук контролдун натыйжалуу системасын түзүү, аларды кош колдонуу үчүн контролдонуучу продукциянын жогоруда аталган контролдук тизмесине киргизилген экспорттук, импорттук жана транзиттик товарларды идентификациялоо боюнча тийиштүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн идентификациялык борборлорду ишке ашыруу жана иштетүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Товарларды идентификациялоо мамлекеттик экспорттук контролду ишке ашыруу ыкмасынын элементтеринин бири катары экспорттук контролдун баштапкы жол-жобосу болуп саналат.

“Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролдонуучу продукциялар экспорттук контролдон жана идентификациядан өтүүгө тийиш. Идентификациялоону жүргүзүү тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жоопкерчилиги болуп саналат, алар өз кезегинде контролдонуучу товарларды идентификациялоону мыйзамда белгиленген тартипте ишти жүзөгө ашырууга уруксат алган уюмга тапшырууга жана мындай эксперттик уюм менен тиешелүү келишим түзүү аркылуу контролдонуучу товарларды аныктоого укуктуу.

Кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык, кош максатта колдонулуучу товарларды идентификациялоону товарлардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө объективдүү баа берүү үчүн өз тармагындагы тар адис болгон, бирок экспорттук контролдоо тармагында тажрыйбасы жана билими бар техникалык эксперттер жүргүзүшөт.

Эксперттик уюмдарды тартуунун мындай практикасы экспорттук контролдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулган көптөгөн өлкөлөрдө кеңири таралган.

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 34-пунктуна ылайык контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугу уруксат алууну талап кылган аракеттердин түрлөрүнө кирет.

Ушуга байланыштуу кош максаттагы товарларды идентификациялоо менен алектенүүнү каалаган уюм Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинен иштин бул түрүнө уруксат алышы керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу