Кыргыз экспортерлорунун өндүрүшүнө түрк импортерлорунун сапары тууралуу макулдашууга жетишилди

Новости
19-Сентябрь 2023-ж.
983

2023-жылдын 15-сентябрынан 17-сентябрына чейин «Орто коридор» жаңы базарлар конгрессинин жана жарманкесинин иш-чарасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү, КР Түркия Республикасындагы Элчилиги жана КР Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте өткөрүп, улуттук көргөзмө павильонун көрсөттү.

Катышуучулардын негизги максаты экологиялык жактан таза ата мекендик продукцияны түрк рыногуна чыгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу болду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмө павильонунда КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан төмөнкү атамекендик бренддердин продукциясы көрсөтүлдү: 

- Тойбосс;

- Салих;

- Ал-Халал;

- Органикс соктору;

- Био компоту;

- Атилла;

- Сонун;

- Fresh fish (консерваланган форель);

ж.б. 

КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Түркия Республикасындагы соода өкүлү Ч.Токтобеков бул иш-чарада модератор болуп чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын күнүндө КР Экономика жана коммерция министринин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Биздин өлкөлөрдүн бизнеси ортосунда сооданы тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн шарттарды жеңилдетүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мен ДСУнун соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашууну андан ары иштөө үчүн негиз катары алууну сунуштайм. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешкен чаралар соода бүтүмдөрү боюнча чыгымдарды бир кыйла азайтууга жөндөмдүү жана тышкы соода процессине чакан жана орто ишкерлерди көбүрөөк тартууга өбөлгө болот деп ишенем. Буга байланыштуу, биздин өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын ортосунда транзит, маалымат алмашуу, верификация маселелери боюнча соода жол - жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык кызматташуунун натыйжалуулугун өнүктүрүү жана жогорулатуу зарыл деп эсептейм», - деп белгиледи соода өкүлү. 

Ошондой эле ал «Бул иш-чаранын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык өз ара аракеттешүүнү мындан ары активдештирүүдө жана тереңдетүүдө түрк мамлекеттери уюмунуна жана Кытай үчүн маанилүү» экендигин белгиледи. 

Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча түрк импортерлору Түркиянын рыногуна кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларын сатууга активдүү кызыкдар экендигин билдиришти. Бул максатта Соода өкүлчүлүгү кызыктары бар импортерлорду Кыргыз экспортерлорунун байланыш маалыматтары менен камсыздады жана жыйынтыгында түрк импортерлорунун Кыргыз экспортерлорунун өндүрүшүнө иш-сапар жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишишти, анда тараптар ата мекендик товарларды Түркиянын рыногуна туруктуу негизде жеткирүү жөнүндө келишимдерди деталдуу талкуулашат.

2023-жылдын ичинде түрк импортерлору Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясын дыкат изилдөө үчүн КР келишет. 

Маалымат иретинде:

2023-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча КР соода жүгүртүүсүндө Түркиянын үлүшү 4,8%ды түздү жана бул көрсөткүч боюнча Түркия Республикасы КР негизги төрт соода өнөктөшүнүн катарына кирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, акыркы 

2023-жылдын 6 айдын ичинде Кыргызстандын Түркия менен соода жүгүртүүсү 324 млн долл. түздү жана 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7%га өстү. Анын ичинен экспорт 84,2 млн долл. түзүп жана 16,5%га көбөйдү, ал эми импорт 239,5 млн долл. түзүп жана 8,8%га көбөйдү.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу