Кыргыз Республикасынын Экономикалык коммерция министрлигинин башчысы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Вена иш-аракеттеринин программасынын Евразиялык жогорку деңгээлдеги аймактык кароосунун ишине катышууда

Новости
22-Август 2023-ж.
1280

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2014-2024-жылдарга деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн иш-аракеттердин Вена программасынын жогорку деңгээлдеги Евразиялык аймактык серепине катышууда.

Бул иш-чара 2024-жылы Руанданын Кигали шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр (РСНВМ) боюнча үчүнчү конференциясына даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.

Регионалдык серепти өткөрүүнүн негизги максаты – ВИП ны ишке ашырууда жетишилген прогрессти карап чыгуу, жетишкендиктерди, чектөөлөрдү, жаңы жана пайда болуп жаткан чакырыктарды жана деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо.

Конференция ошондой эле деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өзгөчө муктаждыктарын чечүү жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан жана транзиттик өлкөлөр менен алардын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн жаңыртылган эл аралык колдоо алкагын иштеп чыгат жана кабыл алат.

Кыргыз Республикасында 2015-жылдан бери Вена иш-аракеттеринин программасы ишке ашырылып келет, аткарылышына мониторинг Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

Деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн 2014-2024-жылдардагы Вена аракет программасы (ВИП) алты артыкчылыктуу багыттар боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жүргүзүү аркылуу деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр туш болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн комплекстүү өнүгүү планы болуп саналат: транзиттик жүк ташуу; инфраструктураны өнүктүрүү жана эксплуатациялоо; эл аралык соода жана сооданы жеңилдетүү; аймактык интеграция жана кызматташтык; структуралык экономикалык кайра куруулар; ишке ашыруу каражаттары болуп эсептелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу