Кыргыз Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамынын долбооруна ЖСТТ иштеп чыгуу жөнүндө КАБАРЛОО

Объявления
25-Июль 2023-ж.
625

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.


1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Монополияга каршы жөнгө салуу атаандаштыкты коргоонун маанилүү куралы болуп саналат, ал атаандаштыкты чектөө коркунучуна түздөн-түз жана ыкчам таасир этүүнү камсыз кылат, ошондой эле алардын пайда болушун эскертет.

Ошону менен бирге экономиканын белгилүү бир тармактарында атаандаштыкты коргоо функциясын аткарууга терс таасирин тийгизген факторлор бар. Бул факторлор негизинен ата мекендик ишкерлерди коргоого багытталган тиешелүү ыйгарым укуктардын жоктугуна тиешелүү, муну менен рыноктун бардык катышуучулары үчүн ак ниет атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүнү камсыз кылат. Мындан тышкары, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен товардык рыноктун чек аралары кеңейип, географиялык чек аралар бүдөмүк болууда. Рыноктордо Интернет тармагында сатуучулар менен сатып алуучулардын бүтүмдөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу санариптик платформалары (электрондук соода аянтчасынын операторлору, маркетплейстери) бар субъекттер пайда болууда.

Дүйнөлүк рынокто интеграциялык процесстер күчөгөн шартта "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу процессинде мыйзамды толук өлчөмдө натыйжалуу пайдаланууга жана товардык рыноктордо атаандаштыкты өнүктүрүүнү көмөктөшүүгө мүмкүндүк бербеген бир катар көйгөйлөр аныкталды, алар:

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жетишилген атаандаштыкка каршы макулдашууларды жөнгө салуунун жоктугу; 

- монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыздоо системасынын жоктугу (монополияга каршы комплаенс), башкача айтканда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышы жана чарбакер субъекттер тарабынан анын бузулушунун алдын алуу;

- этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндөгү тармактык мыйзамдар менен атаандаштык мыйзамдарынын карама-каршылыгынын болушу.

Мындан тышкары, атаандаштык саясаты жаатында экономикалык мамилелерди укуктук жөнгө салууну Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 24-жылдын 2013-октябрындагы чечими менен бекитилген "Атаандаштык жөнүндө" моделдик Мыйзамга жакындатуу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык келтирүү талап кылынат.


2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:

Сунушталган ченемдик укуктук актынын кабыл алынышын мамлекеттик жөнгө салуунун максаты:

- эл аралык укуктун ченемдерине ылайык келтирүү;

- атаандаштык саясаты жаатында экономикалык мамилелерди конкреттештирүү;

- ата мекендик өндүрүүчүлөрдү үчүнчү өлкөлөрдүн чарбакер субъекттеринин атаандаштыкка каршы аракеттеринен коргоо.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү);

Сунушталган жөнгө салуунун артыкчылыктары:

- монополияга каршы мыйзамдардын же монополияга каршы комплаенстин талаптарына шайкештикти ички камсыздоо системасын киргизүү жолу менен чарбакер субъекттер жана мамлекеттик органдар тарабынан монополияга каршы мыйзамдарды бузуулардын санын кыскартуу;

 - товардык рыноктордо атаандаштыкка каршы аракеттердин жоктугунун эсебинен товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) экономикалык жактан жеткиликтүү баалар жана алардын туруктуулугу;

- катталган жерине карабастан менчиктин ар кандай формасындагы жана иш чөйрөсүндөгү чарбакер субъекттер үчүн бирдиктүү мамилени камсыз кылуу.


4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү өлкөлөрдүн чарбакер субъекттеринин атаандаштыкка каршы аракеттерин табуудагы жана жоюудагы проблемалар.


5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

Республиканын аймагында катталган рыноктун бардык субъекттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды саткан үчүнчү өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттери.


6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Мыйзам долбоорун кабыл алуу потенциалдуу даректерге кошумча чыгымдарды алып келбейт. Пайдасы-ак ниеттүү атаандаштык чөйрөсү, ал өндүрүштү өркүндөтүүгө, өндүрүш чыгымдарын оптималдаштырууга, ассортиментти кеңейтүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарууга өбөлгө түзөт.


7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. Бирок, өндүрүштү жакшыртуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу аркылуу, ишканалар кошумча киреше алууга болот, демек, ал мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу мүмкүн.


Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:

- аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.


Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

J.kojosheva@mail.ru

- почта дареги 

720002, Бишкек ш., Чуй проспект, 106,

Монополияга каршы саясат, атаандашдыкты өнүктүүрү жана бааларды түзүү башкармалыгы

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

2023-жылдын 1-август

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2023-жылдын 2-август



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу